Эрмек Маркабаев Сары-Өзөн Дыйкан базарынын директору: “Ата-энем жоопкерчиликти талап кылышчу”
06.05.2019— Артка кылчайгыс балалыгыңызга бир кайрылсак?
— Жакшы болот. Балалыгым, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өттү. Беш бир-туугандын эң кенжеси, ата-энемдин сүймөнчүктү эркеси болуп чоңойдум. Башка Көл кылаасында бой жеткен жаштар сыңары, керемет Ысык-Көлүбүзгө балыктай сүзүп толкундар менен жарышып эр жеттим десем болот. Негизи балалыкты эстесем, куулук шумдукту билбеген ата- энемдин доорунда эч нерседен капарсыз чоңойгонум эске келет. Ал кездин мезгил талабыбы же ата- эненин тарбиясынын күчүбү жаштардын көз карашы, турмушка болгон ой жүгүртүүсү башкача болор эле.
— Ата-энеңиз сизге берген тарбияны балдарыңызга берип жатам деп ойлойсузбу?
— Ар бир ата-эне балдарына колунан келген, алынын жеткенинче жакшы тарбияны берет эмеспи. Мен ушул суроого бир турмуштук окуяны мисал келтиргим келип турат. “Бир генерал кишиге, өзүнүн жолун жолдоп генерал болгон уулу келип:
— Ата, негизи элибизде атага тең уул, атадан кем, атадан артык уул деп айтып коюшат экен. Мына менда сизден кем болбой тең уул болуп генерал болдум десе атасы сен али мага тең боло элексиң дейт имиш. А эмне үчүн, мен деле генералмын да сиздей эле деп баласы суроо узатат. Ошондо атасы ээ уулум, сен да уулуңду тарбиялап уулуң өзүңдөй генерал болгондо мага тең болосуң”-деген экен. Ошол генерал сымал менин да уул-кыздарыма, элдин жүгүн мойнуна артып, элдик уул- кыз болгондо ата-энемдей тарбия берипмин десем болот. Азырынча айтууга эрте.
— Атаңыздын кайсыл сапаты сизге көбүрөөк өткөн?
— Атам, Маркабаев Карасай Илебаевич, вет врач болуп эмгектенген. Өтө жоопкерчиликтүү, ар бир ишти өз орду менен жасаган, тарбияга мыкты, ишенимди достукту бекем сактаган инсан болгон. Биздин келечегибизге кам көргөн. Жалпыга белгилүү болгондой 1990-жылдардан кийин, биз эркин мамлекет болгон каатчылык замандарга туш келдик. Жалпы журт кыйналып, жегенге нан калбай калган мезгилдер өтпөдүбү. Ошол кезде атам, бизди жаман жолго түшүп кетпесин деп жакшы кептерин айтып, жакшы жолго үндөдү. Атам бизге гана эмес, ошол кездин жаштарынын келечеги кандай күнгө туш келер экен деп кадимкидей кайгырчу. Тилекке каршы биздин эл уулдары болгонубузду көрбөй өтүп кетти.
Менде атамдын жоопкерчиликтүүлүгү жана патриоттуулук сапаттары камтылган. Ошол асыл сапаттардын арты менен учурда көп ийгиликтерди багынтып келем.
— Апаңыздын кайсыл тамагын сүйүп жегенсиз?
— Апам, Абдиева Нуриля Урматовна мектепте отуз жылдан ашык
англис тили сабагынан мугалим болуп эмгектенди. Эл агартуунун отличниги жана көптөгөн
сыйлыктардын ээси эле. Апам, Бишкек шаарында төрөлүп өскөн. Окууну аяктаганда
совет учурунун талабы боюнча Ысык-Көл жергесине барып ошол жакта иштеп жүрүп,
атам менен таанышып турмуш курушкан. Ар бир тамакты мыкты жасачу. Бирок мен эң
сүйүп жеген тамагым, бизде Ысык-Көл жергесинде кургак кесме деген тамак бар.
Ошону апам катыра жасачу. Анан картошка кошулган манты. Керек болсо, апакем
бул тамактарды атайын мен үчүн жасаган күндөрү болгон. Ал тамактардын даамы
дале эсимде. Тамакты гана катыра жасабай, тарбияны да мыкты берген. Атамдай
жоопкерчиликтүү эле. Талапты катуу койчу, тактыкты жакшы көрчү. Достукту,
бир-тууганга жалпы эле туугандарга болгон мамилени бекем сактообузду талап
кылчу. Тилеке каршы, биздин чайыбызды ичип
төрүбүздүн көркү болор кезибизде өтүп кетти. Ата-энемдин өтүп кеткени жүрөк өрттөгөн өкүнүч болуп келет.
— Апаңызга эң алгачкы берген белегиңизди эстей аласызбы?
— Албетте эстейм. Алматы калаасында Зелен базар деген базарда текшерүүчү болуп иштеп калдым. Биринчи маянама апамды ээрчитип алып барып көйнөк сатып бердим. Апам өтө кубанып көзүнө жаш алды. Айылга баргандан кийин да баягы көйнөктү көрсөтүп кубанып жүрүптүр. Апамдын кубанганын көрүп, абдан жакшы таасир калган менде.
— Бакыт менен байлыктын айрымасы кайсыл деп ойлойсуз?
— Бакыт бул алты саныңдын мандыгы, үй-бүлө, тууган-урук, жалпы эле эли журтуңдун бүтүндүгү. Ден соолугуңдун чыңдыгы. Ал эми байлык — бул материалдык сени камсыздап турчу каражат деп ойлойм. Бакыт менен байлыктын айрымасы эки башка. Эми балким кимдир бирөө колунда жок болсо, бай болсом бактылуу болмокмун деши мүмкүн. Бирок бай болуп туруп деле бактысыз болгондор бар.
— Үй-бүлө сиз үчүн…
— Учурда үй-бүлөлүүмүн. Келинчегимдин аты Каримова Роза атасы дунган, энеси кыргыз кызы. Учурда төрт баланы тарбиялап жатабыз. Үй-бүлөм урагыс сепилим, менин жашоомдун маани маңызы деп айткым келет.
— Сиз да эл катары мигрант болгонсуз. Мигранттык жылдардан бир элес…
— Мен 1997-жылы Казакстанга мигрант болуп кеттим. Жаштыгымдын күлгүн жылдары мигранттык турмушта өттү. Ошол жактан өмүрлүк жарым Роза менен таанышып баш коштук. Казакстанда жүрүп жетиштүү акча каражатын таптым да, үй-бүлөм менен 2013-жылы борбор калаабыз Бишкекке көчүп келип жеке ишкерлике өтүп, Сара-Өзөн Дыйкан базарын иштетип жатабыз.
Эми мигранттык жылдарды эске салсам, башка мигрант жаштардай эле менин да башымдан ар кандай кыйынчылыктар өттү. Ар бир өткөн кыйын мезгилдерден сабак алдык. Мигранттык турмуш бизди тарбиялады десем болот. Менин айткым келгени кайсыл өлкөдө мигрант болуп жүрбөйлү жүрөгүбүз бөлүнүүгө жол бербей жалпы мекеним Кыргызстаным деп соксо гана биз жакшы ийгиликтерди баганта алабыз демекчимин.