Экс-мэрлердин абактагы мөөнөтү узартылды
09.09.2019Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун
абактагы мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узартты. Ошентип бийлик эки мэрди камап коюп, дээрлик бир жарым жылдан бери күнөөсүн далилдей албай чайналды. Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат. Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштуүугүндөгу беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Булак: Фабула