Жалал-Абад ОИИБдин алдында элдер эмнеге турушат

Жалал-Абад ОИИБдин алдында элдер эмнеге турушат

26.03.2020 Выкл. Автор bulut.kg

 Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун жашоочуларына жана конокторуна өлкөбүздүн аймагына жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрели саат 08.00гө чейинки убакытка өзгөчө абал киргизилгендиги туурасында Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты элге кайрылуу жасаган жана саат 20.00-07.00 аралыкка коменданттык саат киргизилген.

         Ошондой эле бүгүн саат 11.00дө түз эфирден чыгып коменданттык сааттын алкагында элге маалымат берип, жаралган суроолорго жооп берди.

  Ал эми соц.тармактарда Жалал-Абад ОИИБдин имаратынын алдында эл көп топтолуп тургандыгын тартып алган видеотасма боюнча төмөндөгүчө түшүндүрөбүз:

  • Коюлган талап жана бекем тартиптин арты менен көпчүлүк жарандарга чектөөлөр киргизилип, ээн эркин басууга кыйынчылыктар жаралган соң жана ишеним телефондору аркылуу байланышып, коюлган санитардык-эпидемиялогиялык карантиндик постордон чектөөсүз өтүү максатында, уруксат (пропуск) кагазын алуу үчүн келген атуулдар экендигин жана алардын маселеси учурда каралып жаткандыгын маалымдайбыз.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантынын басма сөз кызматы