ӨМҮР ӨКСҮГҮ

— Эне-оов… – дейт небереси. Баланын ушул сөзү чоң энесинин сай сөөгүн сыздатып, биротоло жалакай кылып бүтүрдү. Күнүгө жатарда анын сурагы башталат.
— Эне-оов, дейм!..
— Оу… Угуп атам, балам…
— Мен качан чоңоем?..
— Эртең эле чоңоесун, каралдым… Зыңкыйган бир жигит болосуң, садагаң кетейиним…
— Эне-оов… апам качан келет?.. — Баланын ушул суроосу эненин жүрөгүн шамшардай тилип өтөт.
— Келет, балам, колу бошобой жүрөт да… – деп жооп берет ооз учунан. Кызынын акча таап келем деп, Россияга кеткенине алты айдын жүзү болду. Ошондон берип таптакыр кат-кабары, дайыны жок. Эненин, ичкине – ирим, жегени – желим болуп жүргөнүн, же небереси билсечи. Анан минтип, күн сайын жатарда, жараатын аймагандай, жанын койбой суроо берип келет.
— Эне-оов!..
— Угуп атам, балам… Болдучу эми, укта…
— Нурчиктин ити беш күчүк тууп коюптур…
— Ии, ырас болгон турбайбы… Эркек күчүгүнөн бирди сурап, багып алалы, анда…
— Энеси бербейт да…
— Нурчиктин энеси, мине ит ферма ачмак беле, берет эле…
— Иттин энесин айтып жатам, эне… Жанына эч кимди жолотпой экен…
— Ий, десең…
— Эне-оов!.. Күчүктөрүчү… жабышып алып, апасынын мамагын эмишет экен… Мен апамын мамагын эмдин беле?..
— Эмбей анан… Апаңын сүтүн кактап эмет элең да…
— Апамын мамагы чоңбу?..
— Шо, Нурчиктин итинин башындай мамагы бар да апаңдын… Болду эми укта, балам… — Энеси тунжурай ойго батты. Сыртта саратан чырылдайт. Заматта жым-жырттык өкүм сүрдү.
— Эне-оов!..
— Эне дегениңен сенин… Мине, уйкуң келбей атабы?..
— Эртең менен апам келип калса, мени жабандын ичине бекитип коюң…
— Минеге, ботом?..
— Издесин да… таппай, үйдүн ичин тегеренип издей берсин, издей берсин. А мен жабандын тешигинен карап отура берем… — Баланын ууртуна күлкү чайгандай, жайдары үн катты.
— Макул, балам… Макул… – деди эненин үнү кардыга.
— Эне-оов!..
Энеси калп эле уктамыш болуп, коңурук тарткан болот.
— Эне-оов, дейм!.. – бала башын көтөрүп энесинин жүзүнө тигилет.
— Көзүңөн сенин, алаңдаган… Уктачы эми, балам, эртең сүйлөшөбүз…
— Сизди апаңыз жакшы көрчү беле?..
— Жакшы көрбөй анан… Баласын жаман көргөн апа болбойт, каралдым… “Ит деле баласын бербейт”, деп атпайсыңбы… – деп ушул сөздү айтып алып, тилин тиштегендей, денеси зыркырай түштү.
— Анда минеге, мени апам жакшы көрбөйт?..
— Антип сүйлөбө, балам. Апаң сен үчүн жанын берет… Мына… елесепет алып берди го…
— Алдабаң…
— Алдабай этпей, эле… Апаң акча салды эле, мен сага елесепет сатып бердим… – “Бала тамырчы” деп бекеринен айтпайт тура, энеси алып берген велосипедди бир күн дагы тепкен жок. Кубанып, куйтуңдап сүйүнгөнүн байкабады энеси. Небересинин “алдабаң” деген сөзү өзөгүн өрттөп турду.
— Анда минеге телефон чалбайт?.. Нуриктин апасы күнүгө сүйлөшүп атат го…
— Телефонун жоготуп койгон окшойт… Же акчасы түгөнүп калса керек да…
— Анда уйду сатың…
— Минеге?..
— Апама телефон алып берели…
— Майли, балам… Апаң келсин, каалаганын алып беребиз, — небересинин саамайынан сылап, чачынан “шуу” жыттап койду.
…Турмуштан жолу болбогон, тагдыры тайкы кызынын убайымын тартып, азыр эле кирип келчүдөй, астанага көзү байланат. Небереси уктагандан кийин, төркү үйгө кирип алып, бугун чыгарганча ыйлайт. Анан кантсин, байкуш эне?.. Ариет-намыстан акчанын баркын бийик койгон бул шум заманга миң наалат айтып, беш убак намазын үзбөй окуп, кызы менен небересинин өмүрүн тилеп, жаратканга күнү-түнү жалынып отурат. Өмүрдө тирек болуп келген карачечкей бир тууганын дагы жадатып бүттү. Бир күндө он жолу телефон чалып, кызынын дайынын сурайт. Жашынан орой өскөн иниси, эжесинин көңүлүнө карабай, “Ачка калсаң дагы, жалгыз кызыңы колтугуңа басып отура бербейт белең…” деп жемелегинин койбойт. Акыркы күндөрү кан басымы көтөрүлө турган болду. Тамакка табити тартпай калды. “Доктурга жатың, жеңе, муну менен азилдашпаң…” деген айылдык фельдшердин сөзүн укпай жүрөт. Өткөндө көчөдө жолуккандагы доктурдун, “Жеңе, муну менен азилдашпаң…” дегенин эстеди. “Таним сак…” деп кутулган.
Небереси күн сайын үйдүн бурчуна төрт бүктөлөп жатып алчу болду. Маанайы чөгүп кетти баланын. Эшиктен кирип эле ошол бурчка кулап түшөт. “Өй бала, тур… белиңе суук тиет. Керебетке жат…” дейт энеси. Жок, небереси, ага көнбөйт. Дубалды тиктеп, үнсүз жата берет. Жамбашы талыганда туруп кетет… Энеси үйдүн ичин жыйнаштырып жүрүп, небереси жаткан бурчтагы кийизди көтөрүп, нес болуп катып калды. Көрсө, баласы бул жерге бекер жатып жүрбөптүр. Кийиздин алдынан кызынын сүрөтүн таап алды. Апасынын сүрөтүн медер тутуп, күн сайын тиктеп жатчу тура, небереси. Төбөсүнөн муздак суу куйгандай калтырап, теңселе жыйылган жүккө таянды. Муундары калчылдайт. Эптеп ашканага жетип, оор улутуна жер тиктеген бойдон, мелтирейт. Телефондун чарылдаган үнү жаңырды. “Укпай калбайын” деп атайын үнүн бийиктетип алган. “Угуп атам, Темир…” деди үнү каргылдана. “Кызыңа иш таап берем деген кызды, кармап, бүгүн камашты…” деген үн чыкты ары жактан. “Минеге?..” дейт эжеси, түшүнбөгөндөй. “Минеге!.. Минеге!.. кызыңы алдап, казактарга сатып ийиптир, бу акмак… Элчиликтен бирөөнү алып, бүгүн Керезге кетип атам… Болду эми ыйлаба… кызың тирүү…” деген инисинин сөзүн угуп-укпай, столго өбөктөй өксүп ыйлап жиберди.
— Олдо, шорум, ай!.. Ушундан көрө өлүп калсамчы… — өпкөсү көөп, энтиге ыйлап жатты. Ал небересинин артында турганын байкаган жок. Чоң кишинин ыйлаганы ага өөн учурады. Чоңдор эч качан ыйлабайт деп ойлочу.
— Эне-оов!.. – энесин кучактай жалдырай тиктейт. “Селт” эте ордунан туруп, көзүнүн жашын сүртө, небересин бооруна кысты.
— Эне-оов… өлөм дебечи… — акырын кулагына шыбырап.
— Өлбөйм, балам… Өлбөй калайын… Муундарыма суук тийип тызылдатканда, ушинтип, жаныңды кашайтат экен да… – Өмүрдүн өксүүсүн эрте туйган баласынын кайратын көрүп, эне чыңала түштү.
“Кызыңы сатып ийиптир…” деген инисинин сөзү башына барскан менен ургандай солк эттирген. Кантсе да, Керезинин келе турган кабарын уккан соң, орой болсо дагы бетке чапма бир тууганын айтканына кайыл болбоско не чара. Карачечекейи да, башка бирөө бир тууганын бермек беле?.. Небереси бурчтагы ордуна барып жатып алыптыр. “Сүрөттү албай, кайра койгонум ырас болуптур” деди ичинен. Баланын кусалуу кебетесин көрүп, ток тепкендей таманынан төбөсүнө чейин ысык кан жүгүрдү. Негедир көзү тунарып, тили кургайт. Догдур берген дары деле жардам бербей жатты…
Күн кылайып уясына батып баратты. Кеч киргенде эле эненин санаасы тынчыбай, күйпөлөктөй баштайт. Эми небересинин сурагы башталат. Анын зиректигине ичи жылыганы менен, суроолору кудум эле кызыл ыштан тоңкулдактай мээсин кажып турат. Төшөккө жаны тарта баштады. Куптанын араң окуду. Тунарган көзү айланага алсыз тигилет. Жаздыкка кыңкайып, туңгуюкка сүңгүдү.
— Эне-оов!.. – деди бала адатынча. Энеси унчукпады.
— Эне-оов!.. Эртең апам келсе, бекинбей эле, алдынан тосуп чыгайынчы… Сен алып берген елесепетти минип алайын… Эне-оов!.. — деди бала. Бөлмө ичи тып-тынч.
Арманын айтып, түнү бою какшаган сүтактай, эселек бала, эртеңки күндөн үмүтүн үзбөй, “Эне-оов!.. Эне-оов!..” дей берди. Энеси көөшүлүп түбөлүк уйкуга кеткенин бала туйган жок.

Шекербек Калыков. Бишкек шаары. 15.04.2020ж