ӨТКҮРБЕК РАХМАНОВ: “АР БИР КЕСИПТИН ТАТААЛ ТҮЙШҮГҮ БОЛОТ”

ӨТКҮРБЕК РАХМАНОВ: “АР БИР КЕСИПТИН ТАТААЛ ТҮЙШҮГҮ БОЛОТ”

30.11.2020 Выкл. Автор bulut.kg

— Өткүрбек ага, журналистика тармагына кандайча келип калгансыз?

— Менде журналист болом деген ниет такыр болгон эмес. Адистигим боюнча химик, эксперт-криминалистмин. Белгилүү себептерден улам, 2014-жылы январь айында 7-каналга келип, журналистика тармагындагы эмгек жолумду кабарчылыктан баштадым. Андан соң кызыгуу пайда болуп, автордук берүүлөрдү аркалай баштадым. Жетекчилик аракетиме баа берип, колдоп алды.

— Жумушуңузда кандай кыйынчылыктар болуп турат?

— Ар бир кесиптин татаал түйшүгү болоору талашсыз. Жакшы көргөнү бар, түшүнүп түшүнбөй эле жаман көргөндөрү да бар. Журналисттердин да кыйынчылыктары аз эмес.
Чыныгы бийликтин күчү – маалымат. Ушул нерсени ар кандай күчтөр пайдаланып, бийликтин тизгинин колго илгиси келет. Ушундай нерселер журналистерге бир топ кыйынчылыктарды туудурат.
Ак эмгек менен үй-бүлө багуу эң маанилүү.

— Соңку кезеңде саны бар, сапаты жок журналисттер кескин түрдө көбөйүп кетпедиби, сиздин оюңузча чыныгы журналист кандай болуш керек?

— Чыныгы журналисттин так позициясы болушу керек. Дегеним, кандайдыр бир маалыматты иликтеп чыгарса эки тарап өздөрүн актап, жалган-чынын аралаштырып айтышат. Кээ бири журналисттин башын айландырып, акчага сатып алышат. Алданган журналист жалган маалымат таратат, бирок баары бир анын жүзү ачылып калат.
Журналист болом деген жаштарга айта кетейин, эч кимди алдабай, жалган маалымат таратпай, окуя кандай болсо ошондой ачып бериш керек.

— Жумушуңуз тууралуу айтсаңыз?

— 2019-жылы сентябрь айында ачылган “Регион” телеканалын түптөп, иштеп баштадык. Коллективде жыйырма чакты адам иштейбиз. Элге колдон келишинче кызмат кылалы деп эмгектенип жатабыз.

— Буга чейин кандай ийгиликтерге жеткенсиз?

— Көп эле ийгиликтерге жеттик. Эмгек кыла берсек, эл баа берет.

— Алдыга койгон пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз…

— Алдыга койгон чоң пландар бар. “Регион” телеканалын өнүктүрүү үчүн бар күчтү жумшап, талбай иштеп жатабыз.Телеканалыбыз спутникке уланган. Бир жагы Азербайжанга чейин, бир жагы Россияга чейин көрсөтөт. Эл аралык деңгээлдеги белгилүү инсандардан интервью алып чыгаруу алдында турабыз.

Азирет Жуманазар уулу