Өзгөн районунун дене тарбия комитетинин төрагасы  Калдар Эркинов:“Ата сыйлаган абийир табат”

Өзгөн районунун дене тарбия комитетинин төрагасы Калдар Эркинов:“Ата сыйлаган абийир табат”

25.04.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Совет доору ыдырагандан тартып, СССР кезинде шаан-шөкөт менен майрамдалган 1-май

Эмгекчилердин күнү майрамдалбай калганына карабай, бул майрам он жети жылдан бери Өзгөн шаарында

шаң менен коштолот. Себеби Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты Улугбек

Ормоновдун демилгеси менен атасы Зулпукар Ормоновдун жаркын элесине арналган турнир жыл сайын

өткөрүлүп, жалпы райондун элине майрамдык маанай тартуулайт. Быйылкы 1-май майрамын утурлай, райондун дене тарбия комитетинин төрагасы Калдар мырза менен турнир жөнүндө баарлаштык.

Зулпукар Ормонов атындагы спорттук турнир кайсы

жылдан бери өткөрүлөт?

— Зулпукар Ормоновдун жаркын элесине арналган

турнир 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет. Чындыгын

айтуу керек бул мелдешти чыдамсыздык менен күтүп,

жыл бою даярданган жаштарыбыз да жок эмес. Себеби,

райондук деңгээлдеги мелдештердин ичинен Зулпукар

Ормонов атындагы турнирге коюлган акчалай жана

кызыктыруучу сыйлыктардын баасы жогору. Ал эмес

райондогу он тогуз айыл өкмөттүн жана Өзгөн шаарынын

башын бириктирген чоң майрам уюштурулган, жалпы элге

жагымдуу маанай тартуулаган турнир десем жаңылбайм.

Өтө турган мелдешке спортчуларды кандай багыттар

боюнча тандайсыздар?

— Өзгөн районунун айыл жаштарынын арасында

мелдештер “Дени сак улут. Өнүккөн өлкө” деген ураандын

алдында 28-29-30-апрелде өтөт. Мурунку жылдары

спорттун алты түрү боюнча мелдеш өткөрүлсө, былтыркы

жылдан тартып жети түрү боюнча өткөрүлүп жатат.

Айыл жаштарынын мелдештеринен утуп чыккан команда

1-2-майда өтө турган Зулпукар Ормонов атындагы

турнирге жолдомо алат.

— Калыстар тобу жөнүндө айта кетсеңиз?

— Биринчиден, лицензиясы барлар, экинчиден, дене

тарбия мугалимдери жана машыктыруучулар ошондой

эле спорт тармагында иштеген кызматкерлер калыстар

тобунун курамын түзүшөт. Алар спорттун ар бир түрү

боюнча эрежесине жараша калыстык көрсөтүшөт.

— Турнир спорттун кайсыл түрлөрү боюнча өтөт?

— Мурунку жылдары спорттун алты түрүнөн өткөзүлчү.

Алар волейбол, футбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат,

кол күрөш, ардагерлердин жана кыз-келиндердин

волейболу. Былтыркы жылдан бери биз таяк тартыш

боюнча мелдештерди киргиздик. Таяк тартыш оюндары

көчмөндөр оюндарында да бар экен. Биздин улуттук

спортту өнүктүрүү боюнча борбор тарабынан бизге сунуш

беришти. Биз Улугбек Зулпукарович менен сүйлөшүп,

макулдашып, категориялык салмактар боюнча таяк

тартыш оюнун киргиздик.

— Он жети жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе

жаткан турнирде кандай өзгөрүүлөр бар?

— Эми чынын айтуу керек, он жети жылдан бери ар жыл

сайын үзгүлтүккө учуратпай турнир өткөзүп келе жаткан

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормоновдун

көрөгөчтүгү жана элди сыйлай билгендиги,

атасынын арбагын унутпай элден бата алышы деп

түшүнөм. Зулпукар Ормонов атындагы турнир

жылдан жылга оюндарды көбөйтүү менен элдин

купулуна толууда. Ал эми акыркы эки жылдыкта

коюлган акчалай сыйлыктардын баасы өтө

жогорку деңгээлде экенин айта кетпесем болбос.

— Башка спорттук турнирлерден эмнеси менен

айырмаланат?

— Жогоруда айтылгандай Зулпукар Ормоновдун

жаркын элесине арналган турнир биринчиден,

жалпы райондун элин бириктирет. Райондун элин,

Өзгөн шаарынын райондук стадионуна чогултуп

гана тим болбостон, жалпы жыйырма боз үй тигилет. Ар бир айыл өкмөттөн

келген коноктор өз айыл өкмөтүнүн аты жазылган

боз үйгө кирип даам сызат. Борбордон келген

жана жергиликтүү ырчылар турнирдин көркүн

ачып ырдап, бийлеп жалпы элге чоң майрамдык

шаң тартуулашат.

— Жалпы эле сыйлыктарга ким демөөрчүлүк

кылат?

— Турнирдин өтүшүн камсыздаган Улугбек

Зулпукарович бир туугандары менен ар бир

оюндун жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды

тапшырат.

— Эгер сыр болбосо, жеңүүчүлөргө бериле турган

сыйлыктардын баасы канча?

— Мурда эркектер арасында өткөрүлгөн

волейбол мелдешинде жеңишке жетишип,

биринчи орунду ээлеген командага элүү миң,

экинчи орунга отуз миң, үчүнчү орунга он миң

сом. Ошондой эле кыз-келиндер командасында

биринчи орунга жыйырма миң сом болсо, экинчи

орунга он беш миң, үчүнчү орунга он миң сом. Ал

эми ардагерлерге биринчи орунга тогуз жарым

миң, экинчи орунга жети жарым миң, үчүнчү

орунга төрт миң сом берилчү. Быйылкы жылдын

өзгөчө жаңылыгы төртүнчү орунду багынткан

командага да сыйлык берилери айтылып жатат.

Бирок сыйлыктын баасы азырынча сыр боло

турсун. Жалпы майрамдын жүрүшүндө ачыкталат.

Өзүңүз айткандай жалпы Өзгөн элине майрам

тартуулаган Зулпукар Ормоновдун элесине

арналган турнирдин келип чыгышына кайрылсаңыз?

— 2003-жылдары Улугбек Ормонов атасынын

жаркын элесине арналган турнир өткөздү.

Менимче атасына куран окутуп эскерген

сыяктуу элдин башын бириктиргиси келгендей

ой жүгүртсө керек. Бирок ошол жылдардан бери

атасынын атын даңазалап ар жыл сайын спорттук

мелдештерди өткөзүп келиши анын атасына

карата сый-урматынын чексиз экенинен кабар

берет. Атасындай болгон аксакалдардан баштап,

боз чыбык минген жаш балдарга чейин майрамга

чакырылышы бул Улугбек Ормоновдун атадан

жакшы таалим алгандыгы деп билем. Эне

сыйлаган элге жагат ата сыйлаган абийир табат

деген накыл кеп дал ушул Улугбек Ормоновго

айтылгандай.