100 кг кыз менен мамиле кургуң келеби?
23.10.2019Биздин дарекке ар түрдүү кайрылуулар түшүп турат. Окурмандарыбыз сагынычтуу саламын, кусалыгын, ичте толгон арманын, сүйүүсүн, кубанычын, бактысын ачык айтып, биз менен бөлүшүп келишет. Алардын бири Кара-Балта шаарынын Жылдыз аттуу тургунунун бизге жазган катын сунуштайбыз. Жылдыз “өзүн бактысыз сезген 100 кг кыз менен мамиле кургуң келеби?” деп баштайт өз сөзүн бизге жазган катында.
Атым Жылдыз, Кара-Балта шаарынан болом. 30 жаштамын. Ачыгын айтсам ушул жашка келгенче бир да эркек менен кыз-жигит катарында мамиле курган жокмун. Мунун себеби менин түрү сууктугум менен семиздигимде. Эми түрүм суук десе мени такыр эле жез кемпир ойлоп албагыла. Эл катары эле жүзүм бар, болгону семиз болгонум үчүн көбү мени ушинтип аташат. Семиз болгонум менен анча-мынча кыз-келиндерге караганда оокатты тың кылам. Эшикке чыксам уй, эчкини саап, малдардын кыгын чыгарып, чөп-суусун берип, эшик алдын тазалайм. Үйгө кирсем күндө болгон жерди жышып жууп, тамак жасап, айтор, үйдөгү тиричилик менин мойнумда. Биз жакшы турабыз. Үй кызматкерин алып, аларды жалдап коюу колдон келет, бирок, мен атамдын мындай сунушуна макул болбой, оокатты өзүм кылууга бел байлагам. Мунун башкы себеби арыктоо эле. Оокат кылуу менен кошо диетага отурсам деле майнап чыкпай келет. Мен-мен деген дарыгерлерге көрүнсөм ден-соолугум аябай жакшы экенин айтышты. Бир канча арыктатуучу дарыларды арзан-кымбатына карабай ичип көрдүм. Күндө машыгам, айтор, болбоду. Атам жакшы кызматта иштейт, Бишкекте турушат. Үйдө эки сиңдим, бир иним менен турабыз. Сиңдилерим арык чырай, кээде алар деле толуп кетет, бирок диетага отурса куурчактай болуп чыга келишет. Иним бир аз толугураак. Бирок менчелик эмес. Мектеп курагымда классташтарым, студент кезимде группалаштарым мазактап, дайыма каткырып күлүшчү. Аларга эмне кылганымды билбейм, бирок дайыма ар кандай сөздөр менен шылдыңдап, мени арасына кошушчу эмес эле. Мектептен жалгыз гана классташым Айша түшүнчү. Мага дайыма боору ооручу. Азыркы кезге чейин мени менен кабарлашып, катташып турат.
Мен дагы башка адамдар сыяктуу эле бактылуу болгум келет. Мен дагы бир эркектин кучагында өзүмдү алсыз сезип, ага баш ийип, сүйүп жана сүйүктүү болуп жашагым келет. Мен дагы бала жытын искеп, уул-кыздарды тарбиялап, өстүргүм келет. Бирок… бирок бир да эркек мени менен турмуш кургусу келбейт. Ооба, былтыйган семиз кызды ким алмак эле? Менин жанымда болсоңуз, бетиме айтпасаңыз да, баары бир бир жерден сиз деле ошентип айтмаксыз. Ага капа деле болбойм. Бирок, ичимден өзүмдү өзүм жек көрүп жашап келем. Баары жек көрүп, шакаба чегип турса өзүңдү сүйбөй калат экенсиң. Менин акчамды алып, сыйымды көрүп жүргөн туугандар деле (атамдын туугандары) мени сындап, жаман көрүшөт. Мен анчалык эмне кылдым билбейм. Же бирөөнү өлтүрбөсөм, же алар менен урушпасам, же жаман сөз айтпасам… Менин семиздигим аларга кандай зыян алып келип жатат? Же алардын тамагын тартып жебесем?!! Билбейм… эч нерсе билбейм… Айтор өзүмө өзүм досмун, өзүмө өзүм сырдашмын… Арыз-муңумду өзүмдөн башка эч ким түшүнбөйт.
Соңку күндөрү Кореяга барып пластикалык операция жасатууну ойлоп жүрөм. Кайрадан жаш, кайрадан сулуу болуп жаралгым келет. Бактылуу болгум келет. Күнү-түнү уктасам бул оюман кетпейт. Ал жөнүндө абдан кыялданып келем. Жаңы ысым, жаңы паспорт алып, жаңы жашоо баштагым келет. Билем, бул үчүн көп акча кетет. Атам ачып берген кичи бизнесим бар. Ошондон акча чогултуп жатам. Бишкекте үч батирим бар. Аларды чет элдик мигранттарга ижарага кымбат баада берип койгом. Кымбат машине тебем. Үйдөгү мал-жандыктар да меники. Ошолордун баарын сатсам, анан дагы бир аз акча чогултсам кенен жетет. Мен баарын изилдеп, эсептеп чыктым. Атүгүл, интернет аркылуу пластикалык хирург менен сүйлөштүм. Болгон дене боюмду өзгөртүүнү пландоодомун. Буга алардын албетте кепилдиги жок, бирок бар аракет, бүт күчүн жумшашат. Операция ийгиликтүү өтөт деп ишенем. Кудайым мени бул жалган дүйнөдө да бактылуу кылат деп ишенем. Анткени, мени Жаратканым гана бактылуу кыла алат. өзүмдүн ырайыман, оор салмагыман уялам… Айткылачы, дегилечи бирдеме… Же мен туура эмес кадам таштаганы жатамбы? Эгер андай болсо, мен кантип жашашым керек? Кеңеш берип, айтып коюш оңой, бирок менчелик түшүнүшүңүз кыйын… Балким менин чечимим туура болоор. Мен бактылуу жашагым келет.
Жылдыз, Кара-Балта шаары.
Айбек Нур