Депутат — авторитет

Депутат — авторитет

11.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Киллердин келиши

Фара дегени эл аралык издөөдө жүргөн эң коркунучтуу кылмышкер, профессионал киллер — Фархад Аббасов. Фархад алгачкы ирет эркинен ажыратылганда он төрт жашта болчу. Ошондон бери өмүрүнүн күлгүн курагы түрмөдө өттү. Ал үчүн эл аралап басуу, эл катары турмуш кечирүү жат көрүнүш. Тубаса таланты – кыл мергендиги. Куралдын бардык түрүн жатка билип, колдоно билүүнүн накта устасы. Өзүнүн “кесибин” кастарлаган инсан. “Адамдар айласы куруганда мага кайрылышат” деп түшүнөт. Ал үчүн адамды атып таштоо болбогон майда нерсе. Эң негизгиси ойдогудай төлөсө болду. Калган ишинен кабатыр кылбайт. Бүгүнкү күнгө чейин бирөө да ага күнөөсүн мойнуна коё алган жок. Сагызгандан сак. Кылмышка шектүү адам катары соттолуп, ал жакта да жолун таап качып чыккан. Түрмөнүн турмушу ага жакын. Түшүнүктүү. Эркиндиктин климатын көтөрө албайт. Эки жылдан бери Россияда жашырынып жүргөн. “Керектүү таштын оордугу жок” дегендей Фаранын качышына шарт түзүп, бүт чыгымын көтөрүп кам көргөн Шам эми сааты чыкканда чакырып жатпайбы.

Шам менен Фара экөөнө гана тааныш батирде жолугушту. Эмнегедир Фархад токтоо тартып, ооруп жүргөндөй сезилди Шамга. Жайыл дасторкондон даам татышып, ал-жайды сурап олтурушту. Бул жашоодо баары телегейи тегиздей кенебей өмүр кечирген Фара бу сапар бир башкача өзгөргөнү байкалды. Шам таң калганын жашырган жок.

— Фара, өмүр, жашоо жөнүндө сүйлөп калыптырсың, көзүң ачылган го, -деди тамашага чала.

— Билесиңби Шам, ушул жакка келатып көп нерсеге башым катты. Баягы качып кеткенден бери өзүм менен өзүм болуп жүрдүм. Мындай карасаң эч кимге керегим жоктой. Жада калса кайсыл жерде туулганымды да унутуп калдым. Эми менин түрмөдөн башка бара турган жерим жок окшойт. А түрмө Шам, мен он төрт жашта түшкөндөй эмес, азыр. Түрмөнүн да кадыры кетти…

— Фара өзүңө келчи. Тим эле керээз айткансып, болбойсуң да. Сен мага окшогон досторуңа керексиң. Экөөбүздүн өмүрүбүз кыл арканга тарткандай оп-окшош. Койчу ишти сүйлөшөлү, — деп Шам эртеден бери даярдап олтурган кагаздарын алып, арасынан Азамат Кеңешовичтин сүрөтүн алдына таштап, — Жолтоо болуп жатат, мага, — деди.

— Тааныш өңдөнөт. Министр беле?… – деди сүрөттү карап.

— Дал өзү. Азыр чириген бай. Просто биздин мыйзамды сыйлабай жүрөт. Жардам берели. Кандай дейсиң?…

— Базар жок. Сенин жакшылыгыңды кантип унутайын… Бирок…

— Беш жүз миң беремин. Мында аванс – жарымы, — деди да алдындагы дипломатты буту менен Фараны көздөй түртүп койду. Шам анын ставкасын жакшы билчү. Фара да сунушка макул болгондой дипломатты колтугуна кыса:

— Ишти эмнеден  баштайбыз? – деп суроолуу тигилди.

— Сага Сапер жардам берет. Бардык айткандарыңды аткарат. Олигархтын үйүнүн, ишинин картасы ошонун колунда. Калганын менден сурабайсың да… Анан Фара этият бол. Эгер жаза тайсаң, сага “вышка” даяр экенин билесиң да. Кийин жардам беришим кыйын болуп калат.

— Рахмат, ачык айтканыңа, сен түрмөдөн качканга жардам бердиң. Эч нерседен өксүбөй жашадым. Ишеничти акташ керек да, Шам. А өлүмдөн коркпоймун. Далайын мерт кылдым. Демек мен да ошого татыктуумун.

— Кесир сүйлөбө, Фара. Мен жөн гана эскертип жатам.

— Жөндүү сөз айттың. “Вышка” бербей кордоп атпайбы көбүн. Азыр түрмөнүн жарымы оорулуу “тубиктер”. Түрмө эмей эле жугуштуу оору таратуучу коркунучтуу жайга айланды. Ошондон көрө атып таштаганы оң. Андай коркунучтуу шартка чыдабаймын. Көргүм келбейт. Түрмөнүн түрмөдөй шааниси болгону эп го… Түрмөнүн кадыры кеткени ошо.

— Эх, Фара, Фара, сен сен эмей эле башкасың. Мамлекеттик маанилүү иштерге баш катырып калыптырсың. Мурда кайда жүрдүң эле?

— Көргөнүмдү  айттым да… Давай, мен Саперго жолугуп, анан жообун айтайын, — деп кетүүгө камынды.

Иш издеген полковник

Полковник Турат Муталибович пенсияга чыккандан кийин бир жума араң үйдө жатты. Өзүнө ылайыктуу жумуш табышкан коллегаларынын сунушунан баш тартып, органдын ишинен алыс болууну эп көрдү. Анын да себеби бар эле. Өндүрүш жаатында болобу, же жана башка тармактардабы иш таап кетүүгө мүмкүнчүлүгү деле жетиштүү болчу. Анын сөзүн жок дебей турган жетекчилер көп эле. Бирок кадырын салып кызмат сурагысы келбеди. Анткен менен каруу күчү толуп, тажрыйбасы артып турган чакта үйдө кол куушуруп олтура берүү ал үчүн жат көрүнүш эле. Жок дегенде убакытты өткөрүүгө эш болоор иш болсо деген ички ыкласы аны жөн отургузбады. Гезиттерди барактап олтуруп, “чакан ишканага юридикалык консультант” керек  деген жарыяны окуп, ошого көзү түштү. Дайын – дареги боюнча телефон чалып, сураган соң, анда конкурстук негизде гана кызматка алынат деген талапты угуп, эмнегедир өзүнүн күчүн сынап көргүсү келди. Жаңы сыноого түшкөндөй аябай кызыкты. Телефон аркылуу конкурска катыша тургандыгын билдирип өзү жөнүндө, билими, иш тажрыйбасы жөнүндө кеңири маалымат берип каттоодон өткөрүп коюуну суранды.

Консультанттарды тандоочу жайдын дарегин полковник жакшы билчү. Анда ири өндүрүштүк база бар эле. Талап кылган чакан ишкана ижарада турат болуш керек деген ойдо жолго чыкты. Тегереги бийик дубал менен тосулган ишкананын кире беришинен эле конкурска талапкерлердин тобун көрүп, көздөй басты. Өзү теңдүү төрт-беш эле адам болбосо, калганы өңчөй жаштар. Көбү кыз-келиндер экен. Чыны бир аз коомайлана, тартына түштү. “Эми бир келген соң, көрөйүн” деди ичинен. Бериде сигарет тартып турган  чакан топко учурашып, ара-чолодо сөзгө аралаша конкурстун башталышын күтүп жатышты. Аңгыча чоң дарбаза тараптан алды артынан эки машина коштогон айнек – терезеси бүт капталган “Джип” кирип келгенде котологон эл жайыла жол бошотушуп, аңкайып карап калышты. Полковник Муталибов жардаган топтон обочо бөлүнгөн калыбынан жазбай күтүп турду. Жанга тынч кызмат болсо деген кыялы дале өчө элек болчу. Кайсыл жерде болбосун саясатты сүйлөп, бийликти сындаган сөздөрдөн жадаган полковниктин топтон оолактаганынын жөнү да ушул эле. Чачын бир аз бубак аралаган Турат Муталибович  эки колун артына алып, улам саатына карап ойго термелди.

Болжогон убакыт келгенде чогулган эл эки кабаттуу имаратты көздөй басышканда, полковник алардын соңунан ээрчиди. Ал каалгага жакындаганда артынан:

— Жолдош, полковник, токтосоңуз, — деген сөздү эшитип, жалт кайрыла артында турган сержантка көзү чалдыкты. Унчукпай суроолуу тигилди Турат Муталибович.- Жолдош полковник, сизди Азамат Кеңешович чакырып жатат, — деп аны менен учурашып жүрүңүз дегендей жол көрсөттү. Полковник Азамат Кеңешовичти өлкөдөгү ири бизнесмен, коомдук ишмер катары билчү. Чыны ал жөнүндө жакшы пикирде эле. Бирок, алар буга чейин кезигишип пикирлешкен эмес болчу. Анан ушул жерден жолугамын деп да ойлогон эмес. Турат Муталибович көздөгөн жагына бурала:

— Мен бул жакка кирип бараттым эле. Тез эле чыгамын, иним. Мени чакырса жок болуп калсам, уят го. “Азыр келет” дечи, -деп, бизнесменге да жок дегенге батынбай, ичкери киргенге ашыкты. Сержант алдын тосуп:

— Жолдош полковник, ушул иштин учугу Азамат Кеңешовичтин колунда турбайбы. Жүрө бербейсизби, эми,- деди колунан тарта. Эми барбай коюга аргасы жок эле. Жанатан бери эски таанышындай “Жолдош полковник” деп ызаат кыла кайрылган бул жигиттин жүзүнөн жакшы жышаанды сезди.

Сержант Турат Муталибовду кабылдамага чейин коштоп барып, жылмая карап чыгып кетти. Баары өз-өз ордунда тыкан коюлган, кенен бөлмөдөгү кооздукка суктана туруп калды. Катчы кыз: “Кириңиз” деп каалганы ачып койду. Тээ төрдө чалкалай олтурган Азамат Кеңешович столго ыктай:

— Келиңиз, Турат Муталибович, — деп колун созуп учурашты. Полковник орун алып жайланышып олтурганча:

— Деги тынччылыкпы, биз тарапка келип калыптырсыз. Жана кирип келе жатып машинадан сизди көрүп, “Дагы эмне балакет болуп кетти?” деп, кызматтын баарын түп көтөрдүм, — деп сөзүн улады.

— Тынччылык эле, Азамат Кеңешович.

— Эми Сиздей адис оперлер жөндөн жөн эле убара болбойт да.

— Жо-жо, андай эмес. Сиз антип шектенүүгө жол бербейсиз да, Азамат Кеңешович. Мен сизди өлкөнүн чыныгы патриоту, ири бизнесмен катары өтө сыйлаймын. Мында келип калган жайым бир чакан ишкана юридикалык консультанттыкка конкурс жарыялаган экен. Ошого катышканы келдим. Азыр пенсияда эмесминби.

— Сиздей, профессионал адисти консультанттык кызмат издөөгө мажбур кылган мамлекеттик аткаминерлерге наалат. — Ал столун бир муштап ордунан туруп: -Мына бүгүн сиз кеттиңиз. Эртең дагы башка бирөө кетет. Анда бул системада ким калат?! Эч кандай тиешелүү базасы жок милиция мектебин атасынын акчасына бүткөн мадырабаштарга ишенебизби?! Дагы академия деп алышыптыр. Советтик школаны бүткөн адистерди жалынып жалбарып жүрүп алып калыш керек эле. Сиздин органдан кеткениңиз укук коргоо системасы үчүн трагедия – деп ачууга алдыра жаздап, туталана ордунан орун алды. Азамат Кеңешович Турат Муталибовдон он жаштай улуу болгону менен жаш көрүнчү. Өмүр бою жогорку кызматта иштеп жүргөндүктөнбү мартабасы бийик экени сезилип турчу. Ал колхоздо экономисттен баштап, улам көтөрүлүп олтуруп, союз маалындагы өлкөнүн эң жаш министрлеринин бири болгон. Ошондуктан башкаруу системасынын буруш жагына жаны күйгөнү бекеринен эмес. Азамат Кеңешович, Союз тараган кезде алгачкылардан болуп Россияда брокердик контораларды ачып, рыноктун каньюнктурасын эрте өздөштүрө баштаган. Менчиктештирүнүн башында турган. Ал жакта кездеме токуучу, сигарет чыгаруучу фабриканын ээси. Бул жакта негизинен инвестиция тартып турак-жай курулушу менен алек. Бүгүн күндө ушул ири заводдун бир тетигин талатпай сактап, дүркүрөтүп иштетип келет. Бизнесте “Биттин ичегисине кан куйган” табышкер. Анан да мүнөзү чорт, курч сөзү менен бетке чабар жагы бар. Төрөпейилдиги ченде жок инсан…

Өзү жөнүндө айтылган жылуу пикирге жүрөгү жибиген полковник ыраазы боло:

— Ашыра мактап койдуңуз, Азамат Кеңешович. Анан эми укук коргоо системасы жөнүндө айтканыңыз өтө олуттуу маселе. Туура баамдаптырсыз. Экөөбүз олтуруп алып ушул темада кеңири сүйлөшө турган жайыбыз бар экен. Менин  да жүрөгүмдү өйүгөн нерсе көп. Ашык кеми жок отуз үч жыл ушул тармакта иштедим. Анан кетүүгө туура келди.

— Дагы иштей турсаңыз болмок. Министрликтеги ГАИге ишке киргенче генералдын жылдызын алган оңой дешет го, — деп олигарх азил тамашага аралаштыра сөз козгоду.

— Мунуңуз деле жөндү сөз, Азамат Кеңешович. Азыр укук коргоо органдарына кандай сөз айтса жараша бере турган болуп калды. Анан эми баарын эле жаман дей бериш натуура! Анда айлык акынын аздыгына, иш шартынын начарлыгына, ар кандай кемсинтүү-басмырлоого карабастан ак дилден иштеп жатышкан өз ишинин фанаттары бар. Анын ичинде жаштар да көп. Мен прокуратурада, ички иштер бөлүмдөрүндө өзгөчө кылмышты изилдеген тармакта иштеп келдим. Ушу азыр ойлоймун бу тергөөчү деген Кудайдын алкышынан кур калган кесип го деймин.

— Кандайча? – жанатан бери үнсүз мелтиреген олигарх кызыга суроо таштады.

— Деги эле тергөөчүнүн түйшүктүү ишин баалап, алкап тилегин айтканды көрбөдүм. Соттун чечиминен кийин бири көп жаза тарттырды деп, тергөөчүнү күнөөлөсө, доо койгон тарап ага өзүнчө нааразы. Жыл сайын менин кол алдыман элүү-алтымыш мерт болгон адамдын “иши” өтчү. Бири асынып алган, чөгүп кеткен, тоңуп калган, зордуктап кеткен, өлтүрүп койгон жана башка кылмыштын түрү ого эле көп да. Ушул кылмыштын баарын изилдеп ачып чыгышым керек. Кылмышкер кылганын оңой менен айтпайт да. Бул өзүнчө эле тозок иш. Алган айлыгың ал болсо, айрымдарынын кордоп басмырлаганы жанды күйгүзөт. Профессионалдуу эмгек татыктуу бааланбай жатат, Азамат Кеңешович. Туура айтасыз, укук коргоо органдарын далай мыкты адистер таштап кетишти. Бала-чаканы капка салып илип коё албайт экенсиң. Чынын айтсам органдан кетейин деген оюм жок эле. Бирок, бир окуя “кетейин” деген бүтүмгө себеп болду

— Кана… кана… ошондон кеп куруң?

— Жакында бир майыптын машинасын уурдап кетишти. Бу киши согуштун ардагери экен. “Бутум да, колум да ушу машина эле” деп жаман кейиди. Чалдын сылтый араң басканын көргөндө зээниң зилдейт. Кургурду карыганда куураткан кайсыл шүмшүк деп, түп көтөрүлө издөө сала баштадык. Арадан бир күн өтүп-өтпөй аялы кирип келди. Ажаандыгын айтпаң, Азамат Кеңешович. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат. “Паракорлор, жүзү каралар” деги койчу, “Эртеңкиге жетпей калгыла” деген сөздөрдү айтып каргап-шилеп айламды кетирди. Күн сайын тополоң салат. “Кой-айга” көнбөйт. Бирок, менин оперлерим катуу иштешти. Эки жума өткөндө машинаны таап, уурунун күнөөсүн мойнуна коюп, кармап келдик. Дагы жакшы тетиктерин чыгарганы менен сата элек экен.

Кармаган уурубуз шаардагы саясый элитанын каймагымын деген аткаминердин уулу болуп чыкты. “Жаман балдардын тилине кириптир, ишти бир нерсе кылып жаап кой эми” деп жанды койбойт. Машинаны калыбына келтирип алып барып берсек, ветеран жаш балача ыйласа болобу. Эми ууру жоопко тартылыш керек да. “Мени шерменде кылба. Ушуну алып кой” деп эки миң доллар алып келиптир. Эки миң долларга абийир, ар намысты пулдагысы келди окшойт, тиги чиновник. Көнбөдүм. Уурунун жардамчыларынан бери таап ишти иликтеп сотко өткөрөлү деп атсак, баягы ажаан аял “Эч кандай дооматыбыз жок. Арызымды кайра алам” дейт. Көрсө эки миң долларды алып жибип калышыптыр. “Эже, бизди паракор, жүзү кара” деп ит айтпаган сөздөрдү айттыңыз эле. Эми сизди кандай түшүнсө болот” десем, “Бала деген бала да жаңылып калыптыр” деп тигилердин сөзүн сүйлөп олтурбайбы. “Рахмат балдар ууруну кармап бердиңер” деп койбоду. “Тарс” жаап чыгып кетти. Ушундай пастыкка, кордукка чыдап болобу, Азамат Кеңешович. Ансыз да жаш курагым келип арасат ойдо жүрдүм эле. Ушундан кийин “кетейин” деген бүтүмгө токтолдум, — деп полковник сөзүн бүткөндөй эки жагына каранып, — Азамат Кеңешович уруксат берсеңиз мен чыгайын. Конкурс бүтүп калып жүрбөсүн. Буйруса жай олтуруп сүйлөшөбүз, — деди да кетүүгө камынды.

— Кадырыңыз жан болсун, Турат Муталибович, конкурстан өттүм деп коё бериңиз.

— Түшүнбөдүм?…- ал таң калгандай суроолуу тигилди.

— Биздин ишкананын эл аралык масштабдагы алакасы жыл сайын эмес, ай сайын кеңейип баратат. Келишимдерди түзүш керек. Экономикалык талаш-тартыш маселелери болот экен. Башка өлкөнүн мыйзамы башка да. Ошондуктан адис юристтерди топтоп юридикалык агенство түзөйүн  деп чечтим. Тандоону мен уюштуруп жатамын. Анан эми сизге консультанттык кесипти ыраа көрбөй турамын.

— Эмнеге Азамат Кеңешович?..

— Сиз андан жогорку кызматка иштөөгө татыктуу адамсыз.

— Ой, рахмат, рахмат. Сиз бүгүн менин аброюмду өтө эле жогору баалап койдуңуз. Пенсияга чыккандан кийин эртели – кеч эрмек болор иш болсо деп эле келгенмин. Экономфакты бүтүп түз эле органга иштеп кетпедимби. Талаш-тартышта тараза ташын бастырбайм го, буйруса.

— Мен сизге ишенем, Турат Муталибович. Ошон үчүн сөз козгоп жатпаймынбы. Эгер туура көрсөңүз, компаниянын коопсуздук кызматын жетектеп берсеңиз. Анын ичинде экономикалык коопсуздук да бар. Кандай дейсиз?

— Өтө жооптуу иш. Чынын айтсам жоопкерчиликтен деле качпас элем, бирок жанга тынч ишти ыктап жүрдүм эле.

— Мындай сөз сизге жарашпайт, Турат Муталибович, Азыр канчадасыз?

— 55те…

— “Бутсаны мыкка иле” турган жаш эмес бу. Тажрыйбаңыз толуп ташып турат. “Көздү шакек жерде жатпайт” деп калчу таенем. Анын сыңарындай сиз жөн жай киши эмессиз. Сунуш кылган иш сизге жат болсо бир жөн. Мен бир жылда ашып кетсе үч ай ушул жерде боломун. Ошол учурда негизинен иштейсиз да. Криминал күч алып атат дейт. Туура маалымат бериңиз. Агымга карап иштейли, же натуура айтамынбы?

— Туура эле, Азамат Кеңешович.

— Во, эми окшошуп келатат. Шар эле айтайын, азырынча  айына миң доллар айлык, анан сизди тейлей турган машина бөлүп беремин. Ымалабыз келишсе, ырыскыбызды бөлүшөбүз дегендей, шаардын четинде 120 квартиралуу үй курдуруп жатамын, ошол бүтсө каалаганыңызды бөлдүрүп беремин. Мамлекетке керек болбосоңуз, бизге керексиз. Кандай дейсиз?

— Мындай сунуш үч уктасам да түшүмө кирбес эле, рахмат, Азамат Кеңешович. Ишеничти актай алар бекенмин.

— Көп эле жупуну боло бербеңиз. Кадрлар бөлүмүнө тийишүү документтериңизди тапшырыңыз. Эртең эле ишти баштаңыз. Керек болсо бүгүн приказ чыгарамын. Кана келиштикпи?!

— Келиштик, Азамат Кеңешович…

Олигарх менен болгон күтүүсүз жолугушуу полковник Муталибовдун бейпил жашоону эңсеген эркинен ажыраткандай болду. Эчен жылдар органда иштеп айткан сөзүнөн кайтпай,  принциптүүлүгүнөн тайбаган офицердик катуу мүнөзү Азамат Кеңешовичтин сунушуна эмнегедир тез эле ийип кетет деп ойлогон эмес. “Бул да болсо турмуш-шарттын муктаждыгынан да” деди өзүн жубата. Ал сыртка чыгып баратып, дарбазада күзөттө турган жакшылыктын жарчысындай болгон сержанттын колун кыса “Рахмат, иним” деп, көңүлү көтөрүңкү жолго чыкты. Ошол күндүн эртеси эле полковник Турат Муталибович жаңы ишине киришти.

(уландысы бар)