Опера жана балет театрында хордун артисти болуп эмгектенүү менен катар жеке чыгармачылык менен алектенген ырчы айым Гульнара Сыдыкбекова менен болгон кызыктуу маекке назарыңызды буралы, ысыгында окуңуз!

— Гульнара, опера театрында иштеп калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

— Жок, өкүнбөйм. Экономика тармагы меники эмес деп билем. “Театр – исскуствонун храмы” деп бекеринен айтылбаса керек. Мындай ыйык жерде обон созуу мен үчүн сыймык.

Ооба, убагында “Айлыгы аз жумушта иштебей эле койбойсуңбу” деп көп адамдар айтышкан. Албетте, чындыгында акча жашообуздун бир бөлүгү. Бирок акча деп жүрүп, турмушубуздагы маанилүү нерселерди унутуп коёт экенбиз… Бир кезде чыгармачылыкка аралашуу кыялым болсо, азыр бүткүл жашоом. Айта кетсем, операны музыкалык билим алып, баарын талдап, түшүнгөндөн кийин тандадым.

— Ошол кездерде ата-энеңиз да каршы болгонбу?

— Ооба, каршы болушкан. Бирок кийин туура түшүнүү менен кабыл алышты.

— Сахнага чыгуу сиз үчүн коркунучтуубу же барган сайын көнө түшүп, коркуу сезими жоголобу?

— Канчалык тажрыйбалуу болбо, ар бир чыгышыңда толкундоо болбой койбойт. Жоопкерчилик деген — жооптуу нерсе. Андыктан, баардык эмоцияны ичке катып, спектакль учурунда жүрөктөн роль жаратып, ал эми ырдоо учурунда жеткире обон созуп берүүбүз керек. Ошондо гана көрөрманга спектаклдин же ырдын маңызы жетет.

— Сахна артында атаандаштык көп болот дейт…

— «Тиги тигинтиптир, мен минтейин» деген атаандаштык менде жок. Кимдир бирөө ийгилик жаратса ичим тарып, күйбөйт. Жашоодо оор басырыктуу, көтөрүмдүүмүн. Көрө албас эмес, ким бирөөнүн ийгилигине кубанган адаммын.

“Көрө албастык көп болот” десе ишенчү эмесмин. Көп нерсе баштан өткөн соң акырындык менен баарын аңдап билип, түшүнөт экенсиң.

— Ийгилик сыры менен бөлүшпөйсүзбү?

— Аракет кылган адам зор ийгиликке сөзсүз жетет. Олтуруп алып ар кимди сөз кылгандан пайда таппайсың, ага короткон убакытты пайдалуу жакка коротуу керек. Ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөндөр көксөгөнүнө жетээрин баарыбыз эле билебиз. Андыктан, 1 % талант, 99 % аракет!

— Турмушта өкүнгөн учурлар болду беле?

— Баарыбыз эле пендечиликке салып, түз келе жатып жаза басып алган учурлар болот экен. Бул турмушта эң өкүнгөнүм улуу агамдын жарыкчылыктан эрте кеткени болду. Ичке түшкөн күйүт жаман турбайбы. Муңга чөмүлө берип ооруп да калдым. Аркасында бир кыз, эки уулу калды. Эстеген сайын ичим ачышат, андайда ыйлап алам…

— Бейишин берсин! Айткандай эле үй-бүлөңүз туурасында кыскача айтып бербейсизби?

— Үй-бүлөдө беш уул, беш кызбыз. Тилекке каршы, он бир туугандан бир сиңдим менен агам жарыкчылык менен коштошуп кетти. 5-класс кезимде узак оорудан улам атам да өтүп кеткен, быйыл 28 жыл болот.

Атам сөзгө чечен, куудул, ырчы, комузчу эле. Өзгөчө апамды абдан жакшы көрө турган. Энем Нарындын кызы болгондуктан олтура калып, “Нарындан жазган салам кат” деп ага арнап обон созуп калчу. “Анын созгон обонунун учкундары азыр да кулагыма угулуп турат” деп апам кээде айтып калат. Учурда апабыз бактыбызга бар. Өмүр боюу эл агартуу тармагында мугалим болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыкты.

— Күкүлүү окуялар болуп турса керек…

— Абдан көп болот (күлүп). Бир жолу катуу ойго батып келе жаткам. Жол чырак күйүп, кадам шилтей бастым. Бир кезде автоунаанын үнү катуу угулду. Суу сепкендей чочуп кетип, түз келе жаткан жерден бакырып, бутум асмандап кулап түштүм. Анан өзүмө келип, оң жагымды карасам сигнал берген бала рулду кайра-кайра чаап катуу күлүп жатыптыр. Мени көргөн адамдар да жал-жал карап каткырышкан. Бир туруп коркуп калтырап, бир  туруп каткыра күлүп үйгө кандай келгенимди унутуп калгам. Үйдөгүлөргө айтып берсем, кырынан жатып калышканча күлүшкөнү эсимде.

Дагы бир жолу театрдан эстен кетпес бир күлкүлүү окуя болгон (күлүп). “Мышыктын үйү” оюнун коюп жатканбыз, бүтөөрүндө сахнанын артына  кирпичти ташып кирмекпиз. Алты кыз торопой болуп чыккан элек. Алдыда экөөбүз эңкейип алып сүйрөп келе жатсак, Алмаз деген байке экөөбүздүн жамбашыбыздан түртүп келе жатпайбы. Сахнадан кача албай же кой дей албай айлабыз алты айланды. Ошентип, сахнанын артына чейин атайын жамбаштан кармап алып катуу түртүп келген. Аны бул кылыгы үчүн бир урушуп, бир каткырып күлгөнбүз.

Булак: AibekNur.kg