Эрбол Бакиров: “Жылдыз оорусуна чалдыгып, айыктым”

Эрбол Бакиров: “Жылдыз оорусуна чалдыгып, айыктым”

26.03.2019 Выкл. Автор bulut.kg

— Эрбол, алгач машыккан спорттуңуз туурасында сөз кыл­сак?

— Спорттун грек-рим күрөшү менен 3-классыман тарта машыга баштагам. Алгач 2016-жылы Кыр­гыз Республикасынын чемпиона­тын утуп, Азия чемпионатына жол­домо алып, ал жактан коло байгеге ээ болдум. Ошол эле жылы Дүйнө чемпионатынан дагы коло медаль алдым. Ал эми бул жылдын эсеби­нен Дүйнө чемпионатына жолдо­мо алып, ал жактан биринчиликти алып келдим.

— Дагы бир ирет куттуктай­быз! Чынында биз да абдан сү­йүндүк. Жеңишке жеткен учурда кандай сезимдер коштоду?

— Укмуштуудай сезимдер кошто­ду… Эми… Эми андагы сезимдерди мен сиздерге айтып же жазып тү­шүндүрүп бере албайт экем…

— Мыкты балбандын артында мыкты устат турат. Устатыңыз туурасында сурабай койсом, менден айып кетээр?

— Устатым Кыргыз Республика­сынын эмгек сиңирген машыкты­руучусу Алтынбек Салаев. Устатым мен үчүн экинчи атадай эле болуп калды. Ал буга чейин көптөгөн мен- мен деген мыкты спортчуларды чыгарган. Мүмкүнчүлүктөн пайда­ланып, мени ушул даражага жет­кирген ата-энеме, устатыма терең

ыраазычылык билдирип өтөм.

— Эрбол, “Спорттон жаракат албаган спортчу — спортчу эмес” дейт, сиз да алгансызбы?

— Албетте, бул туура айтылган сөз. Мурун жаш чагымда белимден жаракат алып, айыкты. Учурда баа­ры жакшы, эч кандай жаракатым жок.

— Эмне себептен спортту тан­дап алгансыз? Спорт сиз үчүн?..

— Бирден бир максатым Кыргыз­станды дүйнөгө таанытуу! Дүйнө эли кыргыздын мыкты спортчула­ры бар экенин билсин деген тилек. Билесизби, биз үй-бүлөбүз менен спортко абдан жакынбыз. Ошол се­бептен спорт менин жашоомдо чоң ролду ойнойт.

— Жеңилүү менен жеңишти бирдей татып жүрөсүз, даамы кандай экен?

— Рахмат, жакшы суроо экен… Ал­бетте, баарыбыз эле спортто гана эмес жашообузда да жеңилүүнүн ызасын, ийгиликтин кубанычын та­тып келебиз. Спортто кээ бир учур­да атаандашыңан жеңилип каласың. Мындайда ызаланасың. Бирок, жакшы жери ар бир кадамдан сабак аласың. Кийинки учурда мурун­ку кемчиликтерди кайталабаганга аракет жасап, анын үстүнөн иштеп чыгасың. Анан гана ийгиликке же­тишесиң.

— Спортчулардын кээ бири жылдыз оорусуна чалдыгып, араң айыкканын жашырыш­пайт. Сиз дагы буга кабылды­ңызбы?

— 2016-жылы менде да ушундай болгон. Таптакыр машыгууга каа­лоом жок болуп, өзүмдү башкалар­дан өйдө сезип жүрчүмүн. Анткен менен мындай сезимден бат эле чы­гып кеткем. Ооба, бул абалдан чы­гуума атам жардам берди. Атамдын бир аз урушун угуп, акыл-насаатын алып дегендей.

— Атам деп калдыңыз, дегеле депутаттын уулу болуш кандай?

— Депутаттын уулу боло элек­мин… Атамдын уулумун (күлүп).

— Демек кененирээк жооп кай­таргыңыз келбейт?

— Жообум ушул…

— Мага кызык болуп турат, спорттон тышкары эмне менен алектенесиз? Дегеле бир күндүк убактыңыз кандай өтөт?

— Ачыгын айтсам, бир күндүк убактым машыгуу менен эле өтүп кетет. Ар бир күнүм таңкы саат 06:00дө көнүгүү жасоо менен баш­талат. Саат 10:00дө машыгуу залы­на барам. Ал жактан 12:00дө чыгып, 13:00дө түштөнөм. 14:00дөн 16:00гө чейин эс алуу процесси жүрөт (кү­лүп). 17:00 кечки машыгуума барам. ал жактан 20:00дө чыгып, 21:00гө чейин кечки тамакты ичип-жеп, 23:00дө уйкуга кетмей. Бул менин сизге берген бир күнүмдүн отчету.

Спорттон тышкары эмне кы­лаарымды айтсам, сүрөт тартканды жакшы көрөм, китеп окуйм…

— Кумир туткан адамыңыз барбы?

— Ооба, алар Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Арсен Эралиев, Көбөнов. Мен ушул агаларымдай мыкты спортчу болгум келет.

— Кудай буйруса келечек алды­да. Эми спорттон алыстап, жеке жашоого кайрылсак. Качан үй­лөнөйүн деп жатасыз анан?

— Ток эткен жерин эле айтып коёюн, учурда жүрөгүм бош. Буй­руса, Олимпиаданы уткандан кийин турмуш курам.

— Огоо, демек ага чейин үй-бү­лө күтпөйт экенсиз да?

— Олимпиаданы болушунча эрте­рээк утканга аракет кылабыз (кат­кырып).

— Сиздин табитиңиздеги кыз­дар кандай болду экен?

— Менин табитимдеги кыздар акылдуу, ыймандуу, тартиптүү, ата- энесин сыйлаган кыздар…

— А сүйүү, жактыруу деген сиз үчүн?..

— Аа-а, мен үчүн сүйүү деген ата- энемди, бир туугандарымды сүйүү… ошол мен үчүн сүйүү. Анан жанагы­дай “романтический” сүйүүнүн мага азырынча кереги жок.

— Артыңыздан өсүп келе жат­кан жаш спортчуларга берээр кеңешиңиз?

— Жаштарыбыз ыймандуу, би­лимдүү болушсун, спорт менен машыксын… Эгер чоң ийгилик жа­ратам дешсе, машыктыруучусунун айтканын так аткарып, талыкпай эмгек кылса, сөзсүз ийгиликке же­тет.