Элиза Кушбакова Ырчы, алып баруучу:

Элиза Кушбакова Ырчы, алып баруучу:

17.06.2021 Выкл. Автор bulut.kg

“Апамдын “бурама конфеттерин”  көп  жедим” 

Элиза, маегибизди эң оболу эне мээрими, эне сүйүүсү, эне жүрөгү  тууралуу кеп кылуудан баштасак

–Менин апам Аттокурова Гүлжамал өзүбүздүн эле айылдын кызы. “Жакшы кыз жатка кетпейт” болуп, айылдашы атама турмушка чыккан.  Сулуу, чачы бою менен барабар болгон ажарлуу, жакшы окуган акылдуу кыздардын бири болгон деп сүрөттөшөт.  Таятам мектепте директор, апасы завуч болуп иштеп, өзүнөн кичүү жигит апама ашык болуп, сүйлөшүп турмуш курушкан экен. Атам менен апамдын сүйүүсүнөн жаралган бизге окшогон өнөрлүү, шыктуу уул-кыздар төрөлгөнбүз. Апамдын кесиби медик. Биздин балалык кезибиздин көпчүлүгү жайлоодо өткөн. Атам жылкычы болгон. Күн менен эненин мээримин өлчөп болбойт экен. Ошол сыңары энебиздин мээримине балкып чоңойдук, азыр эми неберелерине мээримин төгүп турган чагы.

 Апам кезинде айылдагы эң алдыңкы, эң мыкты келиндердин бири болуптур. Улуулар Гүлжамал укмуш тың келин деп айтып калышат. Жайлоодо  уй саап, курут, майын жасап,  иштин майын чыгарган кайраттуу аял  экенин, кара жумушту катыра жасаганына суктанышчу экен. Чоң апаларым, эжелерим, абаларым Гүлжамалдын тамагы таттуу болот, колу ширин деп мактап, тамшанып жешет. Айрыкча жармасын тамшанып ичишет. Мантыны укмуш даамдуу жасайсың дешет. Атам кичүү бала болгондуктан көпчүлүк туугандар биздин үйгө келишчү. Апам абдан меймандос, колу ачык, берекелүү аял.

–Апаңызга кандай мүнөздөмө бересиз?

–Апамдын мүнөзү жумшак, атабыз менен апабыз аркылуу сүйлөшө алчубуз. Атам тартипке бекем адам болгон үчүн маңдайына отуруп чай ичүү да оор болчу. Апам атаң урушат деп тарбиялачу. Кой, атаңдан сура деп айтчу. Атабыз менен биздин ортобузда апам алтын көпүрө болчу. Азыр неберелүү болуп, бактылуу таяне, чоң эне аталып, төрүбүздүн көркү болуп турган чагы. Тилекке каршы,  атабыз бир аз эрте кетти, жакшы инсан эле, жакшы адамдар Кудай Таалага  эртерээк керек болот экен деп айла жок өзүбүздү сооротуп калдык. Эми маңдайыбызда апабыз аман болсун.

–Тентектик кылып «бурама конфет» жедиңиз беле?

–Ооба, “бурама конфет” жедирип, тарбияга чакырган учурлары болду. Апамдын  “бурама конфеттеринин”  эң көбүн мен жедим, ага өзүм күнөлүүмүн. Бир туугандардан эң шогу, жумушту көп кылганы, келтекти көп жегени да  мен болгом. Үстүңкү текчеге таттууларды, конфеттерди катып койчу, ага жол таап чыгып  жеп койчумун, анан апам  “жанагы кызыл чычкан жеп койгон турбайбы” деп  жемелечү.

–Кантип урушчу эле?

–Бардык эле апаларыбыз ачууланганда “азыр мен барайын, менден келтек жейсиң”, колуна чыбык кармап алып “бери бас, бери кел, атаң чакырып жатат» деп шыйракка чыбык менен чапкан учурлары болот эле. Жаман сөз сүйлөбөйт эле, эң катуу эле сөзү атаңа айтам дегени болчу. Көзүңдү оём деген сөзүнөн  оюп жатканын элестетип коркчубуз.

–Апаңызды  кайсы ишиңиз же ийгилигиниз менен сыймыктанта алдыңыз?

–Апамды биринчи турмушка чыгып, балалуу болуп, эне болуп, турмуштагы жолум менен кубанта алдым. Андан кийин маданият  тармагында элдин жакшылыгында кызмат кылгандыгым, өнөр жолунда жүргөндүгүм апамды сыймыктандырат. “Сенин ушундай таланттуу кызың бар” деп сөз болуп калган жерде сүйүнүп жүзүндө жылмаюу байкалат.

–Апаңызга азыр да эркелейсизби?

–Апамды майрамда  куттуктаганда «апа, майрамыңыз менен, узак жашаңыз» деп сүйлөп жатып кубанычтан көз жашымды тыя албай кетем. “Айланып кетейиним, садага болоюнум”  дегенде ансайын элжиреп, эркелейм. Кайра менден өтүп мени куттуктап калат. Апамды сагынганда өзү жалгыз ойлонуп отурганын эстейм. Апам менен сүйлөшкөн сайын жеңилдеп, өзүмө күч-кубат, айтып бүткүс энергия алам.

Ж.Маматбаева

BUIUT.KG