Эрлист Акунбеков, “Бай-Дыйкан” айыл чарбасын колдоо борборунун жетекчиси: “Ийгиликтүү ишкер болуш үчүн талыкпаган эмгек жана эрк керек”
16.05.2021
Заман менен жарышкан жаш ишкерлерибиз арбып баратканы көңүл кубантат. Бүгүнкү маектешим өлкөбүздүн өзөгүн түзгөн дыйкандарды ар тараптуу колдоп келген Эрлист Акунбеков болмокчу.
— Эрлист, өмүр таржымалыңызга үңүлсөм жалаң эле банктарда жетекчилик кызматтарда олтурупсуз, өтө жашында эле жетекчи болгон окшойт деген ойго кептелдим.
— Туура баамдапсыз. Мен 2004-жылы жогорку билимге ээ болуу үчүн Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент бөлүмүнө тапшырып студент болуп калдым. Ал учурда банкта иштейм же ишкер болом деген ой-кыял деле жок, окууну аяктасам салыкта иштесем керек деген ойдо элем.
— Анан кантип банкта иштеп калдыңыз…
— Мен төртүнчү курста окуп жатканда Европалык банк беш орунга стажер алабыз деп конкурс жарыялап калды. Жарыяны угуп жөн гана кызыгуум артып конкурска катышып көрүүнү кааладым. Жөн гана күчүмдү сынагым келди. Мени банкка ишке албайт го деген ойдо эле. Себеби жогорку билимге ээ болуп диплом ала элек студент кезим. Конкурска катышкан кишилер өтө көп болдук, беш орунга жүзгө чукул киши ат салышыптырбыз, конкурска катышкандар арасында башкы бухгалтер, жетекчи болуп жүргөндөр бар экен кийин билсем. Конкурс үч бөлүктөн турду. Үч бөлүктөн тең ийгиликтүү өтүп буйрук экен банкта иштеп калдым. Үч ай иштеген соң, өзүм менен кошо кызматка келген кесиптештериме бөлүм башчы болуп калдым. Ал арада мен иштеген банкты казактар сатып алышты. Диплому жок эле баатырларча иштеп жүрөм. Эс алуу деген жок. Дипломдук ишимди деле жумуштан кийин эле банкта олтуруп жазгам. 2006-жылы башкы офиске бөлүм башчы болуп которулдум. Жарым жылдан соң башкармалыктын жетекчисинин орун басары болдум.

— Жетекчилик кызматка көтөрүлүүгө себеп бардыр…
— Башкы офиске келсем 900 миң эле экен берилген кредити, ошонун 56 пайызы кайтпай атыптыр. Мен февралда жумушка келдим, портфелди 5 млн 400 миң көтөрдүм, 56 деген пайызды 0 түшүрүп салдым. Казактар тааныш-билиш, акчага эмес, жасаган жумушумдун натыйжасын көрүшүп анан орун басарлыкка дайындашса керек го деген ойго токтолом. Иштеген жылдарымда банктын жыйырма төрт филиалын чыгардым, 101 касса ачтырдым. Ал эми 2008-жылы Жалал-Абад облустук филиалга директор болуп дайындалдым.
— Кайсыл кесиптин ээси болсоң да, биринчи маяна, алгачкы жумуш орун, биринчи жетекчи эсте калат эмеспи. Сиздин пикириңиз…
— Ооба. Эң алгачкы же туңгуч дегендин өзү жакшы эмеспи, жогоруда айтпадымбы алгачкы эмгек жолумду банкта иштөө менен баштадым деп. Банктагы алган маянам 2000 сом эле. Бирок көп нерсеге жетчү, маңдай тер таман акы менен тапкан акчаң берекелүү болот деген кептин чындыгы бар да. Ал эми жетекчиге келсем, Европалык банкта иштедим да. Немецтер, орустар эле жетекчилерим. Алар мага чоң устат боло алышты десем болот. Себеби тактыкты, тазалыкты ошолордон үйрөндүм. Мен ким менен мамиле түзүп жакшы санаалаш болсом, ошол адамдын эң жакшы деген сапаттарын өзүмө сиңирип алам да. Немецтердин, орустардын бизге белгисиз өздөрүнө тиешелүү асыл сапатынан үлгү алгам. Эң негизгиси алар өзүңө ишенип бир нерсени эркин жасай алышыңа үйрөттү. Мындайча айтканда стимул берди.
— Элден үйрөнгөн жакшы сапаттарды бөлүшө да билесизби…
— Үйрөнгөндү жана билген нерсемди бөлүшкөндөрдүн катарын толуктайм. Банкта иштеп жүргөн жылдарымда жүздөгөн шакирттерди даярдадым. Учурда алар банктарда жогорку кызматтарда иштешет. Көрүшкөн жерде саламыбыз түз, ага- инидей мамиледебиз. Үй-бүлөлүк катыштыгыбыз да бар.
— Ал эми ишкерликке качан ооп кеттиңиз.
— Банктын Жалал-Абад облустук филиалын жетектеп жүрүп үй-бүлө күттүм. Анан 2010-жылы апрель июнь окуялары орун алды. Ошолор мага өтө таасир эттиби ошол жылдын аягында Бишкек шаарына келип иштен кетүү тууралуу арызымды бердим. Негедир жашоомду өзгөрткүм келди. Чындыгын айтсам, жашай турган үйүм, ишенген тыйыным деле жок эле… Бирок жашоомдо бир бурулуш жасагым келип туруп алдым.
— Кызмат колдун кири дейт. Кызматтан кеткен соң дос- тааныштардын арасы суюлуп калдыбы…
— Ал закон ченемдүү көрүнүш тура. Көп тааныштардын катары суюлуп алыстап калгандай. Ошондой учурда дос-душманды таанып алар мезгил болот экен. Анан тааныш-билиштерден жумуш издеп сураштыра баштадым. Бир таанышым жумуш таап берди. Бир ишкерге айдоочу болуп орноштум, маянам күнүгө беш жүз сом. Мен ташыган ишкер Өзбекстандан чыккан мөмө-жемиштерди Казакстанга Кыргызстандын мөмө-чөмөсү деп киргизет экен да. Баарын байкап жүрүп бир жумадан соң, менде идеялар бар деп ойлорум менен бөлүштүм. Ал оюм жагып калды. Экөөлөп иштей баштадык, документ иштерин мен бүтүрөм, башында бир күндө бир фура жемиш Казакстанга кирсе, эми күнүнө 8 фурадан киргизе баштадык. Анан эле 50 фурага өттүк. Бул кыш айларында болчу сезон экен да парниктен чыккандарды коңшу өлкөгө сатып жүрдүк. Ал жыл сезон ошентип бүттү. Мен ишкерликке алгачкы кадамды ошентип баштадым десем болот.
— Мамлекетибиздин күрөө тамырына айланган дыйкандарды колдоо идеясы…
— Бул жер семирткичтер менен иштеп калуума деле ошол ишкер агам себеп болду. Бир күнү өлкөбүздө жер семирткичтер тартыш болуп жатканын айтып башка өлкөдөн алып келип көрсөк деген сунушун айтты. Казакстандан издеп, сураштырдым, Казакстан менен Өзбекстан чектешкен жеринде Сарыгач деген жерден таптым. Ошентип, жер семирткичти өлкөбүзгө эки жылдай ташыдык. Үчүнчү жылы чогуу иштешкен өнөктөшүм жер семирткич менен иштебей башка ишке өтүп кетти. Жалгыз калдым. Жалгыз кантип иштейм деп баш катырдым да уялбай эле конкуренттерге бардым чогуу иштешели деп. Баары эле баш чайкайт. Арасынан бир жигит көндү. Ар өлкөдөн жер семирткичтерди алып келип базабызды кеңейте баштадык. Баштаган ишибиз алга жылды. Мени менен иштешкен жигит ошондон бери жанымда, бирге иштешебиз жер семирткичтер тармагын ошол жигит тейлейт. Дыйкандар менен бир бүтүнгө айланып иш алып барып калуубуздун башаты ошондой.
— Жакында эле Өзбекстан менен жер семирткичтерди ташып келүү туралуу келишимге кол койгонуңузду уктум эле…
— Ооба. Көп жылдан бери жер семирткичтери менен иштегендиктен өзбекстан тараптагы портнерлор дагы мени Кыргызстандан өтө туруктуу стратегиялык портнер деп көптүн ичинен мени тандап алышкан. Алар менен көп жылдан бери иштешип келебиз. Өзбекстандан чыккан жер семирткичти мен жетектеген Ассоциация токсон беш пайызын алып келет. Өлкө аймагы боюнча жетимиштен ашык түйүнүбүз бар дыйкандарга таратылат. Андан сырткары биз менен чогуу иштеген кырктай ишкер бар. Ошондуктан мен Өзбекстанга бат-баттан барып жогорку деңгээлде келишимдерди түзүп, иштешебиз. Жакында эле “Навои азод” деген ишкана менен келишим түзүлдү. Алар өндүргөн карбамидинди Кыргызстанга алып келип атабыз.
— Биз сизди ити чөп жеген, кыйынчылык көрбөгөн ишкер катары көрөбүз. Кыйналган учуруңуз болду беле…
— Эми ишкерлик өзү татаал жол. Жок жерден бир ишти баштап алып, ийгилик жаратканга чейин менин да башымдан көп окуялар өттү. Ысыкка күйдүм, суукка тоңдум, алдандым, банкрот болдум, жыгылдым кайра турдум дегендей. Бул бизнести түптөгөнчө турмуштун мектебинде окуп, ийилдим, бирок сынбадым. Мээнетимдин акыбети кайтып олтурат.
— Бир ишти баштап, шарт миллионер болуп кеткиси келген жаштарга көз карашың кандай…
— Андайлар бар… Иш башталганда эле миллиондор чачылбайт. Ийгиликтүү ишкер болуш үчүн талыкпаган эмгек жана эрк керек. Шарт миллионер болуп кетүүнү ойлобой, ошол миллиондорду чачып, төкпөй кармап калууну ойлош керек деген ойду айткым келет.
— Ишкер болгусу келген жаштарга кеңешиңиз…
— Менден кеңеш сурагандын баарына айтам: биринчи идея керек анан акча табылат. Биринчи ишкерликти колуңда болгон акча менен баштай бер дейм. Себеби көп акча менен баштайм десең бирөө сага ишенип акча бербейт. Банк деги эле ишенбейт. Ошондуктан алыбай алына жараша иштей берсе, аракети кайтып ишкерликтин сырларын үйрөнүп алган соң, чоң иштерди жасай алат деп ишенем.