Элиза Кушбакова: “КАРА ПИАР ЖАСОО КӨҢҮЛҮМӨ ТУУРА КЕЛБЕЙТ!”

Элиза Кушбакова: “КАРА ПИАР ЖАСОО КӨҢҮЛҮМӨ ТУУРА КЕЛБЕЙТ!”

08.01.2021 Выкл. Автор bulut.kg

Тамада, алып баруучу, ырчы айым, балдарынын ардактуу асыл энеси Элиза Кушбакова менен эт бышып убакыт маектештик. Эмесе, алдыдагы кызыктуу макалага көңүлүңүздү бурабыз!

      —     Арыбаңыз Элиза айым! А дегенде эле маегибизди чыгармачылыктан баштасак… Не жаңылык?!.

—      Бар болуңуз! Чыгармачылыгым кудайга шүгүр, өз жайында. Той-топур, майрам-кечелер чыгып калганда алып барып, ырдап коюп жүрөм. Жаңы ырларды жаздыруу менен алекмин.

—      Бийчилик менен да алектенериңизди эшиттим эле…

—      Укканыңыз чын, “Эл бий” бийчилер тобун түзүп, жетектеп келем. Элибиздин жакшылыгында жана ар кандай иш-чараларда өнөрүбүздү көрсөтүп, бийибизди тартуулап келебиз.

— Чыгармачылыгыңызга үй-бүлөдө эч ким каршы болбойбу? Өнөр казанына кантип түшүп калгансыз?

—      Жалал-Абад шаарындагы Тош-Кутчу айылында туулуп өсүп, ошол жактан орто мектепти аяктадым. Андан соң Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика факультетине тапшырып, жогорку билимге ээ болуп, ошол жакта эле жайгашкан орто мектептерде физика мугалими болуп эмгектенип жүрдүм.

Бала чагымдан тарта ырчы, алып баруучу болууну кыялданып келгем. Мектеп курагымда ар кандай ийримдерге, сынактарга катышып алдыңкы орундарды камсыз кылып жүрчүмүн. Убагында үйдөгүлөр “мугалим бол же башка кесипти танда” деп ырчы болушума абдан каршы болушкан. Көөдөндөгү көксөп жүргөн өнөр тынч койбойт экен. Мугалим болуп иштеп жүргөнүмдө ар кандай иш-чараларга катышып, алып баруучу болуп жүрдүм. Кийинчерээк тойлорго да чыга баштадым. Учурда ырчылык менен тамадалыктын тизгинин бирдей бекем кармап келем.

—      Жакшы экен, учурда репертуарыңызда канча ыр, клибиңиз бар?

—      Азыркы учурда репертуарымда 5-6 ырым бар. Анын үчөөнө клип тарттыргам.

—      Кара пиарга кандай карайсыз? Болочокто же буга чейин колдонуп көргөнсүзбү?

—      Кайсарланып, калжаңдап кара пиар жасоо көңүлүмө туура келбейт! Өтө таанылып кетпесем да, өз абийирим менен жүргөнүм жакшы. Элге жакшы жагым менен гана таанылгым келет. Өтө ачык, кыска кийимдерди да таптакыр кийбейм. Өзүбүздүн баа жеткис улуттук кийим-кечебиз турган соң ачылган-чачылган кийимди издеп таап же атайын буйрутма берип тиктирип кийбейм.

—      Эми чыгармачылыктан алыстап, балалыктын элеси калган көчөлөрдү эске салсак…

—      Бала чагымда өтө шок, тентек кыз болчумун. Мектептен келе жаткан өзүм теңдүү балдарды тосуп алып уруп-согуп, анча-мынча акчаларын алып койчумун.  Кээде андагы жоруктарымды эстеп күлүп алам. Бир нерсени сатып соодагер болгонго уста элем. Ата-энем жайлоого чыгып курут, май алып келе турган. Апамдын кой дегенине болбой кесеге куруттарды салып алып, көчө аралап сатып келчүмүн.

—      А азыр бой жетип, жакшы адамга суйкайган сулуу колукту болуп, жыл өтүп эне статусуна арзыган экенсиз. Чакан мамлекетиңиз туурасында кеп козгобойлубу?

—      Эки уул, бир кыздын энесимин. Үй-бүлөм чыгармачылыгыма каршы эмес.

—      Сыр болбосо маегибиздин соңунда алдыга койгон пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз…

—      Тирүү жан болгон соң алдыга зор максаттарды коюп, анын аткарылышын тилек кылат экенсиң. Башкы максатым музыкалык билимге ээ болуу. Мындан тышкары жакынкы пландарымдан айта кетсем, башта айтып кеткендей жакшы ыр жаздырып, клип тарттыруу.

Булак: BULUT. KG