Эмиль Токтошев ЖК депутаты: «Апам, ушак айыңды жактырбаган инсан»
18.06.2020
Эне сыйлаган эркектин зоболосу бийик болот деген кеп бекер жерден айтылбаса керек. Бүгүнкү каарманым ошол кептин чындыгына дагы бир ирет мени ынандырды десем болот.
— Эмиль мырза, апаңыз жөнүндө маектешсек…
— Жакшы болот. Апам, Бакешова Бөйтөкан беш баланы татыктуу тарбиялап, учурда ардактуу эс алууда. Төрүбүздүн көркү. Биздин кеңешчибиз.
— Апаңызды эстегенде кандай ойлор келет?
— Апамды эстегенде жылуу мамилеси, жоош момун кишиге катуу айтпаган турпаты көз алдыма тартылат.
— Апаңыз менен канча убакытта бир жолугууга шарт түзүлөт?
— Кааласам бир күндө эки жолу. Себеби ата-энем учурда шаарда мага жакын турушат. Колум бошоп калса эле алардан кабар алууга шашам.
— Сиз борбордо төрөлгөнсүзбү?
— Биз атам студент кезинде Ош шаарында төрөлгөнбүз. Атамдын окуусу аяктаган соң, Кара-Кулжага көчүп кеткенбиз. Ата-энем шаарда турат десем мени шаардык деп ойлоп алсаң керек. (күлүп калдык) Мен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген соң, ата-энемди шаарга көчүрүп келдим. Бир туугандарым бары шаарда турушат. Айылга ата апамды калтыргым келбеди. Алар алыста болсо санаам тынчудай эмес. Азыр алардан санаам тынч. Каалаган учурумда барып көрүп, кем-карчын алып берип турам.
— Кайрылгыс балалачакка бир кылчайсак…
— Эми балалык өзүнчө бир кайталангыс мезгилдерди өзүнө камтыган, алтын доор болот тура. Балалыгым, Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө өттү. Биздин өрөөндө төрт мезгилдин алмашканы өзүнчө керемет. Чокусу асман тиреген, ак кар көк муз баскан тоолорго киндиктеш чоңойдум. Бала кезимде жаз келип, жаратылыш ойгонгон мезгил менен улуу кар жааган кышты өтө жакшы көрчүмүн. Жаз аты айтып тургандай эле керемет учур. Айланага түрдөп килем салган өңдүү кулпурат. Жаратылыштын кайра жаралуу дору башталат эмеспи. Кокту-колотто мал кайтарып, жылкы агытып желеге кулун байлап, кымыз уулап. Ышкын, кымыздык, бүлдүркөн терген учурлар өттү. Кышында көк муштум болгончо жылгаяк тээп, кийимимдин баарын суу кылып жетип келчүмүн. Ошондо да апам катуу айтчу эмес. Апам дээринен жумшак киши.
— Кайсыл сапатын баалайсыз?
— Апам өтө тазалыкты сүйгөн, мээнеткеч, жаны тынып олтурбаган, ушак айыңды жактырбаган сапатка ээ.
— Ушакты «сүйбөгөн» аялзаты болбосо керек?
— Учурда ушакты, саясатты сүйбөгөн аялзаты чындыгында аз. А бирок менин апам негедир ушак сүйлөгөндү жактырбайт. Саясатка болсо өмүрү аралашпайт. Кыскасы, уюлгутуп ушак айтпаган өз дүйнөсү менен алек болгон. Беш балага татыктуу тарбия берген алтындай апакем бар менин.
— Мектепте кандай окуучулардын катарында турар элеңиз?
— Апам, жумшак киши болгону менен атам тескерисинче тартипти катуу кармаган инсан. Атам, өмүр бою мугалимдик кесипти аркалап, канчалаган улан-кыздарды билим уясынан учурду. Учурда ак эмгегинин үзүрүн көрүп ардактуу эс алууда. Атам мугалим болгону үчүн, уятка калтырбайын деп жакшы окууга тырыштым. Коомдук иштерден калбай катыштым. Ата-энемдин окуучулук кезимде түптүгөн фундаменти мени элдин уулу болуп, элдин керегине жарашыма багыт берди десем жаңылбайм.
— Апаңызга алгачкы берген белегиңиз эсиңизде калганбы?
-Албетте. Мектептин башталгыч классында окуп жүргөн кезимде, 8-март майрамына карата апама кагаздан өз колум менен гүл жасап келип бергеним эсимде. Мектептен жасаган гүлүмдү көтөрүп алып келе жатам. Толкундаганымды айтпа, улам көтөргөн күлүмдү эрдемсий карап коём. Үйгө келип, мугалимдин үйрөтүүсү боюнча калоо тилек айтып, жасалма гүлүмдү тапшыргам. Эс тартып, өзүм акча тапкандан бери апам каалаган белекти алып берүүгө тырышам. Айрыкча чет өлкөгө чыкканда ата-энеме белек алып келүүнү адатка айланткам.
— Апаңыздагы кайсыл сапат сизде камтылган?
— Жогоруда айтпадымбы, апам жоош анан тазалыкты сүйөт деп. Менда апама окшоп тазалыкты жактырам. Апамдын ушул сапаты мага өтсө керек.
— Эркек балдар үй-бүлө күткөн соң, апасы экинчи планда калат дешет, сиздин оюңузчу?
— Эми ар кимдин жашоосу ар түркүн тагдырды камтыйт эмеспи, апа экинчи планда калат десе кээ бирөө башкача түшүнөт.
— Сизде апаңыз канчанчы планда?
— Менде план жок. Апамдын орду жашоомдо эң жогору. Келинчегимдин балдарымдын апасы, менин жубайым катары орду бөлөк.
— Жеңе бул сөздүрүңүзгө таарынбайбы?
— Эмнеге таарынмак эле. Жубайым өз ордун билген инсан. Апам, келиндердин урматына татыган инсан экенине сыймыктанам.
Альбина Шадыбекова
Булак:BULUT.KG