Ырчы Мээрим Карыпова: “Атамандыкты талашкан күндөр болду”

Ырчы Мээрим Карыпова: “Атамандыкты талашкан күндөр болду”

22.04.2019 Выкл. Автор bulut.kg
  • Чыгармачылыкка кандайча аралашып
    калдыңыз?
  • Өнөр жолуна колума комуз кармап,
    салттуу, элдик ырларды, дастандарды
    аткарып, он жашымда түштүм. Ошол кезде
    Кыргыз Республикасынын Эл артисти Роза
    Аманова эжекем менен таанышып, устат-
    шакирт катары жүрүп калдык. Азыркы кезге
    чейин чогуу жүрөбүз. Ал эжекемдин артынан
    көптөгөн Эстебес Турсуналиев, Асек
    Жумабаев өңдүү бир катар залкар инсандар
    менен таанышып, батасын алып, татыктуу
    тарбия, үлгү алалдым.
    О-уу, устаттарды ээрчип, жер-жерлерди
    кыдырып, далай ирет гастролдогон кызыктуу
    күндөр баштан өттү. Бир гана Кыргызстанда
    эмес, чет жерлерге да көп ирет бардык. Буга
    мен абдан кубанам.
    Учурда Токтогул Сатылганов атындагы
    Кыргыз улуттук филармониясынын “Эл
    ырчысы Эстебес тобунда” ырчы, Бүбүсара
    Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик
    маданият жана искусство университетинде
    мугалим болуп эмгектенем. Чет жерлерге
    учурда чакыруулар көп болуп жатат. Бирок,
    бул жактагы ишимдин баарын таштап коюп,
    ал жака чыгып кете албай жатам. Жакында эле
    Түркияга мекендештерибиздин чакыруусу
    менен барып келдим. Нооруз майрамына
    карата Германияга Сыймык Бейшекеев
    менен бармак элем, бирок бул жактагы иштериме байланыштуу бара
    албасымды билдирдим. Негизи эле көп жерге барабыз. Башкалардай
    болуп улкунуп-жулкунуп көп “пиартетпейм”. Бирок, соңку учурда
    замандын талабына жараша ар бир нерсеңди бир көбүртүп-жабыртып,
    “пиартетип” турушуң керек окшойт деп ойлоп калдым.
  • Үй-бүлөңүздө өнөр адамдары барбы?
  • Аккан арыктан суу агат. Үй-бүлөбүздө атам коңур үндүү жан
    эле. Актёрлук чеберчилиги да бар болчу. Тилекке каршы жалгыз уул
    болуп, анын үстүнө заманы согуш мезгилине туш келип, көп нерседен
    айрылып, айылда калууга туура келиптир. Эгер чыгармачылыгы менен
    алек болгондо, кыргыз маданиятына зор салымын кошкон инсан
    болмок беле. Чоң аталарыбыз согуштан кайтпай калышкан. Атам
    атасынан үч жашынан калган экен. Ошол жашынан тарта турмуштун
    оор учурларын баштан өткөрүп, баарын жаштайынан көрдү. Атам
    баарыбызды окутуп, жогорку билим алуубузга бар күчүн жумшады.
    Ушунчалык кыйын киши эле.
    Мурун чоң энебиз “Мээрим чоң атасын тартты” деп кала турган.
    Көрсө, чоң атам, терме, санат, дастан, элдик ырларды ийнине жеткире
    аткарып, ырдаган ырчы, жамакчы киши болгон экен.
  • Балалык кез кандай өттү?
  • Эмнегедир ал кездерди эстесем эле күлүп алмай жайым
    бар… Балалыгым абдан кызыктуу күндөр менен коштолду. Азыр
    ал учурумду толкундоо менен эстейм… Жеткинчек курагым Чүй
    өрөөнүнө караштуу Ак торпок айылында өттү. Ошол эле айылдагы
    Ленин атындагы орто мектебин аяктап, борбор калаабыздагы Калый
    Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында салттык
    музыка жана фольклор бөлүмүнө тапшырып, 7 жыл билим алдым.
    Окууну аяктаар менен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство
    жана Маданият университетине мугалим болуп кирип, ошондон бери
    үзүрлүү эмгектенип келем.
    Окуучулук кезде мүнөзүм өтө олуттуу эле. Эсте калган бир окуяны
    айтып берейин… Көп сүйлөбөсөм, классташтарым өтө жоош кыз деп
    ойлоп жүрө беришсе керек да. Азыр кандай экенин билбейм, ал учурда
    атамандык деген нерсе укмуш эле. Атамандыкты аябай талашчубуз.
    Ылдыйкы айыл, өйдөкү айыл деп да бөлүнчүбүз. Мугалим агай,
    эжекенин кызы биринчи атаман болсо, экинчи, үчүнчү атаман жок эле.
    Бир кыз катуу кыжырымды келтирип, тийише берди. Урушасыңбы
    дегенинде, “Урушам, эмнеге урушпайт экенмин?!!” деп аны менен
    күч сынашмай болуп, доскага чыктым. Балдар бизди айгай сала
    сүрөп, тегеректеп туруп калышты. Эркектер муштум менен урушса,
    кыздар чачтан алып, беттен алып урушат эмеспи. Чачымдан катуу
    тартып жибергени үчүн, баягы кыздын бетин апчып, жулуп алсам,
    тырмагымдын изи калып калды. Ал ыйлап, мугалим келип калып,
    мени катуу урушкан. Ушуга ал жеткирип, аягында мен күнөөлүү
    болуп калганым үчүн мугалимиме ичимен көпкө чейин таарынып
    жүрдүм. Жооштон жоон чыгат дейт. Баары жоош деп ачуума тийе
    беришкенинен, жоош деген момундай болот деп көргөзүп койгом.
    Ошол кездерди азыр эстеп, күлүп алам.
  • Атаман болгон экенсиз да. Чыгармачылыгынызга ким
    спонсорлук кылып жатат?
  • Клибимди тартып, ырларымды жаздырып берген эч кандай
    спонсорум жок. Менин колдоочуларым – үй-бүлөм. Жолдошум
    бар-жогубузду белендеп турат. Ал эми мен өзүм тапкан акчаны
    чыгармачылыкка эле салам.
  • Репертуарыңызда канча ыр, канча клибиңиз бар?
  • Репертуарымда ырлар өтө көп. Санаган эмесмин. Санат, насыят,
    терме, дастандарды, элдик ырларды жана эстрадалык чыгармаларды
    аткарып келем. Эки альбомдой ырым бар. Клиптерим деле көп. Жылына
    2-3төн клип тартып жатам. Кудай буюрса, дагы көп чыгармаларды
    жаратабыз.
  • Салттуу ыр менен эстрадалык ырдын айырмасы эмнеде?
  • Салттык ыр менен эстрадалык ырдын айырмасы асман менен
    жердей. Салттуу ар бир ыр ар башкача өзгөчөлүк менен ырдалат.
    Аты айтып тургандай, салттуулук сакталышы керек. Ар бир эле адам
    мындай чыгармаларды аткара албайт. Билесизби, бүгүн алдым, эртең
    ырдап чыгып коём деген нерсе абдан туура эмес. Мындай ырларды
    аткарган айрым эстрада ырчыларына абдан капа болуп, көңүлүм
    ооруйт. Себеби, аны кичине бузса да эчтеке эмес, аябай бузуп,
    ырдын тамтыгын кетирип, ашмалтайын чыгарып коюп жатышпайбы.
    Автордун укугун эске да алып коюшпайт. Автордун аткаруусундагы
    же элге жеткиликтүү аткарган ырчылардын үн жазмаларын угуп, катуу
    изденип, анан эл алдына алып чыкса деген изги тилек.
  • Кубанган жана кайгырган учуруңуз?
  • Ар бир таңдын атканы, күн нурун көргөнүбүз, жарык дүйнөдө
    жашап жүргөнүбүздүн өзү эле бакыт. Ушул себептен өзүмдү бактылуу
    сезем. Кудайым ден-соолуктан айрыбасын.
    Ал эми мени кайгырткан нерсе, ата-энемдин балдарынын
    жакшылыктарына күбө болбой кете беришкени. Кудайдын жазганы
    экен, аларга абдан ыраазымын. Эгер алар бар болсо, таазим этмекмин.
  • Кимдин татынакай келинчеги болдуңуз экен?
  • Жолдошум мамлекеттик аскер кызматкери.
    Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара Талаа айылына келин
    болуп түшкөнүмө 15 жылдын жүзү болду. Экинчи курста окуп жүргөн
    кезимде, тактап айтканда 19 жашымда турмушка чыктым. Бир уул,
    бир кызыбыз бар. Учурда уулубуз калаадагы мектептердин биринде
    8-класста окуса, кызыбыз 3-класста окуйт.
  • Жазды концерт менен баштапсыз…
  • Кудайга шүгүр, баары жакшы. Жаздын башталышы менен
    Ноорузду утурлай Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук
    филармониясында 22-23-март күндөрү “Сезимдеги ойлор” аттуу
    концертимди бердим. Концерттин коноктору болуп, “Эл ырчысы
    Эстебес” тобу, Роза Аманова, Элзар Өскөнбаева, Ишен Назаров,
    Курал Чокоев, Гүлзат Байзакова жана башка бир катар ырчылар,
    өнөр адамдары коштоду. 100 % жакшы маанай тартуулай алдым деген
    ишеничтемин.
    Учурдан пайдаланып, кыргыз элиме, сиздердин жамаатыңыздарга
    ыраазычылыгымды билдирип өткүм келет.