40 жаштан кийин курсакта май байлоонун себептери кандай?
16.10.2019Адатта, 40 жаштан өткөн айымдар дал ушул көйгөйдөн азаптанышат. Бул маселенин башкы көйгөйү аялдын организминде гормоналдык баланстын бузулушу болушу мүмкүн. Арыктоону ойлонгон айым эң биринчи гинеколог-эндокринологго барып, кеңеш алуусу абзел. Эгер бул жаатта баары жайында болсо, башка себептерин териштирели. Ашыкча салмак күтүү кант диабети, жүрөк оорулары менен да байланышы бар. Мындан сырткары дагы башка себептерди санашат дарыгерлер.
- Узак убакыт бою стрессте жүрүү. Терс эмоция, негативдүү таасирлердин кесепетинен гормоналдык системанын иши бузулуп, зат алмашуу начарлап, жыйынтыгында курсактын төмөн жагында май топтоло баштайт.
- Физикалык кыймылдын жоктугу жана ашыкча тамактануу. Кыймылсыз жашоо жана отуруп иштеген шартта ачка жүрүп бир маалда тое жеп алгандан ашказан чоюлуп курсак тушта май топтолот.
- Генетикалык жагдай. Эгер үй-бүлөдө кант диабетинен жабыркаган жана семирүүгө жакындыгы барлар бар болсо да бул көйгөй кайталанышы ыктымал. Мындай жагдайда толуп кетүү курсакты май басуудан баштала турганы изилдөөлөрдөн улам белгилүү.
- Эрксиздик. Убагында чечилбеген маселелер жаңы көйгөй жаратат, стресске кабылтып адамдын эркин мокотуп коеру бышык. Мындай кырдаалда адам эмне-жеп ичип жатканын, канча жегенин аң-сезимде өлчөп, көзөмөлдөй албай калат да кабыл алган азык пайдалуулугун жоготуп зыяндууга айланат, жыйынтыгында май катрмалары топтоло баштайт.
- Белгилүү болгондой түнкү уйкунун узактыгы 8 саат болуш керек деп айтылат. Эгер мындай талап аткарылбаса, организм стресске кабылып, иш ыргагы бузулуп, туюу-билүү, жыт сезүү, кабыл алуу сыяктуу сезимдер алсырап, курсакта май чогула баштайт экен.
- Курсактагы майдын болушун алдын алуу үчүн туура тамактанууну уюштуруу зарыл жана маанилүү. Келбетти туура сактоо, жаштыкты кармап калуу үчүн эң биринчи кезекте кумшекер, таттуу, майлуу, куурулган, ышталган азыктарды унутуу кажет. Таттуу жегиңиз келсе, бал, как же мөмөлөрдү тандаңыз. Курсактагы май катмарларынан кутулууну самасаңыз, ар бир тамактануунун алдында эки стакан бөлмө температурасындагы суу ичүүнү бүгүнтөн баштаңыз. Бул ыкма ачкалыкты сездирбейт, тамак сиңирүүнү жакшыртат, организмде суу балансын толуктайт, ичегинин ишин жакшыртып, ич катуунун алдын алат, эрктүү, кайраттуу болууга таасир этет.
Сания Уланбекова