Биз революциянын, бийликти алмаштыруунун лимитин түгөтүп алдык. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкерлиги сунушталган Акылбек Жапаров парламентте баяндама жасап жатып айтты.

«Бийлик күтүүсүздөн идеалдуу болуп калбайт. Негизи табиятынан идеалдуу бийлик болбойт, болгон дагы эмес. Бирок бизде эмне болду? Баарыбыз саясатташып кеттик. Ал эми бизди курчап турган аалам кескин өзгөрдү. Бул дүйнөдөгү чоң оюнчулардын карама-каршылыктары, пандемия жана андан келип чыккан кыйынчылыктар, афган очогу түштүктөгү чек арага жакын болушу ойлондурбай койбойт. Демек, качууга мүмкүн болбогон талаш-тартыштар айланабыздагы жашоо 30 жыл мурункуга караганда өтө кооптуу болуп калганын белгилейт», — деди Жапаров.

Муну менен катар ал мындай шартта күнүмдүк тиричиликтен чыгып, башты өйдө көтөрүүдөн башка айла жок экендигин белгиледи. Ошондой эле өлкөдөгү кырдаалды жана дүйнөнү комплекстүү, максималдуу түрдө объективдүү кароону үйрөнүүгө чакырды.