2023-жылдан тарта мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргызча эркин сүйлөшү керек. Жаңы талап

2023-жылдан тарта орус, өзбек жана тажик тилдүү ар бир мектептин бүтүрүүчүсү кыргыз тилинде эркин сүйлөп чыгышы керек. Бул үчүн мугалимдерди окутуу иштери башталганын Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн республиканын бардык аймактарындагы мектептердин 870 мугалими жогорку класстарда тилди окутуунун коммуникативдик методикасынын негиздерин өздөштүрүп жатат.

«Орто билимди башка тилде берген мектептин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүүсү керек. Бул окуучу кыргыз тилинде сүйлөп, жазып, окуп, оюн кеңири түшүндүрүп, кыскача кат жаза алат дегенди билдирет», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, мугалимдер окуучуларды илимий тексттерди угууга жана түшүнүүгө, маалымат издөөгө, илимий стилде жазууну үйрөнүүгө, сабактарда презентацияларды жасоого үйрөтүшү зарыл.

Булак: Спутник Кыргызстан