Ойношум, жездем экен…
29.07.2019Шаарда тигүү цехтеринин биринде иштейм. Бул жерде иштегениме жарым жылга чукулдап калды. Эркектердин кийимдерин тигебиз. Башынан шан шөөкөттү анча жактыра бербегеним үчүн, көпчүлүккө көп аралашпайм деле. Өзүм менен өзүм болуп жүрө берем. Жанымда жакын олтурган Айгүл менен эле анча-мынча эле кобурашканым болбосо, көпчүлүк учурда кулагыма наушник салып алып, астымдагы ишимди жасайм.
Акыркы учурларда негедир Айгүлдүн кабагы ачылбайт. Астыртан көз салам. Бир күнү Айгүл менен дүкөнгө чогуу барып калдык. Неге акыркы күндөрү маанайың чөгүңкү деген суроо узаттым.
- Айбарчын, жашоом тозокко айланды деди Айгүл.
- Эмнеге, тозокко айланат? Таңыркай сурадым.
- Менин жолдошум жок экенин билесиң да?..
- Ооба, билем каза болуп калган дегенсиң го.
- Каза болгон эмес, ажырашып кеткенбиз. Мен ишенкиребей карадым.
- Жолдошум аябагандай ичкич эле. Айгүл сөзүн улады: Жок жерден кызганып, мени топтой тепкилеп сабай берчү. Канча жолу башымды жарып, колу-бутумду сындырып, денеме тамекини күйгүзүп басты. Соолуканда кечирим сурап, бутума чөгөлөчүү. Барына чыдап кечирип жашап келдим. Акыркы учурларда бычак такай берген адат тапканда, тажап ажырашып кеттим.
- Жолдошуң кайсыл жерде иштечүү эле? суроо узаттым.
- Эч жерде иштебей, үйдө олтурар эле.
- Кызык, иштебесе аракка акчаны кайдан тапчуу эле. Таңыркаганымды жашыра албадым.
- Ээ Айбарчын, кызык сүйлөйт экенсиң да. Арак ичкен адам деле наркоман сыяктуу болуп калат экен. Керек болсо жүз грамм арак үчүн энесин да сатып жибергенден кайра тартпайт эле го чиркин. Колунан бардык жумушту жасоо келет. Бир гана тапкан акчасын аракка жумшаган үчүн, алкаш атыккан да. Болбосо го…Айгүл сөзүнүн аягын туюук бүтүрдү.
Дүкөндөн кайтып, келгенден кийин түшкү чайды бирге ичтик. Айгүл үйдө жалгызмын, кечинде келсең кенен кесир сүйлөшөлүү деген оюн айтты.
- Макул кечинде барайын.
Кайрадан машинкаларыбызга олтуруп, жумуш менен алаксып кеттик. Күүгүм талаш Айгүлдүн батирин көздөй келе жаттым. Маршуруттук таксиден түшкөндөн кийин, дүкөнгө кайрылып, вино шокалад сатып алдым да, жашаган жеринин дареги боюнча жол уладым. Даректи бат эле таап алдым. Эшикти черткилегенимде. Айгүл ачты. Орус кемпирдин бир бөлмө үйүндө турат экен. Айгүл жашаган бир бөлмө батирдин айланасында тим эле кооз, гүлдөрдүн түрү кулпуруп ачылып турат. Бөлмөсүнүн ичтеринде да идиштерде кооз гүлдөр отургузулуптур. Суктандым, таза тыкан экен. Чай ичкен столго тасмал жайып коюптур.
Бат эле күрүчтөрү жөрмөлөгөн плов жасап келе койду. Стол четинде экөөбүз, винодон уртап коюп, маектешип олтурдук.
- Эмнеге жашооң тозокко айланды? Суроо жылдырдым.
- Жолдошум менен ажырашкандан кийин. Эркек затынан көңүлүм үч көчкөн журттай калып, бир жылдай эчким менен мамиле курбадым. Эркектер сөз сүйлөсө эле жинимдин келгенин айтпа. Жумуш менен эле алаксып жүрө бербей ылайык-кабыл бирөө табылса турмушка чыгып алсаңчы деп, эжем жанымды койбойт.
- Эркек эле Эркин болсо(жолдошумдун аты Эркин эле) турмушка чыкпай эле койдум деген болом. Ошентип, жүргөн күндөрүмдүн биринде, алгачкы кар жааган эле. Жумуштан чарчап баратсам, бир машине токтоп, жол сурап калды.
- Мүмкүн болсо, ошол даректи табышып койсоңуз, кайра үйүңүзгө жеткирип коймокмун деген айдоочунун суранычын четке кага албай, машиненин ичине кирдим.
- Айылдан келдик эле. Жолдо айдоочу жобурап келе жатты. Жүргүнчүлөрдүн барын даректерине жеткирдим. Ушул сулуу кыздын дарегин таппай убара болуп жүрөм да. Артыма бурулуп карасам, сулуу кыз олтуруптур. Дарек боюнча жеткенибизде. Мен жашаган батирге жакын экен. Айдоочу кыйылып, бир жерден чай ичсек кантет деди.
- Чайга, рахмат. Башка учурда-дедим.
- Жок дегенде, телефон номериңди берип кетсең боло.
- Макул деп, телефон номеримди калтырып, коштошуп узап кеттим.
Бир күнү жумуштан келе жатсам, чоочун номерден чакырык келди.
- Алоо дедим.
- Саламатсызбы, Мага Айгүл керек эле деген добуш угулду.
- Мен, угуп жатам сураган ким?
- Мен, Шамилмин.
- Тааныбайт экенмин. Таанысам деле калп эле ошенттим.
- Айдоочу шашкалактап, мен баягы күнкү жол сураганчы… сөзүнүн аягын бүтүрө албай убара.
- Аа, таныдым.
- Таанысаң жакшы, бир жерден тамактансак кантет. Маанайым чөгүп турган эле. Эмне болсо деле, алаксыйын деген ой менен макул болдум.
Бир кафе барда тамактанып олтурдук. Аябай шайыр адам экен. Бат эле тил табышып кеттик. Мага винодон ичирди. Бир топ кызып калдым окшойт, күлкүм чыга баштады.
Кафеден түн бир оокумда чыктык. Мен Шамилдин кучагында баратам. Машиненин эшигин ачып, мени олтургузду. Өзү айдап баратып, жол жээгине токтоп, мени аймалап, өөп кирди. Каршылык көрсөтмөк тургай кайра, колумду моюнуна орой калдым.
-Жаным, бир жерге барып эс алсак кантет.
— Макул дедим аптыга.
Бат эле, мейманканалардын биринен орун алдык. Ал түнү экөөбүз бир бүтүнгө айландык. Ошол күндөн баштап, бат-баттан жолукчуу адат таптык. Шамил үй-бүлөлүү эле да. Бирок мага келгенин токтото албады. Мен деле келбе деп айткан жокмун. Мен Шамилден төрөп алууну чечтим. Башында кой деп жүргөн эле бирок, акыры макул болду. Экөөбүз менен тең жашай турганын билдирди. Мен, кубанып жаттым. Айылга барып, апама угузуу үчүн шашылыш бардым. Мени жакшы маанайда тосуп алган апам, тойго бара жатам деди.
- Жүрү бир бөлөм, уулуна сүннөт той берип жатыптыр. Тайэжем каза болгондон бери катышпай калдык эле. Катышалы деп, чакырыптыр. Жүрсөң, тааныштырайын дегенинен, апамды ээрчип алдым.
Той болгон үйгө жакындай берип, Шамилдин машинесин көрүп, жүрөгүм болк этти. Дарбазага жакындаганыбызда той ээлери тосуп чыкты. Апам бапылдап, биринчи учурашты. Мага кезек берип, тааныш деди. Жездем дегеним, Шамил эле. Эмне кылаар айламды таппай алактай түштүм. Үйүнө кирдик. Акыркы үлгүдө жакшы жасалыптыр. Бары Шамилди табышкер, аялга карамдуу деп мактап жатышты. Менин болсо өзөгүм өрттөнүп, жүлүнүм сыздап турду. Башым ооруп атканын шылтоолоп чүмкөнүп жатып алдым. Чүмкөнүп алып ыйлап жаттым. Зорго тапкан бакытымды жоготконума ыйладым.
Эртеси күнү, Шамил шаарга барат экен. Ала кетет деп, апам кошуп берди. Салондо ыр жаңырат. Мен болсо, ыйлап келе жатам.
Бир кезде Шамил,
- Мени кечир!
- Кайсы күнөөң үчүн, ый аралаш сурадым…
- Бактылуу кыла албадым…
- Сенин бактың, эжем…
Андан бери ай айланды. Телефондон сүйлөшүп турабыз. Бирок, жолугалы деген сунушту эч кимибиз айта албай келебиз. Айгүл ыйлап жатты. Мен болсо… Кой баары жакшы болот досум дегенден башка жубатарга сөз таппай олтурдум.
Айбарчын Бишкек шаары
Булак:Bulut.kg