Абдан эмоцианалдуумун. Оорулуу эмесминби?
15.10.2019— Саламатсыздарбы окурмандар? Ысымым Чолпон. Чопа деп эркелетип койсоңуздар болот. Бишкектен болом, 23 жаштамын.
Менин жазган бул катыма күлбөңүздөр ээ?!! Сураныч, жөн гана түшүнүп, кеңешиңиздерди бериңиздер. Тамаша ирээтинде жооп берсеңиздер деле түшүнөм…
Эми мындай… Мен жашоодо дайыма ачык айрым, өтө шайыр кызмын. өзгөчө ырдаганды жакшы көрөм. Ыхы-хы, үнүм укмуш деле эмес, бир эргүү алып алсам кечке ырдап жүрө берем. Албетте, жалгыз жүргөн учурумда эле. Ырдаганым го жакшы, бирок, өзүмө жакпаган бир жери бар да. Качан ырдап баштаганымда эле көзүмөн жаш айланып, шолоктогон тамчы жаштар ылдыйды көздөй чууруп куюла баштайт. Мейли шаңдуубу же кайгылуубу айырмасы жок. Анысы аз келгенсип коноктон бирөө жарым созолонто укмуш ырдап койсо эле адатымчамуун-жүнүм бошоп, арак ичкен немедей кызарып-татарып ыйлап баштайм.шумдугуң кургур. Ошол себептен такыр концерт аттууга кирбейм. Той-топурда өзүм ырдабасам да бирөө жакшы ырдап жатса, ырдап жаткан киши көп кишинин айынан чала бучук көрүнүп жатса, аны жанталашып карап ыйлап баштайм же элден уялганымдан жер карайм, а болбосо узун көйнөгүмдүн этегин өөдө көтөрө сыртка чуркап жөнөйм. Качан гана ал ырдап бүткөндө кайра кирем. Той болуп жатса жамандык болуп жаткансып көл-шал болуп ыйлагандан уялам. Кыясы менде көз жаш деген Ысык-Көлдүн суусунан көп окшойт. Ыйлайт десе эреркеп өпкө-өпкөсүнө тийбей ыйлаган жаш баладай элестетип албаңыздар анан. Ооба, бакырып-өкүрүп, үнүмдү чыгарып ыйлабайм. Көзүмөн жаш мөлт-мөлт агып тамчылай берет. Үнсүз, дабышсыз ыйлайм… Жандуу үнгө ушундай реакция берем. Ал эми теле-радиодон, телефондон уксам эч нерсе болбойм. Айткылачы, бул эмнеси? Мага окшогон ушундай жандар барбы араңарда? Бар болсо, кантебиз эми? Ыя? Чынында ыйлагандан чарчадым. Кубатым түгөнүп калат андайда. Сыртыман караган кишиге келесоодой эле көрүнсөм керек. Элестетсеңиздер эми ошондой кебетемди… анысы аз келгенсип кайра-кайра күчөп, ал ансайын ырдагым келгенин кантейин. Туура түшүнңнүдөр, муну ойдон чыгарып айткан жокмун. Бул эмнедеген шумдук ыя? Мен оорулу эмесминби?