Кечир жаным, кан досуңа жубай болгону жатам…
23.10.2019Жашоодо эмне деген гана тагдырлар болбойт?!! Ооба, ак менен кара коюндаш жүрөт. Адам өз тагдырын жазууга укуктуу болсо, анда жашообузду жалаң гана ак менен жазып албайт белек. Бирок, биз билип-билбеген жандуу-жансыздын тагдыры аалам жарала электе эле жазылып калган экен. Аны өзгөртүүгө, бузууга Жараткандан башка бир да заттын дарамети жетпейт! Биздин редакцияга көптөгөн каттар келип түшөт. Алардын арасынан Жаркын аттуу айымдын бул катын жарыялоону туура көрдүк.
Сага болгон сүйүүмдү өчүрбөй көкүрөгүмө сактап, ошо менен күн кечирип келем. Кунарсыз жашоого көнүп деле калдым. Абалым Кудайга шүгүр… Ар бир күнүм келбестигиңди билсем да эмнегедир сени күтүү менен гана көңүлсүз өтөт. өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жагып жашап келем. Адаттагыдай күндө таңкы саат 05.00 чамасында ойгоном. Сууга чайканып чыгып, өзүмө ченеп жеңил тамак жасайм. Ооба, өзүң билгендей эле баягыдай жашылчалардан. Сен башында “Бул чөп-чарыңды жебейм, мен уй белем” деп көнбөй жүргөнүңдү эстеп, ууртуман бир жылмайып алам. Эт кошулуп жасалган тамакты жакшы көрчүсүң. “Эркем, мен деген Нарындыкмын да. Биз Нарындыктар этти эт менен жейбиз, эт кошулган тамак жаса, чөбүңдү өзүң же” деп тамашалап калчусуң. Мени болсо “Ушул сага таң калам да, Таластык болуп алып, такыр камыр жебейсиң, жесең да эки жеп, үчүнчүсүнөн баш тартасың” деп бир күлүп, бир таң калып калаар элең. Акыры өзүң айткандай чөп жегенге да көндүң J… Билесиңби, күндө эртең менен сенин жолуңду жолдоп сүт ичем. Ооба, башында сүт азыктарынан жасалган тамактарды жемекти кой, сүттүн өзүн ооз тийип да койчу эмесмин. Буга сен көндүрдүң…
Ошентип жумушка элден мурун саат 07.00дөн кечикпей барам. Мурун сен машинең менен жеткирчү элең, азыр сен жок коомдук унаа менен каттап жатам жарыгым. Баягы эле китепканада иштеп жатам. Жумуштан кийин түз эле үйгө жөнөмөй. Жолдон базарга тийип, керектүүлөрүмдү алам да, үйгө келем. Тим эле сен келаткандай шаша-буша тамак жасап кирем. А сен келбейсиң… Өзүмдү өзүм таптакыр карабай калдым. Көрсө, мурун сен үчүн жасанып, сен үчүн түрлөп кийинчү экенмин. Сен кеткенден кийин өзүмдү таштап, колума кайсы киймим тийсе ошону кийип алып баса берчү болдум. Жумуштагы кызматкерлер муну шар эле түшүнүштү. Кээ бири боор ооруп, карап калышат. Мага баары бир, эмне десе ошол десин… Сүйүктүүм, бүгүн ишемби… Өзүң билгендей иш күн эмес. Ошол үчүн сууга чайканып, чачымды кургатып, күзгү алдына отурдум. Оо, күзгүгө каранганды да унутуп баратыпмын… Жап-жаш жүзүмдү бир жыл эки айдын ичинде бырыш басып кетиптир. Тез карып кеткенимди байкабаптырмын. Мурун мени жаш кыз экен деп китепканага келген анча-мынча студенттер тийишчү эле, азыр эжекелеп кайрылып калышты. Сен өз колуң менен жазап келип, “Аялым боёнуп, аялым көрүнөт” деп өзүң орнотуп берген күзгү алдында көз жашымды тыя албай боёнуп жаттым. Сен сатып берген, сен жактырган жашыл көйнөгүмдү кийип алгам… Болгон жаштыгымды, болгон сүйүүмдү сага гана арнадым. Эгер билсең, сен деп гана жашадым. Билинбей 38 жашка чыкканымды туйбаптырмын…
Сага даттанбаганда кимге даттанам?!! Экөөбүздүн тун сүйүүбүздөн жаралган баламды кайненемдер бербей жатышат. Ага деле мейли, болгону уулумду сагынганда бир көрүп турсам арманым болбос эле, ага дагы көнүшпөдү. Мен кечээ баламды өзүмө алуу үчүн алардын үстүнөн милицияга арыз жаздым. Кечирип кой жан, мага уулум керек… сен муну жакшы түшүнөсүң. Сенин туугандарың менен жана сенин апаң менен уулумду катташтырып, ысык мамилемди суутпай кармап калам. Эгер алар уруксаат беришсе.
Сенин бул жарыкчылык менен коштошуп кеткениңе жана да айтканымдай бүгүн туура бир жыл, эки ай болду. Сенин апаңды, сенин туугандарыңды жаман дебейм, алар жөнүндө жаман оюм жок. Бирок, сенин өлүмүңө айылдагы иниңди күнөөлөп, ичимен кечире албай келем. Сенин абалыңдын оорун көрүп туруп, “Курулушка жардам бербей эле кой байке, ден-соолугуңа кара, кыйналып жатасың” деп койсо, аман калаар белең. Жүрөгүң кармап, курулуш учурунда каза таптың. Мындай суук кабарды укканымда өзүмдү коёрго жер таппай, эмне кылаарымды билбей калдым. Кулагым чуулдап, көзүм караңгылап жатты. Мени кошо ала кетпейт белең. Мени ала кетпейт белең асылым… Же мен сени айылга жибербей койгонумда эмне болмок. Инисине жардам берип келсин деп көңүлүңө карап койбодумбу. Сенин ооруп жүргөнүңдү билип туруп жиберип койбодумбу… Же өзүм кошо барбай, жумуш деп калып калбадымбы. Балким аман калаар белең?…
Жаным… Жарыгым… Эмнеден баштаарымды, эмне деп айтаарымды билбей турам. Күндө кечинде жатаарда сенин сүрөтүңдү маңдайыма коюп алып, сени менен сүйлөшөм. А сен бир да ирет “былк” этпей мени тиктеп тура бересиң. Жакында бул сүрөтүңдү адаттагыдай маңдайыма коюп, сүйлөшө албай калам… Кечир… анткени… Анткени, башка адамга турмушка чыгууга бел байладым. Ал жакшы адам. Аны сен да тааныйсың. Ал сенин бала кезден чогуу өскөн эң жакын кан досуң. Жакында эле үй-бүлө куруп, турмуш куруу сунушун айтты. Мен муну мурунураак сага айтпадым. Анткени, сени кыйнагым келген жок. Сенин ордуңду алмаштырып, төшөк жаңыртайын деп жатканым үчүн кечирим сурайм. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп ойлом. Туура түшүн, мен да бактылуу болгум келет. А баламды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай өзүм багып алам. Досуң Каныбекти беш колдой жакшы билесиң, ал жакшы адам. Сени менен кошо кеткен маанайымды кайрып, жашоомду жарыкка бөлөдү. Оор абалымдан сууруп чыгып, көңүлүмдү гүлгө бөдөдү. Албетте, сага жетпейт. Бирок, эми мен аны бактылуу кылышым керек. Ал мени сүйөт, аны жакшы билем. Ошол үчүн жашап кете алабыз деп ойлойм. Жаным, бул менин сага болгон акыркы катым. Мына, нике шакегимди колуман чечип, кутуга салдым. Ал эми экинчи ачылбайт. Чыныгы дүйнөнүн бейишинен амандашканча кош бол ардагым!
Жазган Айбек НУР