Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жана КР президентинин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалгандыгы тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин президент Садыр Жапаров мурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлигин министрлер кабинетинин жетекчилигине сунуштаганын билдирген.

Конституциянын 71-беренеси министрлер кабинетинин төрагасынын президенттик администрациянын жетекчисинин милдетин аткаруусуна жол берет.