Ысык-Көлдө “Алтын кум – 2019” аттуу фестиваль өтөт
17.07.2019Ысык-Көлдө экотуризмди өнүктүрүү максатында “Алтын кум – 2019” аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 28-июль күнү өтүп анын алкагында кыргыз күрөш, кум үстүндө волейбол, футбол жана шахмат боюнча мелдештер уюштурулат. Фестивалдын максаты – экотуризмди өнүктүрүү жана жаштарды маданиятка, спортко кызыктыруу болуп саналат.
Бул фестиваль “Тосор коому” коомдук бирикмеси тарабынан үчүнчү ирет өтүп жатканын уюштуруучулар кабарлашат.
Булак: zobolo.kg