Өрт былтыркыга караганда 21% аз катталды
25.10.2019Кыргызстанда өрт былтыркыга салыштырмалуу быйыл азыраак катталып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, былтыр тогуз айда өлкө аймагында 3796 өрт катталган болсо, быйыл ушул эле убакыт аралыгында 2990 болду. Бул былтыркыдан 21% азыраак.
Быйыл тогуз айдын ичинде өрттөн каза тапкандар 34 адам болду, былтыр бул сан 45ке жеткен.
Адистердин айтымында, өрттүн чыгышына биринчи кезекте этиятсыздык, андан кийин электр жабдыктарын эрежеге ылайык колдонбогондук, мештерди туура эмес салуу себеп болуп жатат.
Булак: Bulut.kg