Кабыргасы саналып, мурду үч бурчтукка айланып калган Майкл Джексон

Кабыргасы саналып, мурду үч бурчтукка айланып калган Майкл Джексон

23.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Болжол менен түнкү саат 2:15де Майкл Джексонексондун абалы оорлоп, ооруканага түшкөндүгүн алгачкылардан болуп, «Los Angeles Times» гезити басып чыккан. Ошондон соң, саат 03:00дөр чамасында ал каза таап, бул туурасында дүйнөлүк басылмаларга кабар жетип, ошол эле мүнөттөрдө бул суук кабар дүйнөнүн аркы бетине чейин тез эле жетти. Соцтармактарда миллиондогон ыйга толгон билдирүүлөр жазылып баштады.

Бала кезинен эле атактуулукту багынткан

Майкл Джозеф Джексон 1958-жылдын 29-августунда Индиана штатындагы Гэри шаарында туулган. Дээринде бар бала 4 жашында эле «Jackson Five» үй-бүлөлүк ырчылар тобуна кошулган. Жогоруда аты аталган үй-бүлөлүк топ 1970-жылдары хит ырларды жаратып, болуп көрбөс популярдуулулукка жетишкен. Ошентип, Джексон 1978-жылы » The Wiz» музыкалык фильмине тартылган. Белгилүү продюсер жана композитор Куинси Джонсом менен иштешип баштаган. Кийинки жылы «Off the Wall» аттуу альбомун чыгарып, ошону менен АКШга жана Улуу Британияга атагы таш жарган.

Кара терилүү Джексон 11жашында чыныгы атактуулукка жеткен. Эскерүүлөргө караганда, Джексон бала чыңагында жылдыздуу, сүйкүмдүү бала болгон.
Бирок, ошол убакта америкалыктар кара терилүү адамдарды 2-сорттогу адам катары көрүшкөндүктөн, Джексон өзүнүн кара терилүү болуп жасалганына абдан өкүнгөн. «Бул экинчи сорттогу капкара адам…» деп сөөмөй менен кесе сүйлөнгөн какшык сөздөрдү уккусу келбеген. Ал бала кезинен ак терилүү адам болууну каалаган.

Джексон алгачкы операциясын мурдунан баштаган. Анын мурдунун жасалмасын күйөрмандар көрсө да, терс пикир айтышкан эмес. Себеби, анын алгачкы жасалма мурду жакшы келбетте жасалган болчу.

1984-жыл босогодо турган маалда «Thriller» альбомун жарыкка чыгарып, «Pepsi» компаниясы менен жарнамалык негизде келишим түзөт.
Атагы таш жарып, ал жанына көптөгөн жардамчыларды, жан сакчыларды, продюсер, менеджер, жактоочуларды алган.

Джексон буга чейин мурдуна бир нече ирет операция жасатты. Ушул таптарда күйөрмандар арасында талаш-тартыштар пайда боло баштады. Мунун биринчи себеби жасалма мурду болсо, экинчи себеби анын терисинин түсү агара баштаганында болгон. Джексон ошол убакытта мунун себебин «Атайын ала оорусу менен ооруп жатам. Ошол себептен менин денемдин түсү агарууда» деп түшүндүрүп берген. Ошол кезде «Бир гана Америкада кара терилүү эркек болуп төрөлүп, ак терилүү аял болуп өлүүгө мүмкүн» деген чын-тамашасы аралашкан мазактоо сөздөрү эл ичинде популярдуу боло баштаган.

Майклдын абалы оорлой баштады

1991-жылы 32 жашында анын мурду үч бурчтуу мурунга айланып, кабыргалары саналып калган. Ошондон тарта Майкл сахнага кара көз айнек тагынып чыга баштаган. Чындыгында ал өзү эмес эле. Ким деп ойлойсузбу?.. Анда созбой айтайын, ал анын эжеси Ла Тойя эле. Эми албетте, Майкл менен эжесин бир бөлмөдөн көрүшкөн эмес. Көрсө, ошол эле учурда Майклдын иши оңолбой бара жаткан экен да.​
Коомдук гезиттин беттерине «Мени жайыма койгула», «Менин балалыгым оор болгон» деген сыяктуу темалар менен чыга баштаган.
2001-жылы Нью-Йоркто боло турчу бир эмес эки концертин тең коё берип жиберген. Продюсер Марсель Авраам бул концерт үчүн 21 млн доллар койгон. А Джексон үйдө телевизор көрүп жаткысы келгенин билдирип, баш тарткан.​
Атактуу ырчы көчөгө чыкканда медициналык бет капсыз чыкчу эмес. Мунун себебин ал чаң, микроптор экенин түшүндүрүп берген.
2004-жылы маалымат басма сөз кызматтары жаңы мурун жаратканын кабарлаган. Ал мурунду немец хирургу Вернер Манг жасаган.

Шуру Калыбекова