Ырчы Алмаз Шаадаев үйлүү болду
17.03.2019Ырчы Алмаз Шаадаев Бишкектин борбордук бөлүгүнөн 2 бөлмөлүү үй алды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
«Акыркы 2 жылдан бери үй алуу тууралуу ойлонуп жүргөм. Ага чейин ата-энем алып берген үйдө жашап жүрдүм. Бул ак өргөнү алыш үчүн бир жыл иштедим окшойт. Ички жасалгасы да жакты. Мен эч кандай оңдоп-түзөө иштерин кылган жокмун. Кожоюн болсо белек катары кээ бир буюмдарын таштап кетти. Ак жолтой жакшы адамдар болгондуктан ырымдап да алып калдым. Бүгүн бардык документтерди бүтүрүп, акчасын санап бердим. Эң башкысы үй өзүмө чакан, буюрса үйлөнүп, бир-эки балалуу болгончо ушул жакта жашап турам деген ниетте алдым», — дейт ал.
Булак: super.kg