Нурмухаммед Сариев: “Сүрөт тарта албай, ыйлаган учурларым болду”
25.10.2019Толук аты-жөнү – Сариев Нурмухаммед;
Туулган күнү – 28.02.1997-жыл;
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району;
Билими – Орто;
Кесиби – Фотограф;
Үй-бүлөдө — 4 бир туугандын улуусу;
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок;
Урааны – «Дайыма алга!”
Ааламдын катылган кереметтерин көзү менен таасын көрүп, аны жеткире чагылдырып бере алган сүрөтчүлөр өтө аз. Заманга ылайык, “фотограф” деген кесип да эң мыкты кесиптердин катарын толуктай алды десек жаңылышпайбыз. Мына ушул адистикти аркалап, келечекке арыш алган фотограф жигит Нурмухаммед Сариев менен кенен маектештик.
— Нурмухаммед, а дегенде эле өзүңүз туурасында айта кетсеңиз?
— Кичи мекеним Совет айылында жайгашкан Капарбек атындагы12-орто мектебинде билим алдым. Чоң энемдин колунда өстүм. Ал бала кезимен татыктуу тарбия берип, ак-караны таанытты. Атам Сариев Айбек. Убагында милиция кызматкери болуп эмгектенген. Учурда жеке ишкер. Апам Алимкулова Рахатай, үй кожойкеси. 4 баланы тарбиялап, өстүрүштү.
Бала чагымдан бери көңүлүмдү дегдеткен аруу кыялыма бүгүн жетип, убакыт өткөн сайын ага жараша тажрыйба топтоп, өнөрүмдү өркүндөтүп келе жатам. Алгачкы жолу айылда 9-класста окуп жүргөн чагымда Алтын Сариев деген байкем чакан студия ачып берип, ошол жакта иштеп калдым. Анда кичинекей фотоаппарат менен паспортго сүрөт тарта тургам. Жаштын тилегин берет экен. Кийинчерээк ал чоң фотоаппарат алып берди. Андагы кубанычтан жаралган сезимдеримди азыр сөз менен айтып жеткизе албайм. Аны менен сүрөткө тартып, бирок жараткан эмгектерим ойдогудай чыкпай “Мен сүрөт тарта албаймбы?” деп ыйлаган күндөрүм болду. Уядагы балапан бара-бара куш болот экен. Башта айтып кеткенимдей сүрөткө тартуунун сырларын изилдеп таап, өз алдымча үйрөнүп кете алдым.
— Ошол тапта эле ушул өнөрдү аркалай баштаган экенсиз да?
— Туура айтасыз, келечекке койгон чоң максаттарым четинен ишке ашып келе жатат. Кудай буйруса, баарына жетишебиз. Айта кетсем, 11-классты бүткөн соң, борбор калаага келип, Rezonans студиясында иштеп калдым. Мына, чыныгы фотографтык өнөр ушул жерден башталды. Алтын Сариев байкем да кеңештерин көп айтып, жардам берди. Анын артынан көп ийгиликтерге жеттим. Учурдан пайдаланып, ыраазычылык билдирип өтөм.
— Көбүнчө сүрөткө эмнени тартаарыңыз кызык болуп турат?
— Моделдик агенттер менен иштешем. Андыктан, көбүнчө сүрөткө моделдерди тартам десем жаңылышпайм. Мындан тышкары тойлорго, Love Story жана ар түркүн себептер менен кайрылган кардарлар менен иштешем.
— Ишиңизде кыйынчылыктар болбой койбосо керек менимче?
— Ар бир иштин өзүнө жараша азап-тозогу, болот. Бири кылып жаткан жумушунан тажаса, бири андан ырахат алат. Мен бул кесиптен ырахат алып жашайм. Ар бир кылган кичинекей эмгегиме баа берип, ага кубанам же “мындан да жакшы болушу” керек деп, анын үстүнөн кайра иштейм. Ошондуктан, андай кыйынчылыктар сезилбей деле калат.
— Сүрөткө түшүүдө моделдер менен башкалардын айырмачылыгы болсо керек?
— Албетте, айырмачылык болбой койбойт. Моделдик агентте кантип түшүштү толугу менен үйрөтөт. А башка адамдарга биз үйрөтөбүз. Кандай богон күндө да, ар бир ишти жогорку деңгээде өтөөсүнө чыгарууга жан үйрөйм.
— Ал саамда эмнени туюп турасыз?
— Эмнени тартып жатсаң, аны жакындан таанып, түшүнүшүң керек. Мына ошондо кайталангыс эмгектер жаралат. Сүрөткө тартып жатканымда сезимдер башкача болот. Каарманымдын кандай абалда, кандай кыймыл аракетте, кантип түшсө сүрөт жакшы чыгаарын туюп турам.
— Мунун да маданияты, эрежеси болобу?
— Ар бир нерсенин чеги болгондой эле, сүрөткө түшүүнүн, сүрөткө тартуунун да чеги болоорун эстен чыгарбашыбыз керек. Кандай сүрөткө, кандай жерде түшүп жатасың, ошого жараша маданияты да, эрежеси да болот.
— Ишиңизге ийгилик! Дагы далай эмгектерди жарата бериңиз!
Маектешкен Нурила Жунушалиева
Булак: Bulut.kg