Айбек Нур: Көңүлдүн көк тамыры көп ооручу болду

Жазуучу, акын, журналист Айбек Нур өзүнүн инстаграм баракчасына ой толгоосун жазып чыкты. Анда көңүлү чөгүп жүргөнүн жазат. Эмне себептен экенин билгиңиз келсе, өзгөртүүсүз беребиз:

Соңку учурда көңүлдүн көк тамыры көп ооручу болду😔. Он найзамдын бирөөсү уча элек боз улан болсом да, өзүмдү көп жашап, көптү көрүп койгон чоң кишидей эле сезем😊.
Ырас, жаштыктын өзү бакыт эмей эмне. Кудай оюма койсо, өмүрүм өткөнчө солкулдап, ушул турган турпатымда калмак элем аттиң… Убакыт өтүп, мезгил саатынын жебеси жылган сайын карылыкка, ажалга жакындап кете берет турбайбызбы.
Балалык доордун дарбазасын бекем жаап, чоң адамдар жашаган доорго небак келгем. Балалыктан кетүү деген «Эми сен сүт оозунан кете элек жеткинчек эмессиң, чоң адамсың» дегендик. Оо, айтасың да, турмуштун жолу дал ушул жерден башталат. Ал жол асфальтталмак турсун, шагыл төгүлгөн эмес… таштак, даңгыр жол. Кара тикенек өскөн ошол жолго жылаңайлак түшөсүң. Жолдон көп нерсе кезигет. Бири гүлдөй көңүлүңдү соолутат, бири ага жан берет, жарык чачат. Ал нерселерди өзүбүз тандайбыз… Тандообузга сүйүнөбүз же күйүгөбүз… Барктап алабыз же кадырын сезбейбиз… Мына ушундай🚶
Чынында башта айткандай, адамдардын жасалмалуулугу, миң жүздүүлүгү, өзүнүн жашоосун түптөп, ирээтке келтире албай жатып, өзгөлөрдүн жеке жашоосуна мурдун тыгып, колун матыра бергендиги, тилинин ачуусу көөнүмдү оорутуп жүрөт😔. Мен буларды «китайский сапат» деп коём.
Тулку боюңдан да көкүрөк көөдөнүң ириңдеп, көңүлүңдөн каңырсыган жыт чыгып, ооруганы жаман экен😢. Ошол кургур көңүл ооруганча, денеңдин бир жери ооруса жеңил болмоктур.
Негизи көп нерсени көңүлгө оңой менен жакын кабыл ала бербейм. Ага кошумча бетке айтма жайым бар. Жаман көрөбү же жакшы көрөбү ишим да жок. Как есть айтам… Кээде тамашага салып, сөз менен сыйпап билдирем. Чын эй, ушул сапатымдын кедергиси көп тийет, көп киши мени өлө жаман көрөт 😂. Анткен менен жакшы көргөндөрү деле бар дечи😘. Мага айтышса туура эле кабыл алам. Ушул сапаттарым өзүмө өтө жагат. Ии аны айтасың, дагы деле бала мүнөзгө ээ экенмин😛. Кээде муну ойлоп, өзүмөн уяла түшөм😁🙈. Иттей ишенчээкмин, 8 секундда алдап кетсеңер болот.
Ооба, жогоруда айткан «китайский сапаттарды» өчүргөнгө өчүргүч издеп жүрөм. Кимде бар ☺️? Кайда сатат? Ким билет ыя🙄?…

Кошумчалай кетсек, Айбек Нур «Кан коё бербейт» аттуу туңгуч китебин жакында эле жарыкка чыгарып, коомчулукка таанылып келе жаткан чагы. Аты аталган китеп окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланууда. Бул китептин артынан ал «Кыргызымдын мыкты жигити» төш белгиси менен сыйланган.

Буга чейин автор өзү Bulut.kg сайтына экинчи басылышы болоорун, китептин саналуу гана бөлүгү калгандыгын билдирген.

Айбек Нур 1997-жылы 14-июлда Кочкор районунун Шамшы айылында туулган. 2014-жылдан бери журналистика тармагында эмгектенип келет. Ошол жылдардан тарта бир топ гезит-журналдарда, маалыматтык сайттарда жооптуу редактор, андан соң башкы редактор болууга жетишти.