–Батырбек ага, баарыбыз үчүн жагымдуу, айткандан, кеп кылгандан тажабаган ажайып бир учур бар. Ал–балалык кез. Бүгүн өткөөл мезгил сизге кимдерди эстетип, эмнелерди эске салат?

–Балалык дегенде көз алдыңа айылыңдын сүртүмдөрү  тартылып,  күнү бүгүнкүдөй элестер келет. Балалык дегенде ата-энең, досторуң, майрамдагыдай шаңдуу көчөлөр, чайпалык баскан нарктуу байбичелер, нардуу аксакалдар, топ-топ топурап ойногон балдар көз алдыңа тартылса, жаңы бышырылган нандын жыты, жаңы тартылган каймагы, жаңы уюган даамдуу айраны  оозго келет. 

–Сизге өмүр тартуулап, 9 ай курсагында, басканча кучагында, өмүр бою жүрөгүндө көтөргөн апаңыз  тууралуу эмне айталасыз?

–Апам Субанкулова Барниса 1938-жылы 8-мартта  Сузак районунун Ак Тоок айылында төрөлгөн. Атам экөө баш кошуп, 4 уул, 1 кыздуу болушкан. Атам 80 жашында көзү өтүп кетти, апам 84кө чыгат буюрса. Апамдын басып өткөн жолдору тууралуу  айтсам, апам өтө карапайым үйдүн кызы болгон, жакырчылыкта жашашкан. 1970-жылдан баштап  пахта бригадасында алдыңкы теримчилерин катарын толуктап, 1970-жылдан 1975-жылга чейин кыргыз ССРнын Жогорку советинин депутаты болуп шайланып,  элге кызмат кылган. Азыркы убакта  ардактуу эс алууда, ден соолугу жакшы, өтө тартипке так, тазалыкты сүйгөн эне. Үйдөгү кыймыл-аракеттин баарын өзү жасайт. Балдарын, небере-чеберелерин өзү көзөмөлдөйт. Келиндерин жакшы карайт. Энебиздин айтканын эки кылбай, энебиз менен сыймыктанабыз. Туулган күнү да 8-март, жыл сайын кош майрам тособуз, ушул майрам, өзгөчө күн дагы көп жыл кайталанса экен деп Кудайдан тилейм.

–Апаңыз бар, азыр да бала турбайсызбы. Апаңыз эмнеге көп көңүл бурчу?

–Мен апамдын үчүнчү уулумун. Биз кичинекейибизди апабыздын  тартибине  көнүп чоңойдук. Апам тартипти катуу кармап, билимге өзгөчө көңүл бурчу.  Үй-бүлөбүздө бир  кыз болгондуктан ал окууну бүтүп, институтка кеткенде үйдө төрт эркек бала калдык. Төрт баланын ичинен бир гана мен кыздын  жумушун жасап, казан жууп, үй шыпырып, пол аарчып, камыр кылчу элем.  Ушундай тарбияда өскөн үчүнбү тазалыкты жакшы көрөм. Ал кезде көпчүлүгү жамак шым кийишчү эле, мен апама жамак шым жасап бериңиз десем көнбөйт эле. Атайын шымымды кыркып, (Көкүл деген атабыздын эжеси бар эле, аны апа дечүбүз, эжебиз биз менен кошо жашачу) Көкүл апама жаматып кийгеним эсимде.

–Алгачкы ыргыткан ташың алыс түшөт дегендей, ак халат кийип врач болуу балалык кыялыңыз беле?

–  3-класста окуп жатканымда бир жолу 2 алып, 2 саат эшиктин оозунда  туруп алып ыйлаганмын.  Мектепти жакшы баалар менен бүтүп, 1982-жылы Мединститутка тапшырып,  ийгиликтүү  аяктадым.  Белгилүү, күчтүү невропатолог Айти Камбаров деген абабыз бар эле, ушул кишиден таалим-тарбия алып, бала чагымдан невропатолог болом деген ниетим ишке ашты. Институтту бүткөндөн кийин абамдын колунда иштеп, Ошто 2 жыл эмгектенип, азыркы убакка чейин ушул кесип менен эл кызматында иштеп келе жатам. Ошто иштеп жүрүп, 1990-жылдагы коогалаңда ата-энем   Базар-Коргон аймактык ооруканасына ишке киргизебиз деп алып келгенде ишке албай койгон. Невропатолог болом десем орун жок дегенде сыртка чыгып,  30 жылдан кийин ушул жерге башкы врач болуп келбесем деп алдыма милдет, максат койдум эле, ошол  тилегим орундалып, 26 жылдан кийин Базар-Коргон аймактык ооруканасына башкы врач болуп келдим. 1990-жылы жумушка албай койгондо Ноокенге барсам, мени жакшы кабыл алып, барарым менен  орун берип, үйүм жок десем 6 сотых жер бөлүп берген. Ноокендин борборунда 2 кабат үйлөр бар экен, бекер жашаганга ошол үйлөрдөн берди. Ноокен районунун  элине ыраазымын. Ал гана эмес кызын да беришип, насип экен Ноокенге күйө бала болуп калдым. 26 жыл Ноокенде иштеп, жаман болгон жокмун, калк саламаттыгы үчүн кызмат кылып, Терапия бөлүмүнө бөлүм башчы болдум,  элдин батасын, алкышын алдым, кадыр-барк күттүм. 2016-жылы 28-ноябрда минимтрдин буйругунун негизинде Базар-Коргон аймактык ооруканасына башкы врач болуп келдим эле  андан бери төрт жарым жыл өттү. Көз коркок, кол баатыр экен, жаңы кызматка келгенде министр айткандай бул оорукана ыйлагыдай абалда эле. Каралбай калган, дарыгерлердин кадыр-баркы, маданият деген түшүп кеткен экен. Чынында аябай аракет кылып, болгон күчүмдү жумшап, 4 жылдын ичинде жакшы жагына өзгөрүү болду десем жаңылбайм.  Алдыбызда көп иштер турат, буюрса дагы да ийгиликтер жаралат деп ишенем.

Ж. Калдарова