КАН АРКЫЛУУ ЖУККАН ГЕПАТИТТЕРДИ ЖОК КЫЛУУГА КЫРГЫЗСТАНДА ШАРТ БАРБЫ?
29.10.2019Кыргызстандын инфекционистер жана
гепатологтор коомунун төрайымы,
С.Б.Данияров атындагы КМКДжАЖМИнин
жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы,
медицина илимдеринин доктору, профессор Сапарбү Тобокалова коңгуроо какты. Анын бизге жеткен билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз.
“ Тилеке каршы, дүйнө көптөн бери гепатиттердин (боордун оорусу) проблемасына көңүл бөлбөй келет. ВИЧ/СПИД жана туберкулёзго каршы күрөшкөндөй эле гепатиттерге да дал ошондой масштабда чечкиндүү күрөшүү аракеттерин жумшоого убакыт келип жетти”
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Маргерет Чен.
Биздин республикада жана чет өлкөлөрдө вирустук гепатиттер жугуштуу оорулардын эң актуалдуу проблемаларын түзөт. Бул негизинен гепатит оорусунун чоң адамдардын арасында токтоосуз өсүшүнө, көп учурда өлүмгө дуушар кылышына, өнөкөт формасына, цирроз жана боордун ракына өтүп кетишине жана бүткүл дүйнөнүн экономикасына чоң залал тийгизгенине байланыштуу. Жыл сайын жалгыз эле гепатит В нын кабылдап кетүүсүнөн 686000 жакын адам көз жумат (ВОЗ.2016).
Кыргызстан өткүр да, өнөкөт да вирустук В,С,D гепатиттери менен эң көп ооруган мамлекеттердин санына кирет. 2000 жылы балдарды төрөлгөндөн баштап эле милдеттүү түрдө гепатит В га каршы эмдөөнүн башталышынын негизинде өткүр гепатит В менен ооруп калуу көрсөткүчү 2018 жылы 30 дан — 5,2 чейин азайганына карабай, өлкөбүздө жыл сайын 300-350 гепатит В жана 150-160 гепатит С нын өткүр формасы балдардын жана чоңдордун арасында катталууда. Вакцинация – бул гепатит В нын алдын алуунун эң эффективдүү чарасы экенин көрсөтүп турат. Бирок 2000 жылга чейин туулуп, эмдөө албагандардын эсебинен, өткүр гепатит В жана D көбөйүп, өнөкөт гепатитке өтүп, 3-5 жыл аралыгында эле цирроз болгондордун санын толуктап жатат.
Республикалык СПИД борборунун лабораторияларында эле 11 жылдын (2008-2018) ичинде 1 миллионго жакын жарандарды гепатит В жана С га изилдөөнүн негизинде 73743 кишиден гепатиттин вирустары аныкталган (4.6% жана 3%).
Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикасына таянсак, Кыргызстанда өнөкөт вирустук гепатиттерине чалдыккандардын саны 50 000 ашты (мурда гепатит В жана С нын вирусун “алып жүрүүчүлөр”- деп аталгандарды кошкондо). Азыркы убакта андай түшүнүк жок – баары өнөкөт гепатиттердин санына кирет. Бул көрсөткүчтү деле өтө так деп айталбайбыз. Себеби, өнөкөт вирустук гепатиттерди расмий каттоо 2010 ж гана башталган. Санакта көп жетишпестиктер бар. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) божомолунда Кыргыз Республикасында 400 000 жакын В жана С гепатити жуккандар болуусу мүмкүн. Миңдеген адамдар бул илдетке эчак эле чалдыкканын билбей жүрө беришет. Себеби, көп учурда гепатит оорусунун белгилери 10-15 жылга чейин билинбейт. Медициналык жардамга оору кабылдап цирроз же боордун ракына өтүп кеткенде гана кайрылышат. Туш келген эле ооруканага жатып, убагында адистештирилген медициналык жардамды алалбай, алтындай убакытты кетирип, өмүр менен кош айтышат. Ооруканадан тез чыгарылып, үйүндө көз жумат. Ошондуктан бизде вирустук гепатиттердин негизинде пайда болган боордун циррозунун же рактын так маалыматы-каттоосу жок.
Оорулуулардан:-“Сизге гепатит кайдан жугуп калышы мүмкүн”-деп сураганда, так эле оорукана, поликлиникаларды атайт; көбүнчө стоматология борборлорун. Мунун да негизи бар. Себеби өлкөбүздө 30 000 ашык медицина кызматкерлери бир да жолу гепатит В га каршы вакцина алган эмес! Акысыз эмдөөлөр болгондо да толугу менен алышпайт. Юридикалык милдетти албаган ченде да, анан кантип булар элге кеңеш берет, өздөрү үлгү боло алат? Дарыгерлер операция убагында колун кесип, же сайып алганда гана оорулуунун гепатити бар же жогун сурашат, ошондо гана вакцинация эстерине келет!
БДССУ Европа чөлкөмүндө 2030 жылга чейин вирустук В жана С гепатиттерин коомдук саламаттыкка болгон коркунуч катары толугу менен жок кылууга багыт алды. Бул проблеманы гепатит жугуп калгандардын 90% диагнозун эрте жана так кою, оорулуулардын 80% дарылоо жана массалык түрдө элди гепатит Вга каршы вакцинациялоо жолу менен чечүүнү баштады.
Эгерде вирустук гепатиттер менен аз ооруган Европада ушундай иш-чаралар аткарылып жатса, гепатиттер менен эң көп ооруган биздин өлкөдө бул багытта кандай кадамдар болууда?
“ЦАДМИР” гепатология бороборунун жана Кыргызстандын инфекционистер жана гепатологтор илимий-практикалык коомунун (ОИГК) каражатына 7000 жаранды гепатит В жана С вирустары жугуп калуусун лаборатриялык ыкма менен акысыз изилдегенде 968нен (13,8%) вирустар табылды; 137 медициналык кызматкерлерди гепатит С, 30 – гепатит D дан заманбап вируска каршы дарылар менен акысыз айыктырдык. Саламаттык сактоо министрлигинин талабы менен вирустук гепатиттерди аныктоо, дарылоо, алдын алууга багытталган бир нече жолдомо, буйруктарды иштеп чыгып, аларды китеп катары басмаканадан чыгырып, көп областтык, шаардык, райондук ооруканаларга семинар өтүп, дарыгерлерге тараттык.
ОИГК бул мээримдүүлүк акцияны улантуу үчүн көп Эларалык уюмдарга кайрылды, бирок натыйжа чыккан жок. “Жакшы абысыныңа барганча, жаман сандыгыңы оодар”-демекчи, биз Баткен, Талас, Жалал-Абд, Оштун губернаторлорунун орун басарларына, жогорку окуу жайларынын ректорлоруна кайрылдык; медициналык кызматкерлер жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, өлкөдөгү вирустук гепатиттер боюнча абал жөнүндө маалымат берип, ар бир аймакта алардын алдын алуу, эмдөө, арзан дарылоого жергиликтүү башкаруу органдары менен бирдикте кандай иш-чараларды өткөрө алабыз дегендей кызуу талкуулар болду.
Жалал-Абад областынын губернаторунун оорун басары гепатит менен ооругандарды өзүнүн жеке көзөмөлүнө аларын айтып, Жаңы жылга ар бир айыл өкмөтүнүн бюджетине каражаты чектелген жарандарды акысыз вирустук гепатитке изилдеп, оорубагандарын вакцинациялоо үчүн акча караларын белгиледи. Бул саамалыкты Чаткал районунун администрациясы тез арада колдоп, 150 айылдаштарын гепатит Вга изилдеп, эмдөөгө каражат каралды.
Таш-көмүр шаарынын жаштары эки жылдан бери жолдон өткөн айдоочулардан каражат топтоп көп цирроз болгон сыркоолорду Индияга боорун алмаштырууга (пересадка печени) жиберип, көптөрү сакайып кеткенин зор кубаныч менен жыйында айтышты. Азыр да Үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери менен бирдикте иштеп, Таш-көмүрдүн 200 ашуун жарандарын эмдеп берүүнү өтүнүштү. Жалал-Абад областынын санитардык жана эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери У.С. Жоробаевдин көзөмөлүнүн астында поликлиникада анализдер алынып, вакцинация жасалды, бир айдан кийин гепатит В га каршы экинчи эмдөө да ийгиликтүү аяктады.
Ушул жылдын 8 октябрында Кара-Кулжа районунун айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, райондун бүткүл медицина кызматкерлеринин жыйыны болуп өттү. Анда вирустук гепатитке чалдыккандарга эртереек изилдеп диагноз коюп, дарылап, тазаларына эки эсе арзан баада вакцина сайып, бирдиктүү иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү чечтик.
Ошол мезгилде Кара-Кулжа районунун алыскы тоолуу айылдарынын медицина жактан тээлөө акыбалы менен танышып жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты А.Ш.Жээнбековго биздин Инфекционистер жана гепатологтордун кайрымдуулук акциясынын максаты – келечекте кан аркылуу жугуучу вирустук В, D гепатиттерин өлкөбүздө жок кылууга толугу менен шарт бар экенин, бул зор максат жалгыз эле медиктердин колунан келе бербесин, бүткүл журтчулугубуз өз ден-соолугуна кайдигер болбой чогуу аракеттенишибиз керектигин билдирдик.
Жыйында райондун акими П.А.Дыйканов кээ бир ФАП, поликлиникаларда бир да медициналык кызматкердин жоктугун, көпчүлүк учурда улгайп калган дарыгерлердин күчү менен гана иш жүрүп атканын, Айыл өкмөттөрүнүн башчылары медицина институт, окуу жайларына барып ректорлордон студенттерди ординатурага ушул алыскы тоолуу райондорго жиберүүсүн талап кылып анан аларды келин кылып алып, өкүл-ата болуп болсо да айылда кармап калуу керектигин күйүп-бышып айтты. Гепатиттер боюнча райондун саламаттык сактоо координаторуна ишти уюштуруп, анализ тапшырып, дарыланган, айыккан, вакцинация алган жарандардын тизмесин квартал сайын жыйында отчёт берүүгө милдеттендирип, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери бул акцияга активдүү катышып, ар бир айылдын каражаты чектелген жарандарын, көп балалуу жана майыптарын вакцинациялоого бюджеттен акча каралышын талап кылды.
Кара-Кулжа районунун кулуну – Ош областык мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы Мокеев Уланбек Мамасалиевич жакын туугандары гепатит D, цирроз менен ооруп, миңдеген каражыты кетип, Турцияга алып барып жакшы болбой калган, гепатиттердин эң кооптуу оору экенин өз көзү менен көргөн адам өзү туулуп өскөн Сары Булак айылынын 100 тургунуна биз менен бирге барып анализи менен биринчи вакцинасын каржылап келди.
Учурда элибиз кан аркылуу жуккан гепатиттердин тийгизген залалын жакшы эле билип калды, өздөрү анализ тапшырып, вакцина сайдырууда, көбүнчө шаардыктар. Салыштырмалуу 140 миллион калкы бар Россиянын гепатит В менен ооруган жарандарынан, биздин алакандай болгон өлкөбүздүн тургундары 5 эсе көп ооруйт. Себеби, россиялыктар деле акы төлөөнүн негизинде вакцина алышкан!
Эгерде жарым жылдын ичинде,1000 сом гана сарптап, гепатит Вга каршы эмдөөнүн толук курсун алып, өмүр бою циррозго, боордун ракына алып келүүчү эки (В жана D) гепатит менен оорубай калууга мүмкүн болсо, биз эмне үчүн ушундай оңой жана арзан шарттан пайдаланбай калышыбыз керек! Азырынча медицина рак оорусуна каршы тура албайт, бирок цирроз, рак оорусуна тез жеткирген гепатиттердин алдын алып, толугу менен жок кылууга шарт бар. Ал үчүн эл-аралык уюмдардын, жалпы коомубуздун жана мамлекеттик медициналык ишканалардын аракетин бириктирип кан аркылуу жуккан гепатиттерге каршы күрөшүү зарыл.ОИГК гепатиттин В жана С вирусун аныктоо анализинин, вакцинациянын 50% өз каражатынан төлөп өлкөбүздүн көп райондорунда баштоого жетишти.
Бул иш-чараларга колунда бар атка-минерлерди, чет-өлкөдө жүргөн биздин жердештердин коомдорун, губернаторлорду, депутаттыка талапкерлерди иш жүзүндө жардам берүүгө, калкыбыздын саламаттыгын, генофондун сактап калууга чакырышыбыз керек. Кыргыз элин төкпөй-чачпай, бөксөртпөй сактоого мүмкүн! Арабызда элге күйгөн, соопчулуктун жолунда жүргөн жарандарыбыз бар. Кечээ эле КТРКнын “Жаңылыктарынан” Ноокаттык бизнесмен бир көп балалуу үй бүлөгө турак жай тартуулаганын айтып чыкты! Алардын Кыргызстандын инфекционистер жана гепатологтор коому, өзүнүн көп каражатын сарптап, сунуштаган, вирустук В, С гепатиттерин эрте аныктап (экспресс-тест менен) , оорубагандарын вакцинациялоого катышуусу, кыска мөөнөттө миңдеген шайлоочуларды өзүнө тартып, партиянын аброюн көтөрүп, элди гепатиттен, өлүмдөн сактап калмак. Кыргызстандын инфекционистер жана
гепатологтор коомунун төрайымы,
С.Б.Данияров атындагы КМКДжАЖМИнин
жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы,
медицина илимдеринин доктору, профессор
Сапарбү Тобокалова
Булак: Bulut.kg