Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбай Абдуллаев Кыргызстандын визиткасы — Өзгөн күрүчү
25.04.2019Кыргызстандын визиткасына айланган
өзгөн күрүчү ар бир жакшылыкта
ашканабыздан орун алып, андан сыйлуу
коногубузга тамак жасалары жалпыга
маалым. Ошол өзгөн күрүчүнүн мекени
болгон ОШ облусунун Өзгөн районуна
жаз мезгилинин май айында сапар тартчу
болсоңуз, кулпура ачылган кызгалдактар
алыстан эле өрт кечкен сымал көрүнүп,
жүрөктү кубантып, жан дүйнөнү
делөөрүтөрү анык.
Мен бүгүн сөз кылчу айыл күрүчтүн
кичи мекени болгон Өзгөн районуна
караштуу Рысбай Абдуллаев жетектеген
Жылалды айыл өкмөтү. Жогорку
билимдүү, өз ишин жакшы билген Рысбай
мырза жалпы жамааты менен бирдикте
жакшы иштерди алып барып жаткандыгы
менен кубантып келет. Жылалды айыл
өкмөтү Өзгөн районунда гана эмес,
республикалык деңгээлдеги эң алдыңкы
айыл өкмөттөрдүн бири экени талашсыз.
Эң алдыңкы айыл аймактарынын бири
болгон Жылалды айыл өкмөтүн башкарып
жаткан Рысбай мырзаны кепке тарттым.
— Рысбай мырза айтсаңыз, айылда канча эл жа-
шайт жана алар тиричилигин кантип өткөрүшөт?
— Биздин Жылалды айыл өкмөтү алты айыл-
дан куралган. Алты айылда он бир миң калк жашайт.
Төрт мектеп орун алган. Айылдаштарыбыз негизи-
нен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен жан
багышат.
— Мал чарбачылыгы болгондо кайсыл малдар ба-
сымдуулук кылат?
— Кой, уй, жылкы, эчки багылат. Бизде баш-
ка райондорго салыштырмалуу күн ысык болгонуна
байланыштуу, топоз багылбайт.
— Дыйкандар дан эгиндеринин кайсынысына
көбүрөөк басым жасашат?
— Биздин жер жер айдоого ыңгайлуу келет. Дан
эгиндеринен жүгөрү, арпа, буудай, сулуу, таруу баа-
рын айдашат. Акыркы мезгилдерде жер жемиштери-
нин да түрүн айдоону адатка айлантып жатабыз. Ал
эми айылдаштарыбыздын басымдуу бөлүгү күрүч ай-
дашат. Жалпы кыргызстандыктарды тамшандырган
Өзгөн күрүчү бизде көп айдалат.
— Айыл өкмөттүн курамында жалпы канча киши
иштейт?
— Биздин мекемеде жалпысынан он сегиз киши
иштейт. Ар киши өз тармагынын адиси.
— Кароосуз калган кары картаңдар, жетим же-
сирлерге, инвалиддерге жардам берүү силерде кандай
каралган?
— Чындыгын айтуу керек кароосуз калган кары
картаңдар биздин айылда жок эсе. Эми жашы улуулап__
калган балдарынын маңдайында балпайып төрдө ол-
турган карыя аталарыбыз, апаларыбыз бар. Аларга
майрамдарда колдон келген белек бечкектерибизди
берип баталарын алып турабыз. Ал эми, жетим-жесир-
лерге көмөк көрсөтүп, мектепке төлөнчү акылардан
же башка айыл өкмөттүн карамагына караштуу чы-
гымдардан баш тарттырууга аракет жасап келебиз.
Айылыбыздагы инвалиддердин болсо жөнү башка.
Калктын аялуу катмарына айланган оорулуу заман-
даштарыбызга колдон келген жардамыбызды берип
келебиз. Мамлекет тарабынан же болбосом, жеке ко-
омдук уюмдардан берилген гумжардамдардын барын
толук үйлөрүнө жеткирип берүүгө далалат жасай-
быз.
— Жетим жесирлердин, оорулуулардын көп болу-
шунун себеби эмнеде?
— Жетимдердин, оорулуулардын санынын
көбөйгөнүн ар тараптуу алып кароого болот. Тур-
мушта ар кандай кырдаалдар кездешет эмеспи. Эми
коомубузда, айылыбызда жетим балдар же оору-
луу балдар көбөйдү деп таштап коё албайбыз антүүгө
акыбызда жок. Ошол жаш муундар биздин келечек.
Аларды жетим же оорулуу деп таштап койбостон, ке-
лечегине шарт түзүүбүз зарыл.
— 1-май майрамы Өзгөн районунда жакшы маа-
найда өтөт эмеспи, даярдыктар кандай?
— Туура айттыңыз, башка аймактарга салыш-
тырмалуу Өзгөн району 1-май мурунку эмгекчи-
лердин майрамын эң жогорку деңгээлде өткөрөт.
1-2-майда Өзгөн шаарынын борбордук стодионунда
Зулпукар Ормонов атындагы спорттук турнир болот.
Ага бардык айыл өкмөттөр катышат. Биздин айыл
өкмөттүн спорттук командалары да быйылкы жылкы
өтүүчү спорттук оюндарга кызуу даярданышууда.
— Зулпукар Ормоновдун элесине арналган жалпы
спорттук турнирде айыл өкмөттөр боз үй тигишет
деп айтышты…
— Туура угупсуз, Өзгөн районуна караган он то-
гуз айыл өкмөт жана Өзгөн шаары болуп жалпысы-
нан жыйырма боз үй тигилет.
— Ар бир айыл өкмөт тикккен боз өйдө жасалчу
тамак ашты айыл өкмөттөр өзү каржылайбы?
— Биз боз үйдү алып барып тигебиз. Бирок та-
мак ашка Зулпукар Ормонов атындагы турнирдин
уюштуруучусу, Улукбек Ормонов акча бөлөт.
- Ошончо боз үйдөгү тамак ашты ким жейт.
- Майрам көргөнү келген жалпы райондун эли жейт.
Мисалы биздин айыл өкмөттүн атынан тигилген боз үйдөгү тамак
ашты өзүбүздүн айылдыктар жешет. Жалпысынан
алып караганда Улукбек Ормонов турнир көрүп май-
рамдаганы келген замандаштар ачка кетпесин деген
ойдо ушул нерсеге көңүл бурса керек деген ойго ка-
былам. Негизинен 1-2-майды жалпы район эли күтөт
десем жаңылбайм.
— 9-май жеңиш күнүн кантип белгилейсиңер?
— Эми 9-май тарыхый күн экени белгилүү. Биз-
ди ушундай заманга жетишибизге өбөлгө түзгөн.
Ардагерлерибиздин саны жыл санап азайып барат.
9-май Жеңиш күндүн урматына карата ардагерлер-
ди чакырып сый тамак уюштуруп, колдо болгон беле-
гибизди тапшырабыз.