Кандай гүлдөр аба тазалайт?

Кандай гүлдөр аба тазалайт?

23.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Аба тазалаган бөлмө гүлдөрү
1980-жылдардын аягында америкалык окумуштуу-изилдөөчүлөр аба тазалоочу ыкмаларды изилдеп жатып, карападагы бөлмө гүлдөрү канча бир каражатка салыштырмалуу жогору турарын жарыялашкан. Андай болсо гүл өстүрүп, таза аба менен дем алуунун жолун үйрөнөлү!

Ашкана.

Азалия бир гана көз жоосун алган көркү менен суктандырбастан аба тазалап пайдалуу – ДСПдан жасалган эмеректин, тазалоочу-жуучу каражаттардын жытын өзүнө сиңирип алат деп жазылган.

Балдар бөлмөсү.

Бул бөлмөгө гербера гүлүн өстүрсө болот, анткени ал пластмассадан, синтетикалык буладан, резина жана башка химиялык өндүрүштүн туундуларынан бөлүнүп чыккан бензолду сиңирип алат экен.

Конок бөлмө.

Фикус бенджаминди компьютер жана дагы башка оргтехниканын жанына жакын коюңуз. Зыяндуу нурларды сиңирип, абаны нымдаштырып турат.

Уктоочу бөлмө.

6000 жыл мурда эле байыркылар алоэнин сырын билишкен да “өлбөстүктүн гүлү” деп баалашкан. Чындыгында эле медицина өнүккөн бүгүнкү заманда да алоэ миң ооруга даба боло турган касиетин жоготкон жок. Мындан сырткары ал абаны формальдегид менен бензолдон тазалап, түн ичинде көмүр кычкыл газын сиңирип алып, кычкылтек бөлүп чыгарат.

Жумушчу бөлмө.

Белгилүү болгондой электромагниттүү нурлануудан тазалануу үчүн кактус гүлү кызмат кылат. Ал дайыма компьютердин жанында өстүрүлүүгө тийиш.

Кийим илинген жай.

Хлорофитум анчалык кам көрүүнү талап кылбайт, күн тийбеген көлөкө, муздак жерде, суу куйбай унутуп калган шартта да өсүүгө жөндөмдүү. Эгер бул гүлдү кийим, өзгөчө сырт кийим илинген жайда өстүрсөңүз, булгаарынын, сырдын, обоиге сиңбей калган жыттарды, полиграфиялык продукциялардын жагымсыз жытын өзүнө сиңирип алып, абаны тазалайт.

Чеберканада

Чеберканада “золотой лотос” өстүрүлөт. Көмүртектин, бензолдун, толуолдун кычкылданган жытын өзүнө сиңирип алып, адамдын дем алуусуна абаны тазалап турат.

Герань инфекциядан, бактериядан абаны тазалайт, герань өскөн үйгө күбө жолобойт. Гүлдөгү эфир майы жыпар жыт бөлүп гана чыгарбастан уйкунун бекем болушуна таасир этет, чыңалган нервди жазат, тынчтандырат.

Сания Уланбекова

Булак: Bulut.kg