Элизанын үстүнөн дагы бир арыз жазылды
14.10.2021Пирамида уюштуруп чуулу окуяга кабылган Элиза Бактыбек кызынын үстүнөн дагы бир арыз жазылды. Бул тууралуу AibekNur.kg маалымат порталы жазып чыкты.
Эске сала кетсек, буга чейин 27-июлда «Элиза үй буюмдарынын» өкүлдөрү 24 жаштагы Элиза Бактыбек кызы жана анын 27 жаштагы М.О. аттуу жолдошу 15 күнгө алдамчылыкка шектелип СИЗО-1ге кармалганы маалымдалган.
Ал эми 5-август күнү аты аталган Элиза Бактыбек кызы эркиндикке чыккан болчу. Ал кармалганда анын тарапташтары 7 айлык боюнда бар экенин негиз кылып, митингге чыгышкан. Эркиндикке чыгарылган Элиза алган акчаларын кайрып бере турганын убадалаган болчу.
Кийинчерээк элди Аска-Ташка чакырып, жүздөгөн адамдарга 70 % акчасын кайтарып берген. 70 %ын кайтарып алган адамдардын көпчүлүгү нааразы болуп чыгышкан.
Ага чейин «Алган чектериңерди алып келгиле, ошонун негизинде алган акчаларды кайрып беребиз. Азыр эсептерибиз блоктолуп турат, бираз убакыт бергиле. Силер кайра арыз жазсаңар мени кайра камап коюшат» деп элди тынчтандырып, сооротуп келген.
Белгилей кетсек, буга чейин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Э. аттуу аял алдамчылык жолу менен анын ишенимине кирип, «Элиза үй буюмдары» тобундагы абоненттик номерлердин акчасын көбөйтүп берүүнү айтып, акча каражатын алганын жазган. Ошондой эле «Элиза үй буюмдарынын» өкүлдөрү каржы пирамидасынын уюштуруучулары болуп саналганы белгилүү болгон. Бул факты Свердлов РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүп баштаган.
Мындан эки апта мурун Элиза Бактыбек кызынын үстүнөн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазылган. Анткен менен Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы жазылган арызга азырынча жооп бере элек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Шектүүнүн кылмыш иш-аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефондорго кабарлашыңыздарды суранабыз: 0553 08-75-57, 0701 00-61-06, 0706 51-51-54, же нөөмөттө. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүмү 0312 43-32-75