Эльвира Сурабалдиева: «Кабинеттерде уяты жок паракорлордун аты-жөнүн элге билдириш керек»
27.05.2019Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева айрым депутаттарды лобби кылып жеке ишкерлердин карыздарын жокко чыгаруу тууралуу мыйзам киргенин айтып чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн интернет баракчасына жазып чыкты.
Сурабалдиева бул маселе тууралуу:
“Биздин жарандарыбыз кредит алып, кайрып беришпесе — банктар акыркы үй-жайын тартып алышат. Ал эми олчойгон карызы бар компаниялардын бети жоктугуна таң калбай деле калдым окшойт. Тизмени карасаңыздар — мамлекет аркылуу карыздарынан кутулгусу келип, айрым депутаттарды лобби кылып өкмөттүн жардамы менен 2 миллиард (!) сом карызды жокко чыгарабыз деп парламентке мыйзам киргизишти. Биздин мамлекет качан коррупционерлерден кутулат? Ушинтип сүйлөшүп алып жаман иштерин элдин аркасы менен чечкендерди жоготпосок — Кыргызстан байыбайт. Микрофондо кооз сүйлөп, кабинеттерде уяты жок паракорлордун аты-жөнүн элге билдириш керек. Качан оңолобуз?”,-деп суроо салып өз пикирип 2 тилде жазды.
Депутаттын бул сөздөрү анын окурмандарынын кыжырына тийип алардын басымдуу бөлүгү эл өкүлдөрүн катуу сынга алууга өтүштү.
Эльвира Сурабалдиева бөлүшкөн сүрөттөрдөн жеке компаниялардын тизмесин жана канча карыз экендигин толук көрүүгө болот.
Булак:barometr.kg