Ырчы Айпери Кубик кызы уулдуу болду

Ырчы Айпери Кубик кызы экинчи ирет эне болду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

«13-мартта көз жардым. Уулубуздун атын кайнатам Райан деп койду. Учурда балам экөөбүздүн ден соолугубуз жакшы. Төрөтканадан бүгүн, 15-мартта үйүбүзгө чыгып келдик», — деп билдирди ырчы Айпери Кубик кызы.

Ырчы айым биринчи уулун 2015-жылы 5-августта жарык дүйнөгө алып келип, ага Даян аттуу ысым ыйгарган.

Булак: super.kg