Эркинбек Доолаталиев: Өтмө кызыл тууну алуу биз үчүн стимул болду
01.03.2020Сейдикум айыл өкмөтү коңшулаш Өзбекстан Республикасы менен чектешкен айыл аймак болуп эсептелет. Чек арада жайгашкан кооптуу айыл өкмөт экени талашсыз. Ага карабастан Сейдикум айыл өкмөтү райондогу эң алдыңкы, көзгө басар айыл өкмөт болуп саналат. Айыл өкмөттүн ар тараптуу астыга чыгуусуна иш билги, мекенчил, айылдаштарын колдой билген, төгөрөгү төп келген Эркинбек Доолаталиевдин эмгеги зор экенин айтпай коюу мүмкүн эмес.

Качан барба, Эркинбек мырзаны иш үстүнөн кезиктиресиң. Эч качан бош отурганын көрбөйсүң, дайыма талашып-тартышып айылдаштарынын маселесин чечип жатканына күбө болом. Эмгекчил Эркинбек Айдаралиевичти кепке тарттым.
- Эркинбек Айдаралиевич, жакында эле 2019-жылдын жыйынтыгы менен Базар-Коргон районундагы эң алдыңкы айыл өкмөт номинациясын жана өтмө кызыл тууну алдыңыздар. Сыйлыгыңар кут болсун!
- Рахмат.
- Өтмө кызыл тууну алгандагы сезимдерди айта кетсеңиз?
- Биздин ар тараптуу жетишкендиктерибизди баалаган район жетекчилерине рахмат. Өтмө кызыл тууну колго алгандагы сезимдерди сөз менен сүрөттөш кыйын. Бир чети сыймыктансак, экинчиден, биздин мындан ары да өнүгүп-өсүү үчүн багыттаган максаттарыбызга стимул болду. Буйруса, быйылкы жылы дагы көптөгөн иш-планды жүзөгө ашырып, жеңишти багынтабыз деген и зор ишеним бар.
- Сейдикум айыл өкмөтүнүн карамагында бир канча айыл бар турбайбы?
- Биздин айыл өкмөттүн карамагында он эки айыл камтылган. Алар:
- Тойчубек-Чек
- Кызыл-Ай
- Жаш-Ленин
- Аркалык
- Чоң-Курулуш
- Турпак-Коргон
- Дөш
- Сейдикум
- Хажир-Абад
- Жаңы-Абад
- Дүкүр
- Чек
- 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан жарыяланган жарлыктын алкагында Сейдикум айыл аймагында кандай иштер аткарылды?
- Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын 11-январындагы 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялаган № 1 жарлыгына ылайык 2019-жылы Сейдикум айыл аймагында бир топ алгылыктуу иштер колго алынып, позитивдүү жылыштар жана аракеттер болду. Президенттин жарлыгы Сейдикум айыл аймагына окшогон чек арага жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүүнү стабилдүү темп менен кармоодогу негизги программа болуп саналат.
- Башка айыл өкмөттөргө салыштырмалуу жер иштетүүнү жакшы өздөштүргөн экенсиздер… Айыл чарба тармагы боюнча эмне айтаар элеңиз?
- Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу эң негизги приоритеттүү багыттардан болуп саналат. Аймакта күздүк буудайды, пахта, жашылча жана шалы айдап себүүнүн аянтын көбөйтүү, аны өстүрүү жумуштары жакшы жолго коюлду. 2020-жылдын түшүмү үчүн күздүк айдап-себүүнүн тапшырмасы толук аткарылып, учурда 310 гектар жер аянтына күздүк буудай себилген. Ошондой эле 2020-жылга карата 1860 гектарга пахта, 610 гектар шалы, 450 гектар жашылча өстүрүү пландаштырылууда.
2019-жылы 2.0 га кайрак жер аянтына тамчылатып сугаруу системасы аркылуу бак отургузулуп өстүрүлүүдө.

- Дыйкандардын мээнети кайтып, түшүм жакшы болгонун айтышты…
- Талаачылык тармагында 2019-жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен 1120,6 тонна буудай, 225 тонна арпа, 3330,9 тонна дан жүгөрү, 2593,6 тонна күрүч, 6566,3 тонна пахта, 1845 тонна картошка, 11194,4 тонна жашылча, 1395,7 тонна коон-дарбыз жана 410 тонна мөмө-жемиштер өндүрүлдү.
- Мал чарбачылыгы да айыл тургундарынын негизги киреше булагы болуп саналабы?
- Мал чарба тармагында өткөн жылга салыштырмалуу эт өндүрүү 103,5%га, сүт өндүрүү 102,5 %га, жумуртка өндүрүү 107,8%га жана жүн өндүрүү 108,4%га аткарылды.
Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жолго коюлганбы?
Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагында учурда айыл аймагы боюнча 6 субьект иш алып барат. Анын ичинен 1 мөмө-жемиш кургатуучу, 13 данды кайра иштетүүчү, 2 тоют даярдоочу цех элге кызмат көрсөтүп жатышат.
Учурда айыл чарба кооперативдери иш алып барабы?..
Биздинайыл аймагында 6 айыл чарба кооперативи өз ишмердигин жүргүзүп келе жатышат жана аларга кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен келишимдин негизинде 120,0 га жер ижарага берилген. Ошондой эле эки жаңы кооператив уюшулуп 60 га жер аянты өздөштүрүлүп, шалы эгилип өстүрүлдү.
Өнөр жай тармагы боюнча да маалымат алгыбыз келет…
Айыл аймагы боюнча 2019-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай тармагында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 107,7 %га аткарылган. Бул көрсөткүчкө жетишүүдө жаңы ачылган таш майдалоочу завод, брусчатка чыгаруучу чакан ишкана, жаңы ачылган жыгачты кайра иштетүүчү жана башка цехтердин салымы чоң болгон.
Калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн абалы кандай?
Айыл аймагы боюнча 2019-жылдын 10 айынын ичинде калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 104,5 пайызды түзгөн.
Чекене соода жүгүртүүнүн боюнча көрсөткүч…
Аймак боюнча 2019-жылдын 10 айында чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 103,5 пайызды түздү.
Салык жыйноодо, кыйынчылыктар жаралбайбы?
Жергиликтүү салык боюнча жеткирилген план тапшырма 2019-жылдын 10 айына 111,1% га аткарылган.
Өнүгүү, натыйжалуу жыйынтыкка жетүүдө инвестициянын салымы зор экенин тажрыйбалар далилдеп келет. Бул маселе кандай каралган?
2019-жылдын 10 айында айыл аймагынын эл чарба тармагына тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 83 млн. 700 миң сомду түздү. Тармактар боюнча алганда, айыл чарбасына 14 млн. 700 миң, социалдык сферага 46 млн сом, өнөр жай тармагына 17 млн сом ашуун инвестиция тартылган.Областтык өнүктүрүү фондунан 8 млн. 700 миң сомго эксковатор алынды.
Капиталдык курулуш иштери кандай жүрүүдө…
Республикалык бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 26 млн. 500 миң сом акча каралып,Сейдикумайыл аймагынын Жаш-Ленин айылындагы бала бакчада азыркы мезгилде эшик, рамкалары коюлуп, сырдоо иштери жүрүп, курулуш иштери аяктоо алдында турат. Дем берүүчү гранттын эсебинен Ж.Асанов атындагы орто мектебинин айланасын тосулуп, даараткана курууга 2 млн 500 миң сом сапталып толугу менен аткарылды. Ошондой эле дем берүүчү гранттан Кызыл-Ай айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 2 млн. 500 миң сарпталып ремонт иштери толугу менен бүткөрүлдү. Жергиликтүү бюджеттен 638 миң сом сарпталып,Тойчубек-Чек, Кызыл-Ай, Хажир-Абад, Жаңы-Абад айылдарынын көчөлөрү жарыктандырылды.
300 миң сомго жаны конуштардын көчөлөрүнө шагыл төшөлдү. Тойчубек-Чек, Кызыл-Ай, Чоң-Курулуш, Турпак-Коргон айылдарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 миң сом сарпталып жаңы электр мамычалары орнотулду.
Хажир-Абад айылына жергиликтүү бюджеттен 1млн.100 миң сомго кичи футбол аянтчасы курулду. АРИС программасынын каржылоосунда 525,2 миң сомго жуут, кыркын пункттары ачылды жана Жаңы-Абад айылында 1млн. 9 миң сомго бааланган ветсервистин имаратынын курулуш иштери жүрүп жатат.
Жаңы-Абад айылында жеке ишкер тарабынан күрүч чыгаруучу жана шалы кургатуучу цех ишке киргизилип, 8 жумушчу орун түзүлдү. Жалпы суммасы 3 млн. 400 мин. сом акча каражаты сарпталды.
Хажир — Абад айылында республикалык бюджеттен 25 млн. 500 миң сом каралып, 100 орундуу бала бакчанын курулуш иштери башталды.
Жергиликтүү бюджеттен 621 миң сом акча сарпталып, айыл өкмөттүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп жана жылытуу системалары орнотулду.
Сел коопсуздугун алдын алуу максатында Чоң-Курулуш айылына 284 метр, Хажир-Абад айылына 500 метр аралыкка 14 млн. 125 миң 184 сом акча каражаты сарпталып, Кара-Үңкүр дарыясынын сол жак жээгине дамба (таш менен габион) курулуп бүткөрүлдү.
- Айыл аймагында жолдорду оңдоп—түзөө иштери аткарылдыбы?
- Айыл аймагы боюнча 2019-жылдын 10 айында жалпы 7,5 км ички жолдорду тегиздеп, шагыл төгүү иштери жасалган. Аркалык жана Турпак-Коргон айылдарында 2 даана көпүрө курулуп, пайдаланууга берилген.
- Санариптештирүү жылына карата айыл аймагында кандай жаңылык бар…
- Санариптешкен Бирдиктүү терезе ишке кирип, жергиликтүү өзүн-өзү жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара кызматташып, биргелешкен кызматтарды көрсөтүү иштери жүрүп жатат.
Жер ресурстарын натыйжалуу башкаруу долбоорунун алкагында “Абад” коомдук уюму аркылуу 4 компьютер алынып, кайра бөлүштүрүү фонддун жерлерин жана муниципалдык менчик жерлерди аукцион аркылуу ижарага берүү иштери электрондук түрдө жүргүзүлө баштады.

Айыл аймактын калкын интернет менен камсыздоодо 12 айылга интернет кабелдери тартылды жана 4 орто мектепке окуучулардын коопсуздугу үчүн видео көзөмөл орнотулду.
- Ичүүчү таза суу да көйгөйлүү маселелерден эмеспи…
- Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча, Сейдикум айылдык аймагынынкалкы 75 % ичүүчү таза суу менен камсыз болгон.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2019-жылдын 13-майында Региондор үчүн таза суу форумунда айтылган сөзү боюнча даярдыктарды көрүүдө Сейдикум айыл аймагындагы Аркалык айылында “Ас-салам” кайрымдуулук фонду тарабынан 10 млн. 160 миң сомго 4,5 км аралыкка таза суу түтүктөрү тартылып, жергиликтүү бюджеттен 300,0 миң сом акча каражаты жумшалып, айыл тургундары толук таза суу менен камсыз болушту.