Эл өкүлү эл менен жолугушту
01.07.2019Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жылдан жылга социалдык мекемелердин саны көбөйүүдө. Быйылкы региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында райондо жалпы 5 бала бакчаны куруу пландалган. Мындагылардын ичинен бүгүн 30-июнунда 2 бала бакчанын капсуласын Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров, район акими Айбек Бегимкулов жана жергиликтүү тургундар салышты.
Алгач келечек ээлерине болгон 100 орунга ылайыкташкан имарат, Кеңеш айыл аймагындагы Совет айылына капсула салуу менен башталды. Бул айылда жалпы 12 миңден ашуун калк жашайт. Бирок бала бакчанын жетишсиздиги бир топ жылдардан бери көйгөй жаратып келген. Анткени көпчүлүк үй-бүлөөлөр балдарын башка айылдардагы бакчаларга алып барууга туура келген. Андыктан маселени оң тарапка чечүү үчүн карапайым калк жергиликтүү бийликке кайрылуу жолдоп, натыйжасында 2 мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн курулуш иши башталды.
Айылдагы 100 орундуу бакча республикалык бюджеттин эсебинен. Ага жалпы сметалык баасы 35 миллион 179 миң сомго тендер жарыяланган. Андан ОсОО СПП «Ошкоопкурулуш» компаниясы 24 миллион 272 миң сомго уткан. Бүгүнкү күндө жогорудагы каражаттын эсебинин 8 млн сому бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, Кеңеш айыл аймагында 33 миңден ашуун калк жашайт. Аймакта 14 мектеп, 5 бала-бакча бар.
Эл менен жолугушкан Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабировго карапайым калк да өз ыраазычылыктарын билдиришти. Себеби райондун аймагында салынып жаткан социалдык обьектилердин курулушуна эл өкүлүнүн салымы чоң экендиги жолугушууда белгиленди.
Мына ушундай бала бакчанын капсуласын салуу иш чарасы Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылында да болуп өттү. Жергиликтүү тургундардын айтымында бул айылда бакча көйгөйү бар.
«Биздин айылда ушул мезгилге чейин типтүү бакчанын тартыштыгы бар. Биз бир үйдү ижарага алып, балдарыбызды ошол жерге берип келебиз. Ал биздин айылдагы балдарды толук камсыздай албайт. Ошондуктан коңшу айылдарга атайын автоунаа жалдап, алып барабыз. Бала бакчанын курулуп башталганы бизди кубантууда. Менин 3 неберем бар. Алардын бирөөсү гана бакчага барат. Калганы үйдө болушат. Бул маселе менде гана жаралган жок», — деди айыл тургуну Мавлюда Сатыбалдиева.
Эскерте кетсек, Базар-Коргон районунда 65 мектеп, 37 бала бакча бар. Мындан сырткары 5 бакчанын курулушу журуп жатат. Ушул жылга мындагылырдын экөөсү пайдаланууга берилерин тийиштүү адистер ырасташты. Райондун аймагында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 4 миңге чукул наристелер тарбияланат.









Булак: Bulut.kg