Турмушка эрте чыкканыма өкүнөм

Турмушка эрте чыкканыма өкүнөм

29.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

2015-жылы жылы 11-классты аяктап, жогорку окуу жайга тапшырабыз дегенге эки көзүбүз төрт эле. Тилекке каршы 2014-жылы 10-классымда турмушка чыктым. Жигитим өзүмөн он бир жаш улуу. Ал коңшулаш айылдан эле. Ошол күнү Талант мага келээрин айтты. Адаттагыдай мага жолугуп алып, кетет го деп ойлодум. Түнкү саат 23:00дөр чамасында келди. Анткени, үйдөгүлөр кызуу уйкуга кеткенден кийин гана ага терезе аркылуу чыгып, жолугуп келчүмүн. Бул ирет да терезеден саат 01:30дар чамасында чыктым. Ал тез арада үйлөнүшү керектигин айтып, колумду сурады. Мен ойлонбостон макулдугумду берген жокмун. Анткени, дарыгер болом деген кыялым бар эле. Ошентип, Талант экөөбүз машиненин ичинде көпкө сырдашып отурдук. Мен анын башка кызга үйлөнүшүн каалабадым. Азыр ойлоп көрсөм эмнеге тез арада үйлөнүшү керек экендигин сурабаптырмын. Ошентип таң сөгүлөйүн деп калганда ордума келип жаттым.

Талант эртеси күнү да кечээкиден эртерээк келди, жолугуп алып тез эле кетээрин айтты. Мен бөлмөмдү ичинен бекитип, терезеден чыгып, ага жолуктум. Анын машинесине жакындай бергенимде ал чыгып келип учурашты. Машинесин ачып, отуруумду суранды. Ичинде эки-үч бала бар экен. Мен отурбадым. Талант ой-боюма койбой көтөрүп отургузду. Астыдагы балдар айдап жөнөдү. Мени ала качып баратканын дароо туйдум да чыр чыгара баштадым. Алар болбой эе алып келишти. Айтор, отуруп калдым.

Нике түнү кыз чыкпадым. Кызык, бир да эркек менен жакындашкан эмесмин. Табиятыман жок чыкты.. Аныма күйөөм ишенген жок. Бирок шейшепке колунун канын тамызып койду. Анткени алар салтка бекем экен. Жеңелери шейшеп текшеришти эртең менен. Кыз чыкты дегенсип келиниңер уул төрөдү деп кайненемден сүйүнчү алышты. Күндөр өтүп, той да бүттү. Келин көрөбүз деп бирин-сирин анча-мынча адамдар келип-кетип жатышты. Ошентсе да карегимен чарк айланып жүргөн Талант маанайы жок жүрдү. Билгизбегенге аракет кылса да, баары бир туюп жаттым. Барган жерим жакшы, өз кызындай кабыл алышты. Бир кемчилигим ушул гана болду.

А сиз кандай ойлойсуз окурман? Ушундай болушу мүмкүнбү? Андайлар барбы?

Кийин боюма бүтүм, наристе күтө баштадым. Бул учурда классташтарым 11-класста окуп жүрүшкөн. Окубай калганыма абдан өкүндүм. Келечекке болгон бар үмүтүмдү үздүм. Күйөөм менен да жашап кетүүмө көзүм жеткен жок. Ал күн алыс ичип, кыз чыкпай калганымды мээме куюп, айыптап келет. Анын бул жоругу ажырашуума алып барды. Ооба, ошону билгем.​ Ошол күнү ал дагы кызуу келип, кол көтөрүп, сабап кирди. Ошондо апама чалып, алып кетүүсүн сурандым. Болгон жагдайды түшүндүрүп бердим. Апам мени андай нерсе үй-бүлөдө болуп тураарын, баары жакшы болоорун айтып, жөн отур деп урушуп койду. Ал деле жашап кетсин деди окшойт. Эсимде, апамдар кууп келишкенде өзүм кетпей отуруп алгам. Ошондо алар менен кетип калсам, баары жакшы болбойт беле. Баарына өзүм күнөөлүмүн.

Ай-күнүм жетим, толгоом башталды. Талант машинесин оталдырып, кайненем экөө мени салып жөнөштү. Жол боюу маанайы суз бара жатты. Аны байкап, туюп турдум. Жан дүйнөм эңшерилип, толгоонун эмес, санаанын азабын тартып бара жаттым. Ошентип райондогу төрөт үйүнө жеттик. Ооба, көз жардым. Татынакай уулду жарыкка алып келдим. Үч күндөн кийин төрөт канадан “тыңытып берели” деп өз апам алып кетти. Апама ыраазы болуп, сүйүнүп бара жаттым. Талант бир да жолу басып келген жок. Кайненем тамагын жасап алып, келип-кетип жатты. Арадан көп өтпөй ал коңгуроо согуп, ажырашаарын айтты. Апама айтсам, кудагыйына чалып, маселени убагында чечүүнү айтты. Акыры талаш-тартыш менен ажырашып тындык. Уулумду атам-энеме каттатып алдым. Уулум эки жашка чыкканда апама таштап, борбор калаага келип, жумуш таап, иштей баштадым. Корей, англис, орус тилдерин үйрөндүм. Учурда Сеулдамын. Абалым жакшы. Бир гана мектепти бүтүп, окубай калганыма кээде өкүнөм. Бирок, баары жакшы. Балам Таланттын өзү. Жалгызып, чырагым…

Учурда бир жигит менен мамиле куруп жүрөм. Ал да мурун турмуш куруп, тилекке каршы ажырашып кетишкен экен. Абдан жакшы адам. Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп, сактанып калдым. Айтсам кыжырданбаңыздар, башкысы мен бактылуу болсом болду. Бул менин чечимим. Ал корей жигити. Ооба, Кореяга келин болом. Ал жигит менден төрт жаш улуу. Жакында турмуш курабыз, колумду ата-енемдин алдына барып сурап кетет. Бул туурасында аларга айтсам, менин бактылуу болушум аларга маанилүү экенин айтып, чет элдик жигитке турмушка чыгуума эч каршы болушкан жок.

Ушул жерден мырзаларга айтып кетээрим, үй-бүлөнү бузбагылачы сураныч. Ага ишенмейин аны аялдыкка албагыла. Силер өзүңөрдүкү менен кошо дагы бир адамдын жашоосун булгап коюп жатпайсыңарбы. Дайыма жакшы ойлонуп анан иш жасагылачы мырзалар. Мырза, эркек деген даражаңарга татыктуу болгулачы мырзалар…

Бурулсун, Сеул шаары.

Булак: Bulut.kg