«Bulut.kg» жана «Кеңеш kg» журналынын салтанаты өттү

«Bulut.kg» жана «Кеңеш kg» журналынын салтанаты өттү

21.12.2019 Выкл. Автор bulut.kg

«Bulut.kg» агенттиги менен «Кеңеш kg» көп тармактуу журналы биргелешип, алгачкы жолу 2019-жылдын мыктыларын 21-декабрь күнү чоң салтанаттын алкагында аныктады.

Аталган салтанатка Жогорку кеңештин депутаттары, министрлери баш болуп, заманыбыздын залкар инсандары, кыргыздын чыгаандары катышты.

Белгилүү актёр, тамада, алып баруучу Камчы Сарыбаев алып баруучулук милдетти аткарып, Айчүрөк Иманалиева, Асель Турдалиева, Гүлнара Кахарова, Айпери Кубик кызы, Айбек Касымов, Кайрат Салмакеев, Индира Кабылбаева, Арслан Садыбакасов, «Мезгил» тобу, «Квартет» тобу баштаган ушул жана башка бир топ эстрада жылдыздарынын коштоосунда болуп өттү.

Ошондой эле фокусник Жоодарбешим Анарбек уулу келген конокторго фокус көрсөтүп, ооздорун ачырса, ырчылар жандуу үн менен обонго сугарышты.

Келген коноктор жайылган ак дасторконго бата берип, алган сыйлыктарына ыраазычылыктарын билдирип кайтышты. Эми бул салтанат салтка айланып, ар жылы өткөрүлмөкчү. Сиз дагы кайсы кесиптин ээси болбоңуз, босогодо турган 2020-жылы талбай эмгектениңиз, сиздин да эмгек бааланат.