СУЛТАН ӨЗ СӨӨГҮН КОРДОБОЙТ
29.04.2020
Ош облусунун Көк-Бөрү федерациясынын президенти, Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары, меценат, мекенчил, элим жерим дегенде ичкен ашын жерге койгон Болот Дыйканбаев Кайраттын дарылануусуна жардам бермей болуптур. Жардам берерин угуп кубанып калдым. «Жакшы адамдар бар үчүн — дүйнө сакталып турат» дегендин дагы бир далили. Чыныгы пейили кенен, эч кимден жардамын аябаган Болоттой кыргыздын мырзалары көп болсун дейли… Мен билгенден Болот Дыйканбаев ар дайым муктаж жарандарга жардам колун созуп келет. Эми социалдык тармактардын жылдызына айланып жаткан Кайраттын ден-соолугуна кам көрмөй болуптур. Элибизде улуу сөз бар, “Султан өз сөөгүн кордобойт” деген. Болот Жусупович Кайраттын көчөдө калуусуна каршы экенин билдириптир. Бул да болсо, кыргыздын чыныгы пейилдеринин бири.

Эске сала кетсек, буга чейин үй-жайы жок Кайрат социалдык тармактарда географиядагы жер, суу, шаарлардын аттарын такалбай айтып берип элди таң калтырган. Адам бул дүйнөгө жаралганда жараткан Аллах пенделерине ар кандай талант, шык, акыл берет. Бирок, кээде адамдар шайтандын азгырыгына азгырылып турмушунда катачылыктарды кетирет. Ошол кетирген катасын түздөй албай, бир канча кыйынчылыктарга түшөт. Кайрат да жолунан адашкан пенделердин бири. Болот мырза Кайратты дарылатып, жакшы жолго үндөп, жеке ишкерликке үйрөтүп койсо, мындай адамдардын кудай берген таланты аркылуу жаңы заманбап нерселерди ачышы мүмкүн деген кыялга берилем. Менин бул кыялыма каршы чыккандар арабызда табылар… Жакындан тааныбаган адамды жакшы жолго салып кетүү оңой бекен дешер… Бирок… буга чейин жашоодон түңүлүп, үй-жайсыз калган бир инсанды Б. Дыйканбаев дарылатып, көп жыл жанында алып жүргөнүн билем. Жашоодон адашкан адамды оң жолго кайтаруу практикасында бар. Ошондуктан, турмуштун тар кечүү, тайгак жолунан адашкан Кайратка жардам берүүгө чын дилден аракеттенсе дейм. Кайрат дээринде акыл көрөңгөсү жеткиликтүү адамдай сезилүүдө. Кудай буйруса, дарыланса балким анын тагдырына жакшы күндөр жазылса, эл-жерибизге пайдасы тийген азаматтардын катарын толуктайт беле деген ойлорго жетеленесиң… Менин кыялдана жазган катымды окуп калса, Болот мырза жакшы жообун узатар деген үмүттөмүн… Эң негизгиси, өз өлкөбүздө өгөйлөнгөндөргө жардам берген азаматтарыбыз арбыса деген изги тилегим бар.
Альбина Шадыбекова
Булак: BULUT.KG