«60K» тобунун солисти Талант Кадыров кыздуу болду
17.03.2019«60K» тобунун солисти Талант Кадыров кырк жылкылуу болду. Ырчы жубайы Элмира Ыстамбаева 4-мартта көз жарганын билдирди.
«Жубайымдын, кызымдын абалы жакшы. Алгач жакын туугандарыбызга сүйүнчүлөдүм. Азыр үйгө чыгарып келдик. Биринчи балабыздын аты Раймир. Уйкаш болсун деп кызымдын атын Рамиля деп койдук. Бою 49 сантиметр, 3 килограмм 145 грамм салмакта төрөлдү. Өзүңдүн көчүрмөң, кызыңды көргөндө айтып бере алгыс сезимдер болот экен. Адамга жаңы жашоо бере алган энелерге таазим», — деди ал.
Булак: super.kg