Өзүм менен өзүм сүйлөшкөн адат таап алдым
15.10.2019— Атым Мирбек, 19 жаштамын.
Соңку күндөрү бир кызыктай болуп жүрөм. Бул абалымды көргөндөр боору эзиле күлүп жатышат. өзүм да уялып кетип, жылмайып кутулам… Айтор, ушундай болуп жатат. Ха-ха-хаа, эмнеден баштап айтарымды билбей турам.
Бүгүн колледжден лекция учурунда өзүм менен өзүм сүйлөшүп кеттим. Анымды группалаштарым катары менен каткырып күлүп жатышканда байкап калдым. Уялып кетип, — Тамаша достор, көңүлдү көтөрүп коёюн дедим, — деп кутулмакчы болгонумда мугалим Ташматова Тамара “Сенин көңүлүңдү мен көтөрүп жүрбөйүн” деп аудиториядан кууп чыкты.
Минтип жүргөнүмө бир айдан ашып калды. Бул ооруну бир түрүбү же өзүм адатка айлантып алдымбы? Өзүмдү такыр контролдой албай калдым. Эмне кылсам болот эми? Же ушинтип жүрө беремби?..
Булак: Bulut.kg