Эрлист Акунбеков: “Бай-Дыйкан” дыйкандарды байытууну көздөйт

Эрлист Акунбеков: “Бай-Дыйкан” дыйкандарды байытууну көздөйт

10.07.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Учурда өлкөбүздүн экономикасы алсыздап, айыл чарба артка кеткени жашыруун эмес. Дыйкандарыбыздын эмгеги акталбай жатканы жан кейиткен көрүнүш. Ушундай кырдаалда дыйкандарыбызга ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан “Бай-Дыйкан” айыл чарбасын колдоо борборунун жетекчиси, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымын кошкусу келген, мекенди сүйгөн Эрлист Акунбековду кепке тарттым.

—      Эрлист мырза,  “Бай-Дыйкан” айыл чарбаны колдоо борбору бар экенин билбеген замандаштар көп. Бул борбордун ачылганына аз эле убакыт болдубу?

—      Негизи “Бай-Дыйкан” деген аталышта жакында эле элге тааныла баштады. Өлкөдө COVID-19 күчөп турган мезгилде жеке өзүм командам менен  Баткен, Талас облусунан  сырткары  өлкөнүн башка облустарында дезинфекция(залалсыздандыруу) иштерин акысыз жүргүзгөнбүз. Ошол учурда техника, тагыраагы, дрон жана мотодельтоплан кызмат кылды. Ал техникалар түздөн-түз айыл чарба жаатына иштей турган каражаттар. Көпчүлүк эл  көрүп, дыйканчылыкка керектүү заманбап техника экенин түшүндү окшойт. Айтор, акыркы 2-3 айдан бери «Бай-Дыйкан» эл оозунан түшпөй калды десек да болот. Бирок биз буга чейин эле дыйкандар менен иштешип , Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Чүй облусунда өзүбүздүн «Бай-Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборун ачып, иш жүргүзүп келе жатабыз.  Жакында эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна да «Бай-Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборун ачууга жетиштик. Буйруса мындай борборду  бардык аймакта ачууга аракет жасап жатабыз.

—      Бардык нерсе каржы маселесине барып такалат эмеспи, өлкөбүздүн бардык аймагына “Бай-Дыйкан” айыл чарбаны колдоо борборун ачууга көп каражат сарпталса керек…

—      Туура айтасыз. Бирок каражат жагы чечилген. Эми кадр маселесин жөнгө салып алсак, бул долбоор  толук ишке ашат деп ишенем.

      «Бай-Дыйкан» кандай максатта ачылган?

—      Кыргызстан түздөн- түз  базар экономикасына байланган мамлекет деп эсептейм. Андан кийинки орунда алтын кен,  кичи жана ири өндүрүш ишканаларыбыз толуктайт десем жаңылышпайм. Арийне, элибиздин басымдуу бөлүгүнүн жашоо-тиричилиги айыл чарба тармагына көз каранды. Ошондуктан биз  «Бай-Дыйкан» айыл чарбасын колдоо борбору деп ачууну туура көрдүк. Биздин борбордо дыйкандар үчүн бир топ жеңилдиктер каралган. Банк аркылуу үстөк пайызы жок (ислам принциптеринин негизинде) жер семирткич берүү, экологиялык таза химиялык заттар, сапаттуу үрөн сатылууда. Дыйкандарга эң керектүү нерсе — бул сапаттуу үрөн жана арзан баадагы жер семирткич. 

Борбордун багыты кандай?

— Биздин багыт келечекте Кыргызстандын климаттык шартында эгин талаасында бышкан дан эгиндеринен тарта жашылча-жемишке чейин   органикалык таза азыктарды өндүрүү. Өзүбүздүн элди таза продукция менен камсыздап, ашканын чет өлкөлөргө экспорттоо. Кыскасы дыйкандын мээнети акталышы үчүн бардык иш-аракеттерди жумшайбыз. «Бай-Дыйкандын» эң негизги багыты ушул. Дыйкандын маңдай теринин акыбети кайтып, капчыгы толсо,   анын эртеңкиге ишеними артат, келечектүү пландар пайда болот, ошол эле учурда алардын турмушу оңолот деген эсепти максат кылганбыз!

—      Борборду ачуу идеясы кимге таандык?

—      Өзүмө таандык. «Бай-Дыйкан» деп атын  да өзүм койгом. Ал анткени  бала кезимде талаада дыйканчылыктын  түйшүгүн жон терим менен сезип чоңойгом. Ошол учурда эле мен келечекте дыйкандарга жардам берсем деп ниеттенчүмүн. Буйруса ошол максаттарым акырындап ишке ашып, бала кездеги кыялдар орундала баштады десем болот.

—      Баарыбызга белгилүү болгондой, айыл чарба тармагы мышык ыйлар кейипте. Ага карабастан дыйкандарыбыз өз алдынча аракеттенип иш жүргүзүп келишет. Сиздердин борбор тараптан дыйкандарга кандай колдоолор, жардамдар берилип турат…

—      Ооба, туура айтасыз. Бирок биз  айыл чарба багытын сындагандан алыспыз. Жогоруда айткандай, бизде кадр саясаты начар. Татыктуу иш билги адистер министрликте аздык кылууда. Айыл чарбаны өнүктүрүү бир же эки кишинин колунан келе турган оңой иш эмес. Бул багытта атайын команда талыкпай иштеши керек. Адистик чеберчилик жана ишке шыгы бар жөндөмдүү инсандар  болсо , айыл чарба тармагын аз убакытта жөнгө салып койсо болот. Биз азыр ушул иштин үстүндө иштеп жатабыз. Дыйкандарга жардамыбыз көп. Айрым учурда үрөн, жер семирткичти акысыз берген учурларыбыз да болот. Эми берген жардамдарды айтып олтуруунун зарылдыгы жок дейм.     

—      «Бай-Дыйкан» айыл чарба тармагына кандай өзгөчөлүктөрдү киргизе алат?

—      «Бай-Дыйкан» дыйкандар үчүн бир топ заманбап техниканы чет өлкөдөн алып келди. Азырынча өзгөчөлүгүбүз ушул деп айта алам. Бүгүнкү күндө ал техника талааларда дыйкандарга зор кызмат кылып жатат. Бизде агро лаборатория бар. Биз аны менен дыйкандын жеринин кубатын текшерип беребиз. 1 кг топуракты бизге алып келсе, адистер топуракты  лабораториядан өткөрүп жердин кубаттуулугун чыгарып кагазга түшүрүп берет. Бул жол менен дыйкандар жерине кандай эгин эгүү керектигин алдын ала биле алышат. Сугат жерби же кайракыбы айрымасы деле жок. Дыйкандар эң оболу жеринин кубаттуулугун текшерип алуусу зарыл. Ошого карап жер семирткич, урук сатып алат. Ансыз жылдагыдай эле ашыкча чыгым, ашыкча түйшүккө  учурайт десек да туура болот.  Андан сырткары агродрон бар. Бул техника аба аркылуу дары чачып, бир гектар жерди 7-8 мүнөттө дарылоого жетишет. 1 гектарына кызмат акы 1200 сом алынат. Бул сумма дыйкандардын капчыгына өтө ыңгайлуу. Дарысын өздөрү сатып алышат. Негизи дрон менен талаа иштерин жайгаруу коңшулаш өлкөлөрдө ишке аша элек. Алгачкылардан болуп биздин дыйкандар үчүн бул заманбап техника иштеп жатат.  Айыл чарба тармагына суудай керек болуп жаткан мотодельтоплан учкучун да «Бай-Дыйканга» алып келгенбиз. Азыр бизде жайыттардагы  жапайы чөптөрдү, токой чарбабыздагы курттарды дарылоо жолдору өтө солгун жүрүп жатат. Бул көйгөйдү азыртан чечпесек, алдыда жашыл токойлорубуз, жайлоолорубуз, мал жайыттарыбыз  куурап калышы толук ыктымал. Мотодельтоплан дал ушул жагдайда дары себүү үчүн алынган. Албетте, талаадагы эгинне да дары сепсе болот. Болгону жер аянттын тегиздиги жана эгин эгилген аянттын көлөмү чоң болушу зарыл. Алдыңкы жылдары дыйкандар бул техниканын пайдалуулугун билип, айдоо жерлердин көлөмүн кеңейтсе жакшы болот эле.

—      Азыркы тапта чыгымга кеткен эмгектен улам дыйкандар жер иштеткенден коркуп калган. Сиздин оюңузча, дыйкан бир жылдык кирешеси менен бутка тура алабы?

—      Албетте,  жок деп айтаар элем. Анткени дыйканды сыздаткан бир эле маселеге токтолоюн: дыйкан эрте жаздан баштап  кээ бири нак акчасына, кээ бири кредит алып эгин эгет. Дан өнүп чыккандан кийин сугаттын эле канча түрү болот, отоо чөптөн дарылайт. Эми түшүм бышып аны сатаарда эң чоң көйгөй башталат. Продукциясын башка мамлекетке экспорттоо мындай турсун, өзүбүздүн жергиликтүү базарларда  сатуу кыйын болуп калат. Кымбатыраак сатайын десе, ал өндүргөн эгиндин түрлөрүн ишкерлер коңшу Өзбекстан, Тажикстандан алып чыгып базарды толтуруп салат. Өзүбүздүн дыйкандар болсо кимге сатарын билбей баштары маң болуп отуруп калышат. Акыры талаадан тапкан түшүмү ирип-чирип эч кимге кереги жок болуп калганда болбогон акчага сатышат. Ошентип жыйынтыгында дыйкандын чыгымы акталгандын ордуна, тескерисинче карызга батат. Айласыз чет өлкөлөргө мигрант болуп иштеп кетүүгө туура келет. Мына биздин дыйкандардын эн чоң көйгөйү! Эгерде биз ушул маселени  чечсек, дыйкандын тапкан акчасы көбөйүп, дыйкандар да байлардын катарын толуктап калмак. Менимче, жакынкы жылдары  бул маселеге чекит коёбуз деген үмүттөмүн. 

—      Негизи чоң акча жүгүргөн бизнесте жүргөн ишкерлер дыйканчылыкка эмес акчаны көп табуучу тармакка убакыт,  каражат жумшап баюуну көздөшөт. Эмне үчүн  сиз дыйкандар менен иштешүү жолун тандадыңыз?

—      Туура суроо. Эгерде дыйкан мол киреше тапса, үйдө балдары жакшы тамак жейт. Кийимдин жакшысын киет. Эң негизгиси дыйкан балдарын жогорку окуу жайларга окутат. Балдары сабаттуу чоңоёт. Билимдүү адам  эч качан жерде калбайт. Эртели-кеч мамлекет үчүн жакшы бир кызмат өтөйт. Жок дегенде үй-бүлөсүн адал жол менен бакканга дарамети жетет. А эгерде дыйкан кедей болсо, жүргөнү жупуну болот, балдарын жогорку окуу жайларга окута албайт. Баласы да талаада иштөөгө мажбур болот. Менин жеке пикиримде,  биз ушундан уттуруп жатабыз. Эгерде дыйканга биз жардам берсек, билимдүү акыл-эстүү балдар жетилет.  Жогорку билимдүү акыл-эси тунук , дүйнө таанымы кенен улан-кыздарга  өлкөбүз чынында бүгүнкү күндө муктаж!

      Ойлонткон оңтойсуз же ыңгайсыз суроо эмес,  эркин микрофон….

—      “Эл эмгегин жер жебейт” деп ата-бабаларыбыз бекеринен айткан эмес экен.  Келгиле, замандаштар, мекендештер, мээнет кылуудан талыкпайлы. Баш көтөрбөй талаада ысыктын күнүндө тер төгүп иштеген убактыңар текке кетпес үчүн мен болгон аракетимди жумшайм!.. Алдыда дыйкандар үчүн эл аралык чоң долбоорлор  ишке ашат. Алардын баары дыйкандардын түйшүгүн жеңилдетип, тапкан кирешесин  көп эселеп көбөйтөт. «Бай-Дыйкан» айыл чарбасын колдоо борбору өлкөбүздүн 41 аймагына ачылат. Ар бир борбордо тажрыйбалуу, дасыккан өз ишинин устасы болгон агроном, химиктер дыйкандарга акысыз туура кеңеш беришет. Андыктан , «Бай-Дыйкан» дыйкандардын ишеничин актоого болгон аракетин токтотпой уланта бермекчи.

Булак: BULUT. KG