Кыргыз элинин жаңы чыгып келе жаткан жаш таланттарынын бири, фокусник Жоодарбешим Анарбек уулу менен маектештик. Эмесе, кызыктуу маекке көңүлүңүздөрдү буралык.

— Жоодарбешим, фокус өнөрүн кантип аркалап калдыңыз?

— 2015-жылы Нур-Султан калаасында окуп жүргөн кезде фокусга кызыгуум арта баштады. Адаттагыдай үй-бүлөбүз менен кечки тамакта олтурган чагыбызда сыналгыдан фокусниктерди көрсөтүп калды. Сыналгы бүткөн соң, эргүү келип кетип бир билген фокусумду үйдөгүлөргө көрсөтсөм, «талантың бар турбайбы» деп таң калышты. “Мен дагы таң калтыра алат турбаймбы” деп ошондон кийин иш жүзүндө практика кылып, барган сайын өздөштүрүп кеттим.

— “Фокус” сиз үчүн эмне?

— Элдер фокусту “көз боёмчулук” деп айтып коюшат. Ал эми мен үчүн фокус – адамдарга эмоция тартуулоо.

— Үй-бүлөңүздө да таланттуулар барбы?

— Негизи үй-бүлөбүз менен чыгармачылыкка жакынбыз. Атам аккардеондо, комузда кол ойнотуп, обон созуп калат. Алма сабагынан алыс түшпөйт дегендей, атамдын өнөрүн улап ырчылыкты да, фокусту да бирдей алып келе жатам.

— Эстрада жылдызы болуп кетишиңиз да мүмкүн экен да?

— Белгилүү эстрада жылдызы болуу кыялдарымдын бири. Бирок соңку учурда ырчылар козу карындай жайнап, көбөйүп кеткендигине байланыштуу фокусга көбүрөөк ыктап калдым.

— Фокус демекчи, муну каалаган адам жөндөп кете алабы?

— Ооба, мүмкүн болбогон эч нерсе жок. Баардык эле адам аракет кылса үйрөнүп кете алат. Бирок ал үчүн биринчиден кызыгуу, каалоо талап кылынат. Досторум үйрөтчү деп суранып калышат, тилекке каршы кызыгуулары катуу болбогондуктан үйрөнө алышпайт. Анын үстүнө буга шык дагы керек.

— Мындан тыкары бош убактыңызда эмне менен алексиз?

— Футбол, баскетбол, волейбол, шахмат аттуу сыяктуу спорт түрлөрү менен машыгам. Мындан тышкары фортепианодо кол ойнотуп ырдайм.

— Үй-бүлөңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз…

— Ата-энем Нур-Султан шаарында жашап, эмгектенишет. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусумун.

— Таланты ташкындаган сулуу чунак жигиттин жүрөгүн ээлегиси келген кыздар көп болсо керек. Жүрөгүңүздүн ээси барбы?

— Азырынча жүрөгүм бош (күлүп).

— Качан үй-бүлө очогун тутантайын деп жатасыз?

— Кудай буйруса, жакынкы эки-үч жылда үй-бүлө күтөм деген пландарым бар.

— Азаматсыз! Кыргыз элинин атагын алыска чыгарган чыгаан уулдардан болуңуз! Ар качан ийгилик коштосун!

Булак: AibekNur.kg