Ырчы Гүлнара Калдарова ак өргөлүү болду
22.08.2019Легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун экс-солисткасы ырчы Гүлнара Калдарова Бишкектеги жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдөн батир алды.
Ал үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашаарын, бирок Ош шаарына байма-бай барып турарын, жакында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батир алып, ичин оңдоп, үйгө кирип жашап жатканын белгилүү бир ММКга айткан. Анда:
“Ак өргөөлүү болгондо, адатта эшик-төрүн көрүп кетсин деп туугандарды үйүнө чакырышат эмеспи. Жакын туугандарыбыз келип кетишти. Азырынча той берүүнү пландай элекпиз. Балким той берип калабыз же үйгө эле чакырабыз», — деди.
Булак: zaman.kg