Бишкекте люктун капкагына урунган унаа оодарылып кетти

Бишкекте капкагы чала жабылган люктун айынан кырсыктаган айдоочуга компенсация төлөндү. Бул тууралуу жабыркаган кишинин жубайы Мухаббат Дарвакулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Окуя 25-май күнү Салиев көчөсүндө (Ауэзовдон алыс эмес жерде) болгон. Рулда Рустам аттуу киши бараткан. Унаа чала жабылган люктун капкагына урунгандыктан оодарылып кеткен. Кийинчерээк окуянын видеосу жарыяланган.

Дарвакулованын айтымында, подрядчы кытай компаниясы мэрия аркылуу байланышка чыгып сүйлөшкөн.

Дарвакулова жолдошунун абалы жакшырып баратканын кошумчалады.

Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы Салиев көчөсүндө оңдоо иштерин жүргүзгөн компания компенсация төлөмөй болгонун ырастады.

Башкармалыктан белгилешкендей, люк жеке тараптарга карайт экен. Аны канализация киргизип жаткан жергиликтүү тургундар койдурган. Так ким экени белгисиз. Көчөнүн статусу дагы өзгөчө — түндүк бөлүгү Лебединовка айыл өкмөтүнө, түштүк тарабы мэрияга карайт.

Булак:sputnik.kg