Эл өкүлдөн элге жардам
22.03.2020Таажы вирусу жыл жаңыргандан баштап, дүйнө жүзүнө бүлүк салып, апаат келтирип канча адамдын жанын алганы, көп өлкөнү убайымга салганы жашыруун эмес. Жакында биздин өлкөгө да чакыруусуз кирип келди. Көрсө таажы деп аты айтып тургандай эле тажаал вирус улутка, динге жаш куракка бөлбөйт тура.
Таажы вирус өлкөбүзгө баш баккандан баштап, Сузак, Ноокат, Баткен райондорундагы таажы вируска кабылган жарандарыбызга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп жатат. Ооруган атуулдарыбызга колдоо көрсөткөндөргө рахмат айткандан башка кебибиз жок.
Бүгүн Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун жашоочуларына Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков тарабынан 3000 даана бет кап жана анти санитариялык каражаттар Базар-Коргон районунун администрациясында түзүлгөн штапка жеткирилгенин ишенимдүү булактардан билдик. Ал эми А. Алтынбеков менен байланыша алган жокпуз.
Оорунун алдын алып, ар ыктамалга каршы жиберилген жардамдар район тургундарына бекер таратылмакчы. Ар убак жердештеринен жардамын аябаган Айбек Алтынбековичке ыраазылык!
Булак: Bulut. kg