Эрлист Акунбеков, «Бай-Дыйкан» дыйкандарды колдоо борборунун жетекчиси: “Апам бар аалам түгөлдөй сезилет!”
10.07.2021Энени барктаган эр азаматтарыбыздын бири Эрлист мырзаны кепке тарттым. Жашоо тартуулаган апасы, балалыгы жөнүндө кеп салып берди. Калган кепти өз оозунан уксак.

Бал татым балалык
Балалыгым пахтазарлуу Базар-Коргон районунун азыркы Жаңы-Акман айылында өттү. Өтө тентек, тынып тынчыбаган бала элем. Бир жерге олтура алчу эмесмин. Улуулар эркек балдар элек, агам, анан мен, ошондуктан үйдө кыздардын жумушун жасап апама кол кабыш кылуу биздин милдет эле. Үйдү мизилдете жыйнап, тамакты заматта буркурата жасай салчумун. Жумуш жасоодо өтө эпчил элем. Негедир жаш кезимден эле акча тапкым келгенин айтып калышат. Башталгыч класстарда сабактан анча жакшы окуй албапмын, ал да болсо тентектигимден беле, айтор орто окудум. Кийин апамдын кийлигишүүсү менен эле жакшы окуп кеттим. Апамдан корктумбу же сабакка болгон дилгирлигим ойгондубу, кыскасы жакшы окуган окуучулардын катарын толуктадым. Бешинчи класста окуп калган кезимде бир жолу ата-энелер чогулушунда атам барып мен жөнүндө жакшы кептерди угуп маңдай жарыла кубанып келгени эсимде, ал гана эмес орус тил мугалими мен жөнүндө өтө жакшы кептерди айтып, окууга болгон шыгы күч, эгерде чоң шаарларга окутсаңыз көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт эле деген кеңешин айтат. Атама ал пикир жагып мени Бишкек шаарына алып келип жатак мектепке киргизип кетти. Алтынчы класстан шаардагы мектептерден окуп баштадым.

Апам жапкан нанды сагынып…
Ошентип айылды таштап шаарга келдим. Ата-энем алыста. Апамды сагынам, апам жапкан нан көз алдымдан чубуруп өтөт. Кээде ыйлап алам эч кимге көрсөтпөй. Апамдын жанынан алыс чыкпаган бала болсом, чоочун жерге көнө албай өтө кыйналдым. «Сен окушуң керек! Сенден үмүтүм чоң»,- деп узаткан апамдын сөзү гана мени жатак мектепке байлап окуткандай сезилет. Апамдын ишеничин, үмүтүн актагым келип тырышып окудум. Ошентип ата-эне кадырын да түшүнүп баштадым.
Алтынга алмашкыс апам
Жашоомдогу негизги орунда турган апам жөнүндө кеп салуудан мурда апама кандай уул боло алдым экен деген суроону өзүмө көп ирет бергенимди айткым келет. Жумушум көптүгүнө байланыштуу ата-энеме көп убакыт бөлө алдымбы, аларды капа кылган жокмунбу деп ойлоном. Менин апам алтынга алмашкыс адам. Биз үчүн өмүрүн, жаштыгын арнаган, агарган саамайын карап олтуруп, ак сүтүн актай алат бекенмин деп ойлоп кетем. Момун, эрке, чебер апакем СССР деген улуу держава кулап кийим тартыш заманда бизге өз колу менен түрдүү кийим-кече тигип берип, кийимден өксүк кылган жок. Апам өзү жалгыз кыз, башка бир туугандары жаш кезинде эле чарчап калышкан экен. Таята-таенемдин көзүн караган жалгыз эрке кызы экен. Кээде жалгыздыгын кеп салып арман кылып калчу. Бала болсом да апамдын кептерине маани берип, чоңойсом апамды капа кылбай, чоң шаарларды кыдыртсам деп кыялданчумун. Учурда ошол кыялдарым ишке ашып көп шаарларды кыдыртып келем. Шаар кыдыртып, алтынга оросок да апамдын түнү кирпик какпай бизди бешикке бөлөп терметкен күндөрүнүн ордун толуктай албасак керек деген ойго кептелем. Ар дем алыш сайын ата-энем турак кылган үйгө чогулабыз. Бишкек шаарынын четинде турушат. Огороду кенен жайы салкын жерге үй салып бергем. Жаз, жайда ошол жерде турушат. Кышкысын көп кабаттуу үйлөрдө кышташат. Апамдын жанына барганда чоң киши экенимди унутуп калам, эркелеп кетмей жайым бар. Апам бар үчүн аалам түгөлдөй сезилет.
Убакыт болсо күрөк кармап огороддо иштөөдөн рахат алам. Атам жаш кезибизден огородго иштетип көндүргөн. Ата-энем, бала-чакам менен тоого чыгып эс алабыз же атамдын колунан жасалган шишкебектен жейбиз, болбосо бир жерден тамак жасатып жеп чогуу-чаран эс алабыз. Ата-энем, бала-чакам менен чогуу өткөргөн убакыт мага керемет сезилип, күч, дем, шык тартуулайт. Бул беш күндүк өмүрдө жакындарың менен өткөргөн бактылуу көз ирмемдерге эмне жетсин. А мен колумдан келишинче ата-энемдин көңүлүн көтөрүп батасын алууга тырышам.
Келечек пайдубал
Мектепте Бишкек шаарында окуп калдым дебедимби. Каникул сайын киндик каным тамган жерге зуу коём. Биздин окуучулук курак Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп эркиндик алган учурга туш келбедиби… Жумушсуздук күч алган, акча жок, тамак, кийим тартыш заман эле. Каникулда айылга барсам үй толо буюмдан эч нерсе жок. Атамдын жумушу кыскарып, жумуш жок калыптыр. Күнүмдүк керектөөлөргө деп үй буюмдарын сатышыптыр. Агамдын окуусуна төлөө үчүн көп нерсе сатышканын билдим. Ошондой кыйын күндөрдө да артка чегинбей ата-энем биздин жогорку билимге ээ болушубузга шарт түзгөндөрүн эстесем таң калам. Биздин келечегибизди ойлоп, көп нерседен баш тартып, келечек пайдубалыбызды түптөгөн ата-энеме рахмат.
Мен тыйын тапканда
Апамдын айтуусу боюнча, башталгыч класста окуганымда огороддо өскөн пияз, редисканы базарга алып барып сатып акча жасачу экенмин. Ошондо эле тыйын табууга болгон кызыгуум бар окшойт деп калам. Ал тапкан тыйындарыма майда-чүйдө алып жеп түгөтчү экенмин. Баламын да мага тыйын табыш сонун көрүнсө керек.
Алгачкы белек
Мектепте окуганымда апама өз колум менен белек жасап берип жүрдүм. Анда мектепте апаларга атайын, открытка, гүл жасатчу эле. Азыркыдай жайнаган белектин түрү жок эле. Анан жогорку окуу жайын аяктаган соң тыйын тыпыр тапканда белек алып берчүмүн. Бирок апамдын эсинде калганы мен Жалал-Абад шаарынан Бишкек шаарына которулуп жатканда машинемди сатып берген отуз беш миң акча болуптур. Ошондо акча өтө керек болуп зарыл болгондо бериптирмин. Апам ошол кезди эскерип калат. Андан бери апама колдон келишинче белек-бечкек узатып келем.
Бактылуу чоң эне
Апам учурда төрүбүздүн көркү, бактылуу чоң эне. Мурун чоң эне таенелерибиз улуу, балпайган, ак жоолугу башынан түшпөгөн, олуттуу көрүнчү эле. Азыркы чоң энелер заманбап деп апама тамашалап калам. Келиндерине жумшак кайнене болду. Аларды аяп, таламын талашып турат. Неберелерин өтө жакшы көрөт. Басса- турса биздин амандыгыбызды тилейт. Мен да төрүбүздүн көркү, коломтобуздун куту болгон апа-атам аман болуп көп жашаса экен деп изги тилек кылам. Апамды майрамдарда эле эмес, ар дайым, колдон келсе күн сайын эстеп амандыгын сурап турам.
Ишеничти актоо
Кандай гана кыйынчылык башынан өтпөсүн баарына туруштук берип, чыдап бизди окуткан ата-энем менин жашоомдун баатырлары. Алар аракет жасап келечегиме кам көрүшпөсө мен учурда мындай ийгиликтерди багынта албас белем, ким билет. Алар мага учурунда ишенип, алга сүрөп күч-дем берип келишти. Мен алардын ишеничин актап, жашоодон өз ордумду таба алдым деп ойлойм. Ал эми ата-энемден алган тарбия менен балдарымды татыктуу тарбияласам деген кыялдарды ишке ашыруу үчүн күч жумшап жаткан кезим.
Булак: BUIUT.KG