Жумуштагы алтын эрежелер
19.10.2019Баарыбыз кайда, кандай жумуш болбосун, нан таап жеш үчүн эмгектенебиз. Айлык акыбызга өзүбүздү, үй-бүлөбүздү камсыздап, андан ашканын дагы бир жактарга жумшайбыз. Сиз кайсыл гана кесипти аркалабаңыз, төмөнкү эрежелер сизге көмөкчү болот!
1. Саламдашуу жана жылмаюу
Сиз айланадагы адамдарга, кесиптештериңизге дайыма жылмайып жүрүүгө аракет кылыңыз. Адамдар менен дайыма саламдашып, учурашыңыз! Эгер жумушуңузда жетекчи болсоңуз, кызматкерлериңизди дайыма мактап, туура эмес кылып алышса, урушпастан акырындык менен түшүндүрүп, кайталанбоосун айтыңыз. Ал улам эле жаңылыштык кетире берген болсо, жумуштан кууп жибербей, ишти жакшы билген бирөөгө тапшырып, же атайын окутуу жайына окутуңуз. Бул кадамдар сизди ийгиликке сөзсүз жетелейт! Эч качан бой көтөрүп,текебер болбоңуз!
2. Кийинүү маданияты
Сиз иштеген жумушта бирдиктүү форма болсо, башка кийимдерге алмаштырбай, дал ошондой кийингениңиз туура. Эгер андан баш тартсаңыз, бул биринчиден өзүңүздү, экинчиден жумушуңузду, андагы адамдарды сыйлабагандыгыңыз болуп саналат.
Кийген кийимиңизди дайыма таза, тыкан алып жүрүңүз! Кайсы жумушта иштебеңиз, кийим-кечени кымбатына эмес, сапатына жана жарашыгына караңыз. Арзан жана жарашыктуу кийим кийинүү менен сиз жөнөкөйлүгүңүздү көрсөтөсүз! Текебер боло берсеңиз, акыр аягында баардык нерседен кол жууруңузду унутпаңыз!
3. Жумуш үстүндө
Кандай ишти аркалабаңыз тың болуңуз! Ар бир майда ишти чоң иштей көрүп, жоопкерчилик менен караңыз. Бүгүнкү ишти эч качан эртеңкиге калтырбай, өз убагында аткара билиңиз. Бүгүн кыйынчылык тартсаңыз, эртен сөзсүз жакшы болосуз! Жакшы нерселерди колдон чыгарбай, туура пайдаланып калыңыз. Бул өмүрдө мүмкүнчүлүк бир гана жолу келет.
4. Бөтөн буюмга уруксаатсыз кол салбаңыз!
. Кимдир бирөөнүн буюмуна көз артпаңыз! Уруксаатсыз албаңыз! Эгер уруксаатсыз алып, колдонуп койгон болсоңуз, ишиңиз жүрүшпөй же сизге буюрбай калышы мүмкүн. Ошондуктан, уруксаат сурап гана колдонуңуз!
5. Жардамдашуудан качпаңыз!
Кудай баардык нерсени муктаждык менен жаратат. Бийлик, байлык бүгүн сиздин колуңузда болсо, эртең жок болот. Ушуну унутпаңыз! Кайсыл күнү, кайсыл жерде болбоңуз, адамдык сапатыңызды сактап калыңыз!
Эгер кимдир бирөө сизден жардам сураган болсо, жардам берүүдөн баш тартпаңыз. Сиз да кайсы бир убакта жардамга муктаж болосуз, ошондой кыйын кездерде качандыр бир кезде кылган жакшылыктарыңыз кайтып келет. Бир гана жери – жакшылыңызды милдет кылбаңыз. Аны сыр сактаңыз! Ар кимге жарыялабаңыз!
6. Баардык жерде чындык жеңет!
Эч качан өзүңүзгө калп айтпаңыз. Ошондо башкаларга да калп айтпайсыз. өмүрүңүз бычактын мизинде турса да, чындыктан тайбаңыз. Кудай чынчылдарды сүйөт.
7. Дайыма алга умтулуңуз!
Сиздин да жакшы тилектериңиз, алдыга койгон максаттарыңыз бар. Ошол жакшы максатыңызга жетүү үчүн алга умтулуңуз. Ийгилик өзү басып келбейт! Ийгиликти сиз издеп табышыңыз керек. Аны табуу үчүн сиз чаалыгасыз, чарчайсыз. 1000 жолу аракет кылып көрүңүз. Анда да болбодубу, анда 1001-синде сөзсүз болот! өзүңүздү миздүү бычак кылып, кайракка чыдаңыз! Кыйынчылык артында сиз үчүн даярдалган чоң сыйлык бар. Ошол сыйлыкка чуркап жетиңиз. Эч качан негатив ойлорго курчалбаңыз! Андай жаман ойлор сизди артка тартып коёт. Дайыма позитивдүү жүрүңүз! Бир нерсени жасоо керекпи, дароо “даң-даң” жасаңыз. Аны эртеңкиге калтырбаңыз!
8. Кесиптешиңиздин артынан сүйлөбөңүз!
Кимдир бирөөнү ушактоо бир тууганыңдын этин жеген менен барабар. Эч качан кесиптешиңиздин артынан сүйлөбөңүз. Эгер анын бир нерсеси жакпай жатабы, анда аны өзүнчө чакырып алып, түшүндүрүңүз. Башкалардын көз алдында анын шагын сындырып, беделин түшүрбөңүз.
9. Таарынчаак болбоңуз!
Таарынчаактык — өтө жаман сапат. Болбогон нерсеге таарына бербеңиз. Болбосо, анын кесепетинен көп нерсени жоготуп аласыз.
10.Кошоматтык
Эч качан бирөөнүн артынан чуркап, алдынан чыгып, ичи-койнуна кирип кошоматтанбаңыз. Бул эки жүздүүлүктүн белгиси. Эч качан оңой жол менен мансапка, кадыр-баркка жетүүнү эңсебеңиз!
11.Сүйлөө эрежеси
Дайыма далилдүү сүйлөңүз. Эч качан жалган айтпаңыз.
Эмне туурасында, кантип сүйлөп жатканыңызды көзөмөлдөп туруңуз. Эгер сүйлөөргө сөз жок болсо, унчукпай эле койгонуңуз жакшы. Улуу болобу, кичүү болобу, айтор, ким болбосун “сиз” деп кайрылганыңыз туура болот.
Адамдар менен баарлашууда көбүнчө идеялар менен пикир алышыңыз. Пайдасыз нерселерди сүйлөшүүдөн качыңыз!
12.Жакшы ишти сиз баштаңыз!
Сизге эч нерсе жакпай турабы? Анда аны жакшы жакка өзгөртүңүз. Баардык жакшы ишти сиз баштаңыз. Баардыгын мамлекет же кимдир бирөө кылып берүүсү керек деген ойдон кайтыңыз.
Булак: Bulut.kg