ҮМҮТАЙ АБДЫШОВА, ырчы: «Мага жаккан мырзанын жердигине карабайм»

ҮМҮТАЙ АБДЫШОВА, ырчы: «Мага жаккан мырзанын жердигине карабайм»

27.06.2023 0 Автор bulut.kg

– Кандайсың Үмүтай, маегибизди балалык кезиңден баштасак…

– Балалыгым айылда эле өткөн. Таята-таенемдин колунда өскөндүктөн айылдын турмушун жакшы

билген кызмын. Айылда жүргөндө курак курап, шырдак шыручумун. 5-класста өзүмдүн апамдын колуна келип шаардык кыз болгом. “Аккан арыктан суу агат” дегендей, апам өтө таланттуу адам. Ал киши кыргыз тили, адабияты сабактарынан мугалим болгондуктан мага жакшы таасири тийди деп айтсам жаңылышпайм. Анткени мугалимдердин балдары тыкылдап сүйлөп башкалардан айырмаланып турат эмеспи. Апамдын мугалим болгонуна байланыштуу “Эл караган бети жер карабасын” деп айылда окубаган окууну шаардан окуй баштадым.

– Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамыңды айтсаң?

– Айылдан келгенден кийин апам мени Балыкчы шаарындагы балдар музыкалык мектебине алып барып Максүт Жунушакунов деген агайдын колуна тапшырган. Алгачкы кадамымды ошондо таштагам десем болот. Ал жерден Атайдын, Токтогулдун жеңил күүлөрүн үйрөндүм. Анан 7-классты бүтүп каникулга  айылга барганда элдин баары “Үмүтай, сен комуз үйрөнүп жаткан турбайсыңбы. Кана эми ырдап берчи”- деп сурана баштады. Көрсө, комуз черткен адам ырдайт деген ой ар бир адамда болот экен да. Ошондо элдин сөзүнө намыстанып үйгө кирип, комузду алып “Таалай элеси” тобунун “Жүрөк сыры” аттуу ырынын комуз менен башталган жерин терип чертип үйрөнүп алдым. «Эмне үчүн мен ырдабайм?»- деп ошондо гана мага идея келди. А бирок ага чейин ямаханын, аккордеондун коштоосунда ырдачумун. Ошентип, андан кийин кайсы жакшы ыр чыкса эле комузга салганга аракет кыла баштадым. Ал кезде азыркыдай интернет, телефон деген жок болчу. Радиодон жакшы ырлар жаңырып калса жанталашып жазып алчумун. Эгер сөзүн толук жазганга жетишпей калсам анда ручка, барак даярдап алып ошол ыр кайра жаңыргыча күтүп отурар элем. Ар бир ырды жаттап, комуздун коштоосунда жакшы өздөштүрүп алчумун. Анан агайымдын жанына барганда күү үйрөнгүм келбей “Агай, мен жаңы ыр үйрөндүм. Ырдап берейинби?”- деп ырдасам мактап калчу. Ошентип ырчы болуп кеттим (күлүп).

– Бала кездеги кыялдарыңдын канча пайызын орундата алдың?

– Негизи эле кыялкеч адаммын. “Жаштын тилегин берет” дегендей, кичинекей кезимде майда-чүйдө нерсеге чейин кыялданчумун. Ырдаганды, комузум экөөбүз дүйнөнү кыдырсак деп кыялданар элем. Атүгүл ошондой ат менен гезитке да чыккам. Ошол тилектер билинбей эле орундалып жаткан учур. Саякаттоо менен ырчылык кесибимди айкалыштырып дүйнөнүн көп жерин кыдырдым. Көпчүлүк кыялдарым орундалып келе жатат.

– Соңку убакта Түркияга көп барып калдың?..

– Туура айтасың, жакындарым тамашалап: “Сен Бишкек-Кара-Балтага каттаган сыяктуу эле Түркияга каттап калдың го”, – деп калышат. Биринчи жолу Түркияга студент кезде стажировкага баргам. Андан соң тил билгенимден улам болсо керек, буга кошумча түркчө ырларды көбүрөөк ырдайм, ошого да байланыштуу Түркиядагы Кыргыз достук маданият коому менен тыгыз иштешип келем. Ал жакка ар дайым маданий иш-чараларга жетектөөчү агаларыбыз чакырып турат. Акыркы убакта улам-улам өтүп жаткан көргөзмөлөргө барып-келип жатам. Башында мени көргөндөр казак дешчү. Азыр бир көргөндө эле кыргыз дешет. Аны менен катар Үмүтай, комуз деген сөздөрдү да билип, таанып калышты. Бул да болсо кыргыз маданиятына кошкон салымым болсо керек деп ойлойм.

– Канча тилде эркин сүйлөй аласың?

–  Колдон келсе көп тил үйрөнүп алсаң жакшы да. Бул замандын талабы. Себеби барган жериңде бирөөгө көз каранды болбой эркин баарлашканга, алардын маданиятын билүүгө жакшы өбөлгө болот экен. Мен Кыргыз-Түрк «Манас» университетин аяктагандыгыма байланыштуу тилден көп маселе жаралбайт. Дүйнөнүн кайсы бурчуна барбайлы кыргыздар, алар менен катар түрктөр да көп жайылган. Түрк тили болуп саналгандыктан түркчө көбү билет. Англисче нан сурап жеп, суу сурап ичкенге жарайм. Көп учурда котормочунун жардамысыз эле баарлашып кете алам.

– Жеке турмушуңду сурабасам болбос, колуңду сурагандар барбы?

– Ооба, ар дайым элдин көзүндө жүргөндөн кийин биринчи эле “Саламатсызбы, жакшы ырдайт экенсиз, каяктык болосуз?”,- деп сурашат. Андан кийин эле “Бойдоксузбу же бойдок эмессизби”, – деген суроо узатышат. Мен бардыгын ачык айтам. Колумду сурагандар абдан көп. Бирок бир жолу сүткө тилимди күйгүзгөндөн кийин, айранды ар дайым үйлөп иче турган болуп калгам. Чындап эле мен эңсеген, мени сүйгөн жигит алдымдан чыгып калса, эч нерсени ойлонбой туруп турмушка чыгууга даярмын.

– Кыялыңдагы мырза кандай болушу керек?

– Жоопкерчиликтүү, үй-бүлөгө камкор, оор басырыктуу, ыймандуу мырза болсо эле жетет. Эгер үй-бүлө кура турган эки адамдын көз караштары бир болсо, анда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңсе болот. Мага жаккан мырзанын жердигине карабайм. Бирок сүйлөгөн дикциясына карашым мүмкүн. Анткени адабий тилде сүйлөбөгөндөрдү көрсөм эле эмнегедир кыжырым келе берет. Балким, апамдан тышкары өзүм дагы тилчи болуп калгандыгым үчүн аябай маани берсем керек.

– Эркин микрофон…

– Кыргыз элине тынчтык, бакубат жашоо, бейпилдик каалайм. Мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө ар бир жаран салым кошуп түшүнүү менен мамиле жасасак баары жакшы болот. Келечекте алдыңкы өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктайт деген ишеничтемин. Элибиз дайым бейкуттукта өмүр сүрсүн!